Шаирбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Сүйлөгөн сөзү менен жасаган иши дал келген депутат болсом дейм”
04.08.2023Элим-жерим дегенде ичкен ашын жерге койгон мекенчил, айткан сөзүнүн өтөсүнө чыккан иш билги, достукка бекем, жардам сураган га жок дей албаган камкор, жетим-жесирге, мүмкүнчүлүгү чектелген мекендешине жардамга колун сунган, март инсан, аксакалдан бата алган элдин уулу Шаирбек Кыдыршаевич бизде конокто.
— Шаирбек мырза, чоң саясатка аттангандагы эң негизги максатыңызды айтуу менен бүгүнкү дил маекти баштасак…
— Жакшы болот. Өзүңүзгө белгилүү болгондой , Жогорку Кеңешке келгенге чейин мамлекеттик административдик кызматтарда, жеке ишкерликте, жергиликтүү кеңештин депутаты катары саясий багытта атуулдук милдетимди аркалап келдим. Ар бир чөйрө, ар бир кызмат өзүнчө тажрыйбанын тепкичи болот экен. Жалал-Абад шаардык кеңешине эки ирет депутат болуп шайланып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, жарандардын жашоо турмушун аз да болсо жеңилдетүү, ыңгайлуу шарттарды жаратуунун үстүнөн иштедик.
“Атага тең уул, атадан кем уул, атадан артык уул” деп айтып келишкен кыргыз элибиз. Сиз өзүңүздү кандай уул болдум деп эсептейсиз?
— Менин атам — мен үчүн өтө улук адам! Башым көккө жетип, ким болгон кезимде дагы атама жетишим кыйын. Себеп дегенде атам он бир баланы тарбиялап өстүрүп, бардыгын эрезеге жеткирип тууруна кондуруп койгон инсан. Учурда бир туугандарымдын улуулары чөбөрөлүү да болуп калышты. Эки ирет жаралсам да атамдай боло албасымды моюндайм. Эми так атамдын өзүндөй боло албасам да атамдын жолун жолдоп, атам аткарган жакшы иштердин изинде жакшы жөрөлгөлөрдү аткарууга тырышам. Атамдын көзү өтүп кеткен, азыркыга чейин жашаса, биздин жакшылыктарыбызды көрсө болмок деген жүрөк түпкүрүндө өкүнүч бар. Бул эми тагдыр экен деп кайра өзүмдү сооротом. Атам арабызда жок болгону менен менин жүрөгүмдө түбөлүк жашайт. Мээнеткеч, берешен атанын уулу экенимди билгендер кеп салышат, “жакшы атанын уулусуң” дешет. Мен ошол жакшы атанын, мыкты уулу деген атты татыктуу алып жүргүм келет.
— Бакыт менен байлыкты кандай түшүндүрөсүз...
— Байлык да болуш керек. Кудайым байлыкты берип койсо аны чанбаш керек. Аллах берип койгон байлыкка чиренбей, ошол эле учурда ал байлыкты эл менен бөлүшө билиш керек. Кудайым берип жаткан байлыктын Аллахтын бухгалтери болуп бөлүштүрүп бергенге насип этсин деп ойлойм. Бакыт — бул байлык менен же болбосо, бийлик менен ченелбейт! Бакыт — бул ар бир адамдын ички дүйнөсүнүн рахаттануусу. Ар адам жетишкендиктерге жетишип, үй-бүлөсү менен тынч жашап, өз үйүндө жегенге катуу наны гана болгонуна карабай бактылуу өмүр сүрүп, кошуналарга, айыл-апага кадыр-барктуу болсо — ошол бакыт! Ал эми бийликтин төбөсүндө отуруп акчасы толтура, бир эмес бир нече үй-бүлө күтүп, жашоосу ызы-чууга жык толгон адамдардын жашоосун бактылуу деп сүрөттөөгө болбойт. . Бакытты байлык менен эсептештин кереги жок. Менин жеке пикиримде, экөө эки башка болуп эсептелет, мен экөөнү бөлүп карайм.
— Жогорку Кеңеш менен шаардык кеңештин айрымасы же сизди таң калтырган нерселер…
— Мурун сыртынан билип, теледен көрүп биз сыймыктанып жүргөн ага-эжелерибиз менен чогуу иштешип жатканыма сыймыктанам. Андан сырткары өзүм менен чамалаш же кичүүлөр да бар. Алар эл-журтка ак кызмат кылам, керек болсо, башым менен жер казам деген жүрөгүндө оту бар, алдыга койгон максаттары, багыттары бар замандаштар. Ал эми айрымачылыкка келсек масштабдуу айрымачылык бар экен дегим келет, себеби, мурун шаардын деңгээлинде жарандар кайрылса, учурда республика боюнча маселелерди чечүүгө туура келет. Жогорку Кеңеште көп маселени тикелей жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экен.
Чынын айтайын, таң калтырган учурлар да бар, чоң саясатта мамилеге карабастан өз кызыкчылыгын көздөгөн окуялар көп болуп калат экен. Бул нерсе мен үчүн өөн: мен андай нерселерге көнбөйм, мага ал нерсе жакпайт. Себеп дегенде айткан убадасын аткара албай калып эле саясатка шылтабаш керек. Эркек киши айткан сөзүнө туруш керек. Кээде себеби болуп айткан сөздү аткара албай калган күн деле болот, андай абалда аткара албай калганда деле себебин ачык айтып, катачылык болсо аны моюндаш керек.
-Мен билгенден соопчулук иштерин жең ичинен жасайсыз, көпчүлүгү элге жарыя болбойт, себеби эмнеде…
-Көп эле суранычтарды канааттандарып келем же болбосо кээ бирөөлөрдүн үйүнө барып деле жардам берип жүрөм. Жасаган иштеримди көп эле жарыя кыла бергенди жактыра бербейм. Кээ бир учурда берген жардамыңызды жарыя кылып коёлу, сизди көрүп ушул адамга башка адамдар да жардам берсин деген мааниде жарыялашат. Кээ бирөөлөргө банк аркылуу тыйын салып өңү-түсүн көрбөй калган учурлар да кездешет. Ал эми кээ бирөө кылган жакшылыгыңа, берген акчаңа рахматын атайын келип айтып кетет. Андай учурда замандаштарга берип жаткан жардамым үчүн кубанып калам.
-Эгерде кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе сиз кайсыл кесиптин ээси болот элеңиз..
-Кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе, мен спортчу болмокмун.
-Себеп…
-Азыркы учурум деле жаман эмес, Кудайга шүгүр. Бала кезимде кыялданып, бирок шартка байланыштуу ишке ашпай калган кыялым футболист болууну ишке ашырмакмын деген күлүк ой ойгонуп кетти. Спортчу болоюн деген ойлорум бар эле, ошого жетпей калгам. Өзүм спортту жакшы көргөн үчүн спортчуларды көп колдоого тырышам.
А. Шадыбекова