Хабиб Нурмагомедов Порье менен таймашта канча гонорар алаары айтылды
23.08.2019Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык таймаштын аралаш түрү боюнча мушкери Дастин Порье менен 7-сентябрда боло турган мелдеште канча гонорар алаары белгилүү болду. Орусиянын ЖМК мушкердин менеджери Ризван Магомедов сөзүнө таянып Хабиб Нурмагомедов бул мелдеште ири сумма алаарын жар салышты.
Ризван Магомедов «Бул мелдеште киреше Конор Макгрегор менен болгон таймашка караганда кичине көбүрөөк болот. Белгилей кетсем, бул мелдештеги шарттар ММА тарыхындагы эң мыктысы» деп айткан.
Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен Америкалык таймаштын аралаш түрү боюнча мушкери Дастин Порье таймашы 7-сентябрда Абу-Даби шаарында өтөт.
Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун эсеп куржунунда 27 мелдешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Дастин Порье 31 таймашка чыгып 25 жолу утушка ээ болгон. Анын 13дө нокаут жеңген.
Булак: zaman.kg