Валерий Кичин жаңы клуб менен келишим түздү

Валерий Кичин жаңы клуб менен келишим түздү

15.07.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу буга чейин «Енисей» клубунда ойноп келген.

Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Валерий Кичин Белоруссиянын «Динамо Минск» футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы Facebook баракчасына жарыялады.

Ал эми «Динамо Минск» футбол клубунун расмий сайтында келишим 13-июлда түзүлгөнү кабарланды.

Жакында эле немистердин белгилүү Transfermarkt.de басылмасы Кыргызстандын курама командасы бир нече эсе кымбаттаганын жазган. Алардын баасы боюнча эң кымбат оюнчу Валерий Кичин болгон. Эгер башка клубга өтсө 1,2 миллион евро болору белгиленген.

Булак:sputnik.kg