Чачтар үчүн маскалар
16.09.2019Чач аял затынын көркү экени талашсыз. Чачты сактоо үчүн маскаларды сунуштадык.
Кургак чачтарга маска.
Масканы жасоо үчүн, 1жумуртканын сарысы, 1кашык өсүмдүк майы, 1чай кашык бал, 1чай кашык хна, 1чай кашык хна керек. Бул кошулмаларды жакшылап аралаштырып, чачыңызга сыйпап, сыртынан полиэтилен баштыгы менен ороп, сүлгүнү эң сыртынан байлап койсоңуз жакшы жардам,берет. Арадан 30-40минут өткөн соң, шампундап таза жууп саласыз. Бул масканы айына эки жоолу жасап туру жетиштүү.
Майлуу чачтарга маска.
Баш жуурдун астында чачыңыздын түптөрүнө, айран шыбап алуу сунушталат. Айранды 20минутадан соң жууп салуу кажет.
Чач көп түшсө…
Эгерде чачыңыз адаттан көп түшсө…башты жууган соң, 1л сууга, 100гр тузду аралаштырып, аны чачтын түбүнө шыбаш керек. Он беш минутадан кийин, жөн эле сууга жууп саласыз. Эгер бул масканы күн сайын жасап турсаңыз, бир жумадан кийин чачтын түшкөнү дээрлик азайганын байкайсыз.
Булак: Bulut.kg