Фатима Абдалова, акын, журналист: “Ал мырза төгөрөгү төп келген татыктуу инсан”
21.08.2019Алтынай Нарбаева «Кат жазчы мага» деп обон созуп жатканда, ток ургандай жүрөк кургур селт этти. Негедир жан дүйнөмдү, кандайдыр бир жылуулук аралап, бир учурдагы унутта калган, өрт кечкен аруу махабат дайрасында ташкындагандай элес калтырды. Бул ыр мен үчүн жаралгандай, буюккан жан дүйнөм кандайдыр алыстарга закымдап, жалындуу жаштыкта жолуккан арзуумду эске салгандай, эзелки ээ жаа бербеген, кайталангыс сезимдердин сересине чакыргандай эргидим.
Качанкы, каректе катылып калган сезимдеримди ырга айлантып, менин гана дүйнөмдү түшүнгөндөй, мен айта албаган ойду айтып бере алган ким болду экен деген ойдун кучагынан суурула албай калдым.
Мындай керемет ыр саптар, кайсыл асылзаада пенденин калеминен жаралды деген ой мээмди эзе баштады. Жакшы ырды жантыгымдан жатып уккан жаным, “Кат жазчы мага” деген ыр менен чындыгында ооруп калдым. Ал тургай, негедир бул ырды жазган адамдын, ким экенин билгим келгени эле өзүнчө бир жомок. Сураштырып, айтылуу акын эжекебиз Фатима Абдалова экенин укканымда негедир эже жөнүндө жагымдуу пикир жазгым келди . Анда ошол асылзат акын эжекебиз менен болгон маекке көңүл бөлсөк.
— Эже, ыр дүйнөсүнөн эмне таптыңыз?
— Ыр дүйнөсүнөн, канчалаган досторду таптым, менин чыгармачылыгыма өбөк жөлөк болор, окурмандарды таптым. Кыскасы мен өзүмдүн адамдык ордумду таптым.
— Адам баласына сүйүү деген керемет нерсе келет экен. Сиз ошол сүйүүнүн бар экенине ишенесизби?
— Ишенем. Сүйүү сезими ар бир инсанга өмүрүнүн акырына чейин бир кайрылып өтүшү мүмкүн экени талашсыз. Сүйүү деген керемет сезимге кабылган адам дүйнөнү башкача көз караш менен карайт. Жашоо ал адамга кызыктуудай туюлат.
— Бал татым балалыктын кайрылгыс учурларын эске салсак?..
— Балалыгым түштүктүн пахтазарлуу өрөөнүндө өткөн. Эми бул балалык деген кайталангыс күндөрдү ичине камтыган, жакшы күндөрдү элестерди жашырган, ажайып дүйнө болот экен. Балалыгым өткөн айыл тоонун боорунан бир аз алыста эле. Жаз алды адырлардан-түздөрдөн терген байчечекейлердин кооздугун айтып бүтүш кыйын. Же бала болуп мага ошондой кооз туюлчу беле, же ал кездин байчечекейлери чынында эле керемет беле, кыскасы, сонун эле.
— Ыр жазууңузга эмне түрткү болгон?
— Ыр жазуума Кудайым ыроологон талантым түрткү берген. Жараткан тартуулаган кереметтүү ыр дүйнөгө баш багып калганыма абдан кубанам.
— Эже ыр китебиңизди барактап олтуруп, сүйүү саптарына күбө болдум. Сүйүү сезими келгенде ырлар жазылабы?
— Сен “Кыялдагы мырзага” деген ырымды окуп алып, ошентип ойлоп жатсаң керек. Кыялдагы мырзаны ар бир аял заты, өзү сүрөтүн чийип алат да. Ал мырза төгөрөгү төп келген, аял затын бөпөлөтүп, алаканына салган татыктуу инсан болот. Андай мырзаны, ар бир аялзаты кыялданса керек.
— “Кыялдагы мырзага” ырыңыз, чыныгы жашоодо ошол мырзаны табуу максатта жазылганбы?
— Мен ал ырда, эркектерге аялзаты кандай мырзаны кыялданаарын, кандай мырзаны татыктуу деп эсептээрин көрсөткүм келген.
— Алгачкы арзууга кабылганыңыз эсиңиздеби?
— Алгачкы арзууга кабылган эмесмин. Же бала болуп элес албай калсам керек да.
— Сизге сезим билдирген жигиттерди эстей албайсызбы?
— Сезим демекчи, 7-6-класс бекенбиз, бир классташым, 8-мартта байчечекей терип келип, колума карматып коюп эле жүгүрүп кетти. Көпкө чейин көзүмө көрүнбөй, жалтайлап жүрдү. Колума карматкан байчечекейи болсо кар алдынан жаңы үзүлгөндүгү билинип турду. Азыр акыл токтотуп калган кезде карап көрсөм, мага болгон алгачкы сезимин айта албай, гүл сунган экен.
— Кийин айтпадыбы?
— Жок. Ал учурда, азыркыдай улуу-кичүүнү көзгө илбеген заман эмес эле да. Сезимди аздектеген, сүйүүнүн күч кубатын сезген доор эле.
— Эркек менен аялдын сүйүүсүнүн айрымасы барбы?
— Бар. Болгондо да асман менен жердей. Аял киши чындап сүйсө ал адамдан жанын да аябайт. Керек болсо, жанынын жарымын берүүгө даяр. Ал эми эркектин сүйүүсү тескерисинче, ар бир сулуу аялзатын жактырышат. Сүйүүгө бир аз туруксуз келишет.
— Акын деген дүйнөнү сактап калуу, эсил кайран СССР деген улуу держава кулагандан кийин кыйын болгон жокпу?
— Акын деген аздек дүйнөнү сактап калуу эсил кайран СССР деген улуу держава кулагандан кийинки учурда аялзаты үчүн эмес, керек болсо, бакандай болгон эр азаматтарыбыздын да колунан келүүсү оңойго турбаган. Калем сап кармап жан дүйнөнүн ырахаты менен жашаган ыр жазуудан башка, алдым-жуттум колунан келбеген замандаштар кадимкидей буулугуп, кимден жардам сураарын билбей кайсалаган учурлар өткөн. Ал учурда замандын агымына көнө албай жан алакетке түшүп ачуу сууга алдыргандар да болгон.
Ошондой каатчылык учурда акын деген ыйык дүйнөнү көр пенделикке алдырбай сактап калуу аялзаты үчүн кыйын иш эле. Бирок аял – эне да, эне деген баарына чыдоого акылуу деп өзүмдү жоготпой, колумдан калемимди түшүрбөй, өткөөл мезгилден татыктуу өтүп кеттим.
— Кандай учурларда эргүү келет?
— Эми бул эргүү деген адамдан көз каранды эмес экен. Ар кандай учурда, ар түрдүү шартта келет тура.
— Рахмат маегиңизге! Калемиңиз колдон түшпөсүн!
Мына замандаш, жазган ар бир саптары, адамды кайдигер калтырбасын, айтпай коюунун өзү күнөө болсо керек. Эженин адамгерчилигинен тайбаганы эле не деген керемет!.. Сүйлөшө келсең, аялзатындагы асыл сапаттар камтылганын байкап, баа бердим.
Маектешкен Албина Шадыбекова
Булак: Bulut.kg