Чек арачы Муминовго ыйгарылган «Эрдик» медалы жубайына тапшырылды

Чек арачы Муминовго ыйгарылган «Эрдик» медалы жубайына тапшырылды

23.12.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы талашта курман болгон аскер Равшан Муминовго ыйгарылган мамлекеттик «Эрдик» медалы анын жубайына тапшырылды.

23-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун жесири Мухайё Муминованы кабыл алды.

Мамлекет башчы Муминовага көңүл айтып, Равшан Муминов мекен чегин коргоо учурунда өз өмүрүн берип, баатырдык кылганын баса белгиледи.

Президент курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө мамлекет колдоо көрсөтүп турарын кошумчалап өттү.

Айта кетсек, кыргыз-тажик чек арасында 2019-жылдын 16-сентябрында болгон атышууда кыргызстандык чек арачы, 41 жаштагы Равшан Муминов окко учкан. Артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов Исфана шаарында жашаган.

Өкмөт Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алуу үчүн 2 млн. сом бөлгөн.