Шаирбек Ташиев Максатым-Мекениме татыктуу кызмат кылуу
18.04.2020
«Эр жигиттин баркын көтөргөн марттыгы» деп бекер айтылбаса керек кыргыз элибизде. Бүгүнкү маектешим, ким жардам сурабасын жардам колун созгон мыкты мырза, камкор ата, ишенимдүү дос, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиев болмокчу.
- Шаирбек мырза, “Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген макалды кандай чечмелер элеңиз?
- Негизи ата-бабаларыбыздын ар бир айткан макалы турмушта кездешет. Бул макал менин пикиримде кыйыр түрүндө айтылган, адам үй-бүлөдө кандай турмушта бой жетсе, эр жеткенде ошонун натыйжасы билинет. Биринчи тарбия үйдөн башталат эмеспи, ата-эне балага күзгү. Ата-эненин берген тарбиясы, кийинки турмушка сенин жашооңдун ачкычы болот десем тура болот го.
- Сиз кандай үй-бүлөдө тарбияландыңыз?
Жөнөкөй карапайым үй-бүлөдө тарбия көрдүм. Ата-энем бизди, мээнетке үйрөттү. Колдо болгон нерсени, колунда жоктор менен бөлүшүүнү, жакшы санаалашыңды башына кыйын иш түшкөндө ара жолго калтырбоону, достукка бекемдикти. Эл-жер мекенди сүйүүнү, жетим жесирдин жашын себепкер болбой турган тарбияны биз үйдөн алдык.

— Балалык күндөрдөн бир үзүм эске салсаңыз…
— Негедир, атамдын кечинде сугатта жүргөнүн жактырчумун. Кээ күндөрү эрчип барчумун. Кең талаа, түнкү караңгылык колуна таш панарын көтөргөн атам экөөбүз. Улам бир арыктын суусун, колундагы таш панары менен эңкейе караган атам, ар бир арыкка суу бөлүштүрчү. Асмандагы алсыз жарык чачкан айдын шооласында сугат талаасындагы майда арыктарда агып жаткан суулар, жалт-жулт этип көзүмө укмуш көрүнөр эле. Мен арыктагы сууларга колумдагы талдан жасалган атымдын куйругун чапкылап ойногондон тажачу эмесмин. Үшүй түшсөм атам, тер жыттанган ак эмгеке жуурулушкан колдору менен бекем кучактачу. Атамдын дагы бир сапаты өтө жакчу, сугаттан келгенде башында кийген калпагынын четине тизилген бүлдүркөндөрдү бизге берчү, биз талаша маашырлана жечүбүз. Менин балалыгым ошондой, мээнеттен качпаган, ак эмгек менен нан таап бизди баккан ата-энемдин мээриминде өттү.
— Канча балага тарбия берүүдөсүз?
— Беш уул, бир кызым бар.
— Сиз да ата жолун жолдоп, жакшы тарбия берип жатсаңыз керек?
— Колдон келишинче, татыктуу тарбиялоого аракеттенүүдөмүн. Татыктуу, тарбиянын натыйжасын келечек көрсөтөт.
— Саясатка келүүдөгү максатыңыз?
— Менин максатым, мекениме татыктуу кызмат кылуу.
— Жөн жерден өрт чыкпайт дегендей, биздин саясатта сөзүнө турбагандар көбөйдү, кечээ айткан сөзүн бүгүн танып, актанар жообу “бул –саясатда!” дешет. Сиздин көз карашыңыз?
— Адам бул дүйнөдө жаралгандан эле ар кимдин кулк мүнөзү, жеке көз карашы кошо жаралат. Ошол сыңары эле, саясатчылардын деле көз-караштары, саясатка аралашуу жолдору, ыкмалары түрдүүчө. Кээ бирөөлөр саясатка аралашарда элге толгон токой убадаларды беришет, асман чапчыган убадалар ал жөн гана, ошол убада берип жаткан адамдын жеке кызыкчылыгы. Менин жеке пикиримде, бул туура эмес. Кайсыл тармак болбосун, адам өз ой пикирин, көз карашын туура тандоосу керек. Кандай күнгө кабылбайлы, адамдык асыл сапаттардан алыстабаганыбыз дурус.
— Убадага бексизби?
— Убада берген соң, колумдан келишинче аткарууга тырышам.
— Саясат-бул сатып кетүүдөн түзүлөт деген көз караш калыптанып калгандай?…
— Саткындар бардык жерде бар. Саясат ачык күзгү сыяктуу, элдин баары көрүп турганы үчүн билип калабыз.
— Коомдук ишмер, меценат, саясатчы, мекенчил Камчыбек Ташиевдин бир тууганы экениңизди билебиз, ал кишиден кандай тарбия алдым деп ойлойсуз?
— Атамдан кийинки тарбияна агамдан алдым. Өтө боорукер, бирөөгө жардам бергенди жакшы көрөт. Ар жума сайын, бир мусапырды кубантканды (колунан келген жардамын берип) адатка айтанткан. Колунда жок, жардам сураган кишиге сөзсүз жардам бериш керек деген принцип менен жашайт. Биз. Канчалык көп кишиге жардам берсек, бизге кудай үч эсе кайтарат. Бул дүйнө сыноо дүйнө деп келет. Мен негизи агамды көрүп түздөнөм.
— Бирок, агаңызды ишенчээк ошондуктан көп учурда алданат дешет…
— Алдап эл алдында бетине кара көө жабылганча, алданып эл менен бирге болгон жакшы деп ойлойм.
— Өзүңүздү кандай мырзамын деп ойлойсуз?
— Мени билгендер айтып берсе жакшы болор…
Булак: BULUT.KG