Фарага коюлган тузак
15.06.2019Фарага коюлган тузак
Фара Саперго байланышка чыгып, болжогон жерде күтүп туруусун айтып, өзү андан башка жол менен барарын билдирди. Кейпи кудум эле үй-жайсыз калган көчө таптаган жолбундун өзү. Жонунда таардан тигилген сумка. Анда бардык зарыл заттар катылган эле. Курулуштун жака белиндеги пластмасса каучук бөтөлкөлөрдү бирден терип, Фара өзүнө тааныш адамдын күзөтканасына жакындап баратты. Ал бул жайдын кароолчусу менен буга чейин эки-үч ирет жолугушуп, өң тааныш болуп калган эле. Кароолчуга атап көтөрө келген азык-оокатын да белендеп алган. Пайгамбар жашын арыткан, чукчуйган арык киши астейдил көз сала олтурду.
— Салам, байке, — деди Фара жасалма жылмайып.
— А келдиңби, иним?..- кароолчу күрс-күрс жөтөлө үн катты.
— Кечинде көп ичип коюптурмун… Ох байке, баш сынайын деп атат. Стаканыңыз барбы ичкенге, — деп бир бөтөлкө арак, анан лимонад алып чыкты. Лимонадында “иш” бар болчу. Кароолчунун даам таткан суусундугу ушул экенин жакшы билип калган. “Ачууга” жок эле. Фара каткан нандарды алдына коюп, стаканды толтура өзүнө алды да, тиги кишиге лимонад сунуп:
— Бир нерсе деп койбойсузбу? – деди.
— Эми мине дейин?.. — деп оор дем ала сөз улады күзөтчү. –Тепкен жерден тыйын чачырата турган, тоону томкорор жигит экенсиң. Анан ушинтип жүргөнүңө ичим чыкпай турат, -дегенде ал аны элейе тиктеп калды. Кароолчу анын тынчсыздана түшкөнүн этибарына алган жок. – Бу арак жакшы жолго алып барбайт, балам. Турмуштан өз жолуңду тапсаң экен. Ал, иним, — деп, өзү стакандагы лимонадды калтырбай ичип жиберди. Фара да суусагандай шыр алып, үнсүз үңкүйүп олтурду. Ал анын магдырап уйкуга кетишин аңдыганын кайдан билсин, кароолчу.
— Көңүлүңө алба, бирок… бирок минтип самтырап жүргөнүң сага жарашпайт. Эх, иним, ушунча да жеңил баа болосуңбу?!, — деп кароолчу Фаранын далысынан таптап, жаздыгына жамбаштай уйкуга алдырып баратты.
Фара көчөгө чыгып бир сыйра көз жүгүртүп, Сапердин машинасы дайындуу жерде турганын байкап, имаратты карай басты. Ал биринчи кабатка кирип, сумкасындагы курал-жарагын жана башка жабдыгын белендеп, чыкканда жана эле байкуштун кейпиндеги Фара заматта өңү серт ажал жарчысына айланды. Атайын белгиленген схема боюнча Фара бешинчи кабатка бет алды. Алдыда полковник Муталибов жайып койгон тор бар экенин түк элес албай баратты. Ал снайпердин дүрбүсү менен теребелди сыдыра карап, олигархтын офисине кадалды. Колундагы саатын чечип маңдайына коюп, узатасынан жатып, кылдат мээлейт. Тер баскан алаканына муздак жел үйлөп, тунарган кареги эс алганча көзүн жумуп мылтыктын кундагына башын жөлөйт. Кайра эле карек оту дүрбүдөн агылат. Жарым саат өтүп кетти. Китепканадан карааны көрүнсө жайлап салууга болор эле. Бирок, тез чуу чыгып дүрбөлөң түшүшү турган иш. Ал эми туалеттен бутага алса олигархтын артынан ким кирип жүрмөк эле. Анын жан таслим болгонун билгенче Фара кыйла жолду арбытып коёрун эбак эле эсептеп тактап койгон. Аңгычаң Фаранын жылдыздуу сааты келди. Дал өзү. Ал дүрбүдөн олигархты жазбай тааныды. Былк этпей турганы — анын бүткөнү. Так кара кушка мээлеп, заматта эки жолу ок чыгарды. Олигархтын теңселе жыгылганын көргөн Фара демин ичине тартып оор дем алды да, курушкан денесин керип жерге оонап жатты. Ал Сапердин соткасына телефон чалып, “Бүттү, минус бир”… Экинчи план боюнча” деп ордунан турганы жатканда “Кыймылдаба!” деген өкүм командага селт эте, төрт тарабынан мээлеп тиктеген спецназдын балдарын жалт карады. Фарага үн катканы кимдир бирөөгө байланышка чыгып:
— Жолдош полковник, операция ийгиликтү аяктады. Аббасовбу? Ал “жансоогалап” мында жатат… Жарайт, жолдош полковник,- деп көмкөрөсүнөн кыймылсыз жаткан Фаранын далысынан ныгыра тебелеп кекээрлүү жылмайды.
Кайдан-жайдан тергөөнүн оперативдүү тобу жетип келип, иликтөө жүргүзө баштаганда, “Капканга гана кабылган экенбиз” деди Фара ичинен. Баарын кылдат териштирип жазып, сүрөткө тартып алган соң, “Алып кеткиле муну” дегенде Фаранын кишен салынган колун кайрый кармап алып жөнөштү. Ал кабаттан түшүп баратып, шырп алдырбай жайлаган атайын топтун ишине кайыл боло илкий басты. Аны машинага түртүп түшүрө баштаганда Сапердин машинасын тинтишкени болбосо өзүн көрө албады. Бул жакшы жышаан эмес эле.
Олигархтын дооматы
Азамат Кеңешович эртеден берки түзүлгөн сценарий боюнча каргашалуу окуянын күбөсү болуп, дал каракушка өзүнүн түспөлүндөгү жасалган чоң куурчакка тийген октун жигин көрүп, өлүмгө бет келишкендей өнө бою солк эте түштү. Коопсуздук кызматынын башчысынын кечээтен берки кабатырлануусунун жөнүн эми терең түшүнүп, Турат Муталибовичтин мойнун кучактап алкыш айтып, керек болсо алдына жыгылгысы келди. Өмүрдүн баркы өзгөчө сезилип турду ушу тапта. Олигархтын оюна бир нерсе келгендей, шымалана сыртты көздөй жөнөдү.
Иштин чатак экенин уккан Шам, сейфинде катылган коньяктан стаканга баса куюп, тартып жиберип, ойго чөмүлдү. Баарын унутуп көңүл ачкысы келди. “Сапердин, Шамдын мажирөөлүгү өзүлөрүнүн күнөөсү” деп, бул маселеге кайрылгысы келген жок. Аңгычаң телефондон катчы кыздын үнү жаңырып:
— Шаамир Төрөевич, сизге… – деп сөзүн улаганча, каалганы тарс эте ачып кирген Азамат Кеңешовичтин турпатын көрүп таңдана тиктеп калды. Артынан ээрчий кирген кызга “Бара бер” дегендей белги берип:
— Жол болсун Азамат Кеңешович, — деп калыбынан жазбай үн катты.
— Жолуңду ачтырып алсаң боло, балакай. Бул жолку мүдөөң ишке ашпай калды. Мына мен!… Турамын маңдайыңда!…Типтирүмүн!.. Киллериң жаза тайды!..- деди колун кезеп.
— Түшүнсөм, Кудай урсун?.. Деги эмне болуп кетти!…- Шам ага маани бербегендей кайдыгер суроо узатты.
— Көп кытмырланба… Сен мени заказ кылгансың… Эми менин кылым кыйшайса сенден көрөмүн!
— Азамат Кеңешович, атаңдын төрүндө олтурган жоксуң, абайлап сүйлө, — деп Шам каардуу жүзү жыйрыла, — Биринчиден жалган жалаа жаап жатасың. Экинчиден, эшигимди тээп киргидей сен кимсиң? Тилиң тишиңе күбө! – ал ордунан атып туруп; — Жооп бересиң. Сөздүн да чеги болот,- деди.
— Жок!.. Жок сен жооп бересиң! Мени билбейт экенсиң, балакай, — деди денеси калчылдай.
— Эй, аксакал, өз сыйыңды билсеңчи. Уят болуп каласың… Болбогон сөздү сүйлөбө. Кел, жакшы ымалада жүрөлү. “Не имей сто рублей, а имей сто друзей” деп коёт. Амбицияңды чөнтөгүңө кат!…Тынч жашайлы. Биз деле жөнөкөй адам эмеспиз, — деди да аны сынай тиктеди. Олигарх эки колун силкине кандай кирип келсе дал ошондой сыртка ашыкты.
Шам тиштене муштуму түйүлүп, денесин чымыраткан ызалык аралады. Ал кнопканы басып:
— Эдил Барктабасов, офистин күзөт кызматынын баары кирсин, — деди катчы кызга. Шам шашыла кирип келишип, тизиле турушкан күзөтчүлөрдү кыдырата тиктеп:
— Силер эмне эшек такалап олтурасыңарбы?! Тиги шалапайды ким киргизди?! – деп жетекчисине кайрылды.
— “Жолугушууну белгилеп койгонбуз” деген. Сиздин визитканы көрсөтпөдүбү, — деди күзөттүн жетекчиси үнү каргылдана.
— Силерге эмне үчүн акча төлөп жүрөм!… Азыр мени “жайлап” кетсе эмне болот эле? Же ошону каалайсыңарбы?.. Эдик! – деп Барктабасовага кайрылып: — Булар ишеничтен кетти. Келишимде көрсөтүлгөн милдетин аткара албагандыгы үчүн тийиштүү жаза тартышы керек. Экинчи көрбөйүн, буларды. Бошсуңар!.. – Шам эс алуучу бөлмөсүнө кирип кетти. Олигархтын бул визити анын оброюн аттап-буттап кеткендей, арданып турду.
Турат Муталибович Азамат Кеңешовичтин Шам менен болгон орой мамилесин жактаган жок. Ал жөн гана, “Агымга карап иш кылабыз дебедиңиз беле” деп убадасын эскертип койду. Чыны кечээтен бери түн уйкусунан безип ажалга арачы түшкөндөй өмүрүн сактап калган инсандын бул сөзүнө ынанып, Шамга барып чекилик иш жасап койгонуна бушайман боло, баладай жер карады. Ак дилинен кызмат өтөгөн полковникке алкыш айтмак турсун, алласы оозунан түшүп турду. “Айтканым айткан, дегеним деген” деп келген Азамат Кеңешовичтин өжөр мүнөзү азыр ушу таптакыр өзгөрүп, өктөмдүгү өчкөндөй эле. Бу заман өзү ойлогондон айла канча татаал экенине көзү жетип, анын таасын күбөсү болбодубу, баса. Ал мындан ары күзөт кызматынын башчысынын айтканынан карыш чыкпасына ичинен шерттенди. Анткени, Турат Муталибовичтин тутунган принциби анын бейпил жашоосунун кепилдиги экенине ынанды. Шаамир Жарашбаевди да баласынткан төрөпейилдигинен танып, “а балким жакшы ымалада жашоо дурустур” деди ички ой-туюму.
Полковник Турат Муталибович Шамды кылмышка шектүү деп кармап, сурап – тескөөдөн натыйжа чыкпасына көзү жетчү. Баары бир далил таба алышмак эмес. Анын “бирөөнүн колу менен чок кармаган” амалын аңдыгандар көп болгону менен азырынча эч ким билем деп чыга элек. Андан калса ал Шамды бүгүн эле көрө калган жок. Турат Муталибович кылмыш дүйнөсүндөгү Шамдын ролун жогору баалап, анын бүгүнкү күндө керек экенин ичинен тымызын танбай келет. Кезегинде башка улуттук авторитеттери өлкөнүн аймагында каалагандай тайраңдап оюн куруп, өз мыйзамдарын орното баштаганда, Шам гана алардын “мүйүзүн суулабай кайрып”, кууп чыкканын жакшы билер эле. Шам керек болсо кадырын салып кошуна өлкөлөрдүн кримавторитеттери, андан ары Прибалтикага чейин барып маселе чечип келгендиги менен аброю бөтөнчө болчу. Эгерде жолун билип, тилин тапса Шамдын зыянынан пайдасы көп болчу. Ага каяша айткан Азамат Кеңешовичтин иши дагы да чатагына айланарын бөркүндөй көрүп турду. Ансыз да жаза тайып айласы куруп турганда жаратын чукугандай иш жасаган Азамат Кеңешовичтин “эрдиги” көңүлүн беймаза кылды. Эми Шамдан дагы бир соккуну күтүүгө негиз бар эле. Бирок ал кандай сокку? Ушул жагы табышмак. Полковник от менен суунун ортосуна калганын билип турганы менен аны Азамат Кеңешовичке айтууну туура көргөн жок.
Киллердин колго түшүшү
Назарды ички иштер бөлүмүнө алып барганда, элеңдеп эки жагын карана Турат Муталибовдун караанын издеди. Тергөөчү майор эски таанышын көргөндөй алакан жая:
— Оо, Назарчик… Кандай шамал учурду?- деп кытмыр жылмайды.
— Саламатсызбы, байке? – деди ал сыр бербей.
— Сен биздин “кызыл китепте” катталуу экениңди билесиң да. Та-ак муну кайсыл статья менен кармадыңар? — деди.
Назарды алып келген ГАИнин сержанты:
— Жолдош майор, кылмыш болгон аймакта машинасын жолдун ортосуна токтотуп койгондугу үчүн биздин инспекторлор тарабынан кармалып, айыпка жыгылды. Мында алып келинсин дегенинен жеткирдик, — деп кыскача маалымдады. Бул чыны полковник Муталибовдун сценарийи боюнча жасалган сурак эле. Анткени, таң эрте ГАИдеги эски коллегаларынан суранып-өтүнгөн ишинин үзүрү ушу. “Бир баланын тагдырына балта чабылып калбасын “деген ашкере тынчсыздануусун туура түшүнгөн достору кантип “жок” дешсин.
— Кана протоколу? – деп майор сержантка кайрылып, тийиштүү кагаздарды алып: — Сен ал жакта эмне иш кылып жүрдүң эле? – деди көз айнегин мурдунун учуна коюп:
— Жөн эле… ашканага тамак ичейин деп киргенмин. Сыртка чыксам номерди чыгарып, документтештирип коюшуптур.
— Ашканага жөн эле кирбей кал сен… – деп кнопканы басып, “Алып киргиле” деди. Назар Фараны арткы эшиктен кирип келатканын айттырбай туйду. Майор “тиги жакты кара” дегендей ручкасы менен көзөп көрсөтүп:
— Мобу, жигитти тааныйсыңбы? –деди. Ал Фаранын башынан аягына чейин сыдыра карап:
— Жок, биринчи жолу көрүшүм…- деп кетенчиктеди.
— Кадимки Фархад Аббасовду тааныбасаң кам экенсиң. Же, роль аткарып атасыңбы? – деп анын жүзүнө тигилди.
— Байке, мени мында эмнеге алып келдиңер түшүнбөй турам… Эгер эрежени бузсам штрафты төлөйм да… Кызык…
— Да-да, кызык болуп атпайбы. Биздин башыбыз да ушуга маң. Териштирели, анан билесиң, неге келгениңди, — деди да бурчта турган күзөтчүгө кайрыла:
— Давай мобу экөөнү жаап кой… Мен начальникке кирип чыгайын, — деп кетүүгө камынды.
Экөө күңүрт бөлмөнүн төрүнөн орун алгандан кийин Назар жанындагыга ыктай:
— Фара олигарх куладан соо, — деп акырын шыбырады.
— Кандайча?
— Биздин буту-колубуздан байлап салып берген бирөө бар. Капканга түштүк.
— Олигархты кайдан билдиң? Мен дал өзүн жайлабадымбы?
— Ментовкадан чыгып баратыптыр. Өңү бопбоз. Негизи опузалаш керек болчу. Мен Шамга айтканмын…
— Ал олигархты жок кылуу сенин сунушуң дебедиби.
— Дедиртет да Фара, — деди улутуна.
— ГАИ кайдан кармап жүрөт, сени?
— Билбейм. Сенден тапшырма алгандан кийин кафеден чыксам ГАИ турат.
— Жакшы болгон экен. Сапер сен мени, мен сени тааныбаймын.
— Фара сага эмне болгон? Көзүңдү май басып калганбы? Заманың өтүп баратабы, же?…
— Ошондойдур…
— Эми Шам ишенбейт буга…
— Андай версия да эсте бар…
Күүгүм киргенде Назарды камерадан чыгарып, “Штрафты төлөйсүң. Анан документиң колго тиет” дешип коё беришти. Ал тергөөчүдөн ырагыраак олтурган Турат Муталибовдун жүзүнөн “баары жайында, кадырың жан болсун” дегендей ишеничти баамдап, жолго чыкты.
Назар эми Шамдын жанынан чыкпай чарк айланып жүрүшү абзел. Олигарх убадасынан тайбасына көзү жеткен соң, соодалашкан “үлүшүн” өзү айткан күнүндө алууну туура көргөн. Турат Муталибовдун, анан өзүнүн коопсуздугу үчүн ушундай чечимге келген эле. Анткени ушул иштен кийин Шамдын “из кубарлары” жөн жатпай жойлоп-тинтип жүрүшөрү бештен белгилүү болчу. Ал кылчактабай түз эле офисти көздөй жөнөдү.
Шам Назардын кирип келгенине таң калган жок. Бул жолу да “суудан курук” чыкканына ынанып турду. Ал анын ашкере сактыгын жогору баалайт болчу. Кынтыксыз иши, аяр жүрүшү менен Сапер атыккан. Өзүнүн аты жөнү Назар Беркулов. Кылмыш дүйнөсүндөгүлөргө Сапер аты менен белгилүү. Адамдарды тоноп эки жолу отуруп чыккан. Соңкусунда Кытайдан келаткан машинаны карактап, чагымчылардын айынан экинчи ирет колго түшкөн. Спорттун мастери. Учурунда күрөш боюнча шаардын намысын коргоп жүргөн. Кийин “кесибин” өзгөртүп, өзүнчө топ түзүп, капчыктууларды капталдан алган каракчыга айланган. Кийинкисинде Шамдын жардамы менен мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыккан. Ошол жакшылыгын унутпай, адилет кызмат өтөймүн деп антташкан достой ак иштеп келатканына көп болду. Бир сөз менен айтканда Сапер Шамдын оң колу экенин эч ким тана албайт эле. Ишенимдүү “иштин” баары Сапер аркылуу чечилчү. Ал буга чейин бир да жолу жер караткан эмес. Ошондуктан “Сапердон шектенүүгө негиз жок” дечү Шам дилинде.
— Эмне жаңылыгың бар?… Сүйлө… – деди Шам кайдыгер карап.
— Бизди бирөө салып берди… Фара айткан план боюнча гана баратканбыз.
— Фаранын коопсуздугуна сен керт башың менен жооп беришиң керек эле…
— Күтүп тур деген жеринен ГАИ келип мени кармап кетти, дагы жакшы… Жеткирип гана коюшум керек эле да…
— ГАИ кармады дейсиңби?
— Ооба…
— Демек, сени “ишке” шектүү эмес турбайсыңбы. Ошондойбу?
— Штраф төлөйм.. Болду…
— Везёт тебе, Сапер… Эми Фараны кантебиз?…
— Билбейм…
— Билесиң… Ал мага көп карыз болуп калды. Керээзин айткандай кейип-кепчигенинде иш бар эле. Фара керек бизге, Сапер. Олигархты жок кылуу идеясы сеники эмес беле. Туурабы?.. Аягына чыгаралы. Фара мага керек… Иште, — деди Шам кайра-кайра талап коё.
Сапердин “макул” дебеске аргасы жок болчу. Ал анын көңүлүнүн чөккөнүн жакшы түшүнүп турду. Ашыкча сөз айтуу чекилик эле. Шамдын суроолуу тигилген жүзүнө тике карай албай:
— Болгон аракетти жасаймын… Фара али биздин көп ишибизге жарайт. Кабатыр болбо… – деп абалдан чыгуу үчүн кур убадасын берип жатты. А Шам Сапердин бир билгени бар го деген кыязда, жакшы үмүт менен узатты. Саперге олигархтын келгени жөнүндө айткысы келбеди.
Камалган жабдуулар
Шам кечээ Банкир менен болгон жолугушуудагы сөздөрдү эстеп, “Колдогондун ордуна, коркутканы эмнеси?” деп, устатына нааразы болуп олтурду. “Эл үчүн иштейин деп депутаттыкка ат салышып жатамын. Мен курдурган спорт аянтчалары, клубдар, мечиттер эмгек эмеспи?… Ага канча нерв, каражат кетти. Миңдеген спортсмен балдарды тарбиялоо оңойбу? Мамлекет ошону жасап жатабы? Братва дегендер ким алар? Баары менин тегерегимде жүрүшпөйбү. Эми анча-мынча майда-чүйдөсү айтса айткандыр. Мен ошолорду угамынбы. Кудай сүйгөн адам падыша-президент болот. Падышанын назарынан калайынбы?! Банкир карып калган го” деп ой калчайт. Шам кайдадыр шашкандай саатына карап, кнопканы басып катчы кызды чакырды. Көздөрү карагаттай, куурчактай болгон сулуу селки, каалганы аяр ачып кирип: —
— Шаамир Төрөевич, сизди сыртта Эдил Барктабасович бир киши менен, анан заводдун башкы инженери күтүп жатат, — деди.
— Кайсыл заводдун?
— Фучиктеги…
— Макул, кирсин,- деди. Күчүктүн курсагындай бөрсөйгөн папкасын колтугуна кыса кирип келген башкы инженердин алдын торой чыккан Шам:
— Оо, Сулайман Жапарович, келиңиз-келиңиз. Ден соолук, иштер кандай? Жигиттей жигериңиз укмуш да.. – деп колун бекем кыса, креслого олтургузду. Адамга комплемент айтып, ажаатын ачып коюга Шам өтө уста эле.
— Чай, кофе. Эмне ичесиз? Же иш башы кылып жүз грамм коньяк…
— Жо-жо-жок, Шаамир Төрөевич, рахмат. Иш чачтан көп.
— “Работа не волк, в лес не убежут” дешет окемдер.
— Ошентсе да, Шаамир Төрөевич иш күйүп атат. Чет жактан алып келген жабдуубуз он күндөн бери таможняда жатат. Күн сайын пеня өсүүдө. Мен түшүнбөйм, мындай жабдуу бизде чыкпаган соң пошлина алып эмне зарылчылыгы бар дейм да. Ушинтсе өнөр-жай өсөбү?
— Кандай жабдуу эле?
— Уникалдуу, Шаамир Төрөевич. Эми бул жабдууну алып келип орноштурганча анын баасы өзүнүн кунунан эки эсе ашып кетти. Орнотолу деп жай сурасак госнадзор, архитектура, санэпидстанция деги койчу мамлекеттик “рэкеттердин” сураганы асмандын башындагы сумма. Кардар бар, Шаамир Төрөевич, андан көрө сатып жиберсек бизге көбүрөөк пайда түшкөнү турат. Мына казактар жан кудай деп эле сатып алганы турушат. Шаамир Төрөевич, бул бюрократия менен өспөйбүз го, — деди башкы инженер тер баскан башын кашылап.
— Ал кандай жабдуу, Сулайман Жапарович?
— Азыр теринин баары Кытайга кетип атпайбы. Эгерде бул жабдууну орнотуп алсак, ириген-чириген териден клей жасайт элек. “Моментиң” мында калат, Шаамир Төрөевич. Сырье бар, кардар уйма. Укмуш болмок… – анын ушунчалык берилип сүйлөгөнүнө ичи жылыган Шам мыйыгынан күлө карап:
— Сулайман Жапарович, эч кабатыр болбоңуз. Казак кардарларыңыз үмүт этишпей эле койсун. Жабдууну таможнядан чыгарабыз, орнотобуз, кадырыңыз жан болсун. Мен министрликке киремин бүгүн эле, керек болсо Ак үйгө барамын, — деп чечкиндүү сүйлөдү.
— Рахмат. Мына, жаса деген кагазынын баарын жасадык. Бир папка толо кагаз. Ушунун кимге кереги бар, Шаамир Төрөевич? – деп анын столуна ыктай: — Мен ишенем сиз депутат болосуз. Өзүнүн ишкерлерин муунткан мыйзам токуган мамлекеттик “рэкеттерге” сиз бөгөт коё аласыз. Жабдуулар бизден чыкпаган соң, аны сырттан алып келгендерге жеңилдик болуш керек да, акыры. Ушинтсек өнүгөбүзбү. “Сизди Шаа – мир деп коет!” деп шыбырап, кетүүгө камынды.
— Түшүндүм, түшүндүм, Сулайман Жапарович. Буйруса аз калды. Шайлоонун шайтан оюну болбосо эле, эл ишенимине ээ болобуз го. Маселени чечебиз. Жакшы барыңыз, — деп узатып койду. Башкы инженердин “мамлекеттик рэкеттер” деген сөзүн эстеп, ушундай мыйзамдарды жазган өлкөдө башкача жашоо мүмкүн эмеспи деген ойго келди.
» (уландысы бар) »