Ырчы Азалия Египетте өтө турган сулуулук сынагына катышат

Ырчы Азалия Египетте өтө турган сулуулук сынагына катышат

17.03.2019 Выкл. Автор bulut.kg

«Кыз-бурак» тобунун экс-солисти, ырчы Азалия Египетте өтө турган «Miss Eco International» сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына айтып берди.

Маалым болгондой, сынак 13-мартта башталып, ага жалпысынан 56 өлкөнүн сулуулары катышат.

«Мен Бишкекте жаңы ачылган моделдик агенттик менен келишим түзүп, иштеше баштадым. Алар мага фото жана видеосъёмка боюнча колдоо көрсөтүшөт. Ал эми каржы маселеси өзүмдүн моюнумда. Негизи буга чейинки катышкан сынактан соң абдан эле көңүлүм калып калган болчу. Бирок көпкө ойлонуп, «Кыргыз өлкөсүнүн атын таанытууга аз да болсо салым кошо алсам, анда эмнеге катышпайм?» деген ой келди», — дейт ырчы.

Айта кетсек, Азалия буга чейин Малайзияда өткөн «Miss Cosmopolitan World» сулуулар сынагына катышып, тилекке каршы, байгелүү орунга илинбей калган. 

Булак: super.kg