Шайлоо шааниси
26.03.2019Шам офисине чакырылган ишенимдүү адамдардын жылуу пикирин угуп, көңүлү көтөрүлдү. Шайлоо жакындаган сайын улам бир талапкердин жол бошотуп чыга бериши Шамга болгон сый урматтын белгиси эмеспи. Ал келген адамдарды узатып коюп, столдо жайылып жаткан шайлоо округунун картасына үңүлө тиктеп, “тиш кайраган” айрым участокторду өзүнчө белгилеп жатты. Шайлоо деген шайлоо да. Канткен менен жооптуу иш. Андан калса Шам депутаттыкка алгачкы ирет аттанып олтурбайбы. Бул округдун шайлоочуларын “бал тили” менен багып келген “карт бөрү” талапкерлерден чочулоого негиз бар болчу. Ошондуктан Шам депутаттык мандат алуу бактысын сынап көрүү үчүн үгүт иштерин баштап, ири суммадагы акчасын элге чачуудан аягысы жок. Анткен менен аны шайлоочулары болочоктогу татыктуу эл өкүлү катары жакшы билишери күмөн эле. Алардын бир билгени — анын кримавторитет экендиги. Андан калса айрым оппоненттери аны кылмышкер катары аташып, ачык эле каралап келишет. Арийне, ал тагылган күнөөлөрдү четке кагып, ак экенин, жалган жалаанын гана курмандыгы болуп келгенин шардана кылганы бар. Чындыгында криминалдык чөйрөнүн авторитети депутаттыкка талапкер болушу шайлоо практикасында жаңылык эле. “Элдин көңүлүндөгү жат көрүнүштү акчанын күчү менен алас алдыра аламынбы”, деген тынчсыздануу Шамдын санаасында кыттай уюп турду. Ал ар бир ишти баштарда аяр, анан чечкиндүү кадам таштачу. Түпкүрдөгү кайнап жаткан ишеничи мүдөө-максатын курчутту. Төрт чарчы кенен залда ойлуу, диванга кыңкайды.
Кылмыш дүйнөсүнүн авторитети Шам, ал – Шаамир Төрөевич Жарашбаев шаардагы эң таасирдүү адам. Анын кол алдында иштеген ири завод, бир нече базарлардан түшкөн күнүмдүк кирешеси жүз миңдеген суммадан кем болбогонун аңыз кылгандар четтен табылат. Айтор, Шаамир Жарашбаев айда алтын, күндө күмүш тапкан чыгаан ишкер. Анан дагы шаардагы ишканалар, соода түйүндөрү, банктар, эс алуучу жайлар ай сайын Шамга “кол кесер” берип “колун кызытып” турушчу. Антпесе, алардын көрөр күнү түн, түнү муң болору турган иш эле. Шамдын Шаамир Төрөевич болгонуна аз эле болгон. Көп болсо эки жылдан ашты го. Ага чейин авторитет Шамды гана билишчү. Эки жылдан бери ири бизнесмен аталып, жыйындарда топ жарасөз сүйлөп, өз оюн өкмөткө таңуулап талапчылдыгы чанда кездешер инсан болуп чыга келди. Эң кызыгы, бийликтин бутагындагылар анын талабын колдоп – кубаттап, коштой жүргөнү көзгө өөн учурабай калды. Криминалдык дүйнөнүн авторитети ошентип, бийлик төбөлдөрүнүн арасында да кадыр-баркка ээ болуп баратканы адаттагы көрүнүшкө айланды. Ушундан улам колдогон кожосу күчтү инсан катары депутаттыкка аттанып жатпайбы.
Эдиктин эскертүүсү
Ага чейин депутаттын “колу” менен көп ишти бүтүрүүгө көзү жеткен Шам Эдикти чакырып оюн бөлүшүүнү эп көрдү. Анткени, Эдик эч кандай куулук-шумдугу жок, калыс сүйлөгөндүгү менен Шамдын ишеничине арзып келет. Саясатта болобу, экономикадабы көрөгөчтүк пикири бар үчүн чарба ишинин баарын ушунун колуна тапшырып койгону бекеринен эмес. Эгерде Эдиктен данектүү ой угуп, кубаттаса, Айданга азыр эле макул дешке даяр эле.
— Эдик, Ак үйдөн депутаттыкка кой деген сунуш түшүп атат… Кандай дейсиң?.. – деди Шам дасторкондо үйүлгөн жүзүмдөн ооз тийип. Мындай сунушту уккан Эдик чындыгында таң калбай коё алган жок. Бир эсе аны күтүүсүз ойго салды. “Сунуш түшүп жатат” дегени, “Мен депутат боломун” дегени да. “Нени көздөп жатат?” деди ичинен. Эдик Шамга ишеничсиз тигиле карап: —
— Мунуңду Банкир колдобойт го… Оболу ошо киши менен акылдашсаң болмок…- деди.
— Эмнеге колдобойт?!.- Шам адатта ар бир сөзүн шыр алдырбай колдоп келген досу бул жолу кесе каршы сүйлөгөнүн жактырбагандай үн катты.
— Аны менден жакшы билесиң да… Ворлордун мыйзамын кынтыксыз аткарган өкүл атаңа жакпай каласыңбы дейм да…
— Эдик, мени ворго короновать этебиз дешкенде баш тартканымдын жөнүн айтканмын учурунда. Армияда кызмат өтөгөм. Ант бербегенде башка кеп эле. Самозванец болгум келбейт. Ал менин кредом эмес. Муну Банкир бешке билет. Эми депутат болуу сунушу түшүп жаткан соң, жок дегеним туура эмес болуп калат го… Президент өзү колдоп жатса, анан…
— А сен, Президенттин колдоосуна муктажсыңбы, Шам?.. Ушул принцибиң аброюңа доо кетирип коёр бекен…- Эдик баягы эле калыстыгынан жазбай оюна келгенин айта салды.
— Эдик, депутат болсом, сот, прокурор, милийсаны Президент алдыма салып бергени турбайбы.- Шам сөөмөйү менен көктү көзөп, туталана сүйлөдү.
— Сот, прокурор деле криминалитеттин өзүнүн чегинде таза “оюн” көргөзгөнүн тымызын колдойт болуш керек. Азыр алардын көбү сени сыйлайт деп ойлоймун. Президенттин уулунун тентектигин токтотконуңда бизнесмендер эле эмес, бүт саясый элита сен жөнүндө не деген жакшы сөздөрдү таратышты.
— Муну менен эмне айткың келип турат, Эдик!… Сыйлашат да!.. Сыйлабай көрүшсүнчү!… –деп Шам шердене, бир эсе туталана бой керди.
— Шам, сен экөөбүз иштешип келатканыбызга жети жылдын жүзү болуп баратат. Ушул жылдардын аралыгында менин пикиримди сыйлап, угуп келгениңе төбөм көккө жете сүйүнөм. “Дос күйдүрүп айтат” дейт. Мен айтышым керек. Чечимди өзүң чыгар.
— Айта бер!…
— Депутат болуп калсаң жалган айтышка, убаданы аткарбай коюуга туура келет. А сен деген криминалдык чөйрөнүн жөнөкөй кишиси эмессиң да. Ворлордун мыйзамы убаданы аткарбай коюуга жол бербейт. Жазасы да катаал. Ошондо кайсыл мыйзам менен жашайсың?…
— Эки мыйзам менен тең жашайм. Эмне депутат болгон тарыхта бир эле мен бекенмин?! Керек болсо ворлор президенттикке коюп жатышат. Эдик кыска ойлобой, арканды алыс ташта. Депутат болсом, ишканалар дүркүрөп иштейт. Сөз укпаган милийса, сот камалат. Баары колдоп атса, ырыскыны чанайынбы!… Мен депутаттыкка барамын!.. — деди Шам чечкиндүү. Башка эч кандай сөз козголгон жок. Экөө алдына коюлган тамактан даам сызышып, үн-сөзсүз тарап кетишти.
Шам тунжурай көпкө чейин олтурду. Кандосундай көргөн Эдиктин айткандары менен эсептешпей коё албас эле. Жардамчысы Мараттын жандай олтурганын да сезген жок. Селт эте карап, “Келдиңби?” дегендей обдула, кайра ойго чөмүлдү. “Ушул чечим туурабы?… Чектен чыккан жокмунбу?…” деген ички собол абийир таразасында калчанып турду. Балким бул суроо башкалар үчүн бекер сөздүр. А Шамга тагдыр чечер түйүндүү маселе экенин тана албас эле. Этибарына албоону эп көргөнү менин басса-турса оюна бүлүк салганычы. Шам муну жеке купуя сыры катары сактагысы келди. Эч ким менен ой бөлүшкүсү келген жок. Өз чечиминин туура экенинен тайбасын дагы да бекемдеди. Ушул акыркы бүтүмү болчу. Ал эсине келгендей Маратты кунт коё тиктеп калды. Жардамчысы маанилүү кабар айтчуудай боюн түзөп:
— Шеф, Банкир жолуксун деп атат, — деди. Ал “Эмнеге?” деп сурап койбоду. Баары ага түшүнүктүү эле. Шам бу жарык дүйнөгө жаралганы атасына да, энесине да тил кайрып, каяша айтышы мүмкүн эле. Бирок, ал канчалык кеп жебес кежир болбосун карачечекей жалгыз эжеси менен Банкирдин айтканына эч качан “жок” дей албайт болчу. Эжеси балтыр эти ката элек кезинен ачка калса да арып — тозуп жоктун үстүндө, бардын астында тарбиялап ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп келсе, криминалдуу дүйнөнүн авторитети болууда Банкирдин эмгегин баалабай коюу кесирликке тете иш эле. Муну Шам жакшы билчү. Андан калса өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болор деп өзү тандаган өкүл атасы эмеспи. Банкир маанилүү иш болгондо гана чакырчу. Ал сөздүн төркүнүн түшүнүп турду. Банкирдин кайчы пикири бар экенин билгени менен өз оюн бергиси келбеди. Ушул жолу “жок” деп айтууга батынды. Акыркы бүтүмгө келгени ошол эле. Болжошкон жерге убагында барууну эп көрдү.
уландысы бар