Уролог жооп берет!
31.10.2020Ден-соолугуңуз чың болушун кааласаңыз, эч качан уялбаңыз!
Улуттук госпиталдын Урология борборунун дарыгери, уролог Кадырбеков Акман Кубанычбекович бир катар суроолорубузга жооп берди.
— Айтсаңыз, жумурткалардын бир жакта болуп калуусу эмнеден?
— Жумурткалардын бир жакта болуп калуусу тубаса. Мындай учурда сөзсүз операция жасалат экен деп коркуунун кереги жок. Болгону урологго барып, анализге урук клеткаларын (спермограмма) тапшыруу керек. Андан урук клеткалары бар же жок экенин, аны менен катар кыймылдуулугу текшерилет. Эгер баары жайында болсо, жумуртканын бир жакта экенине карабай эркек кийин балалуу боло берет. Жумуртканын ордуна келтирүүнүн, башкача айтканда операциянын кереги жок.
Жаш келиндерге айтып өтөт элем, бала төрөлгөндөле биринчи кезекте эркек баланын калтасын кармап, карап көрүш керек. Эгер жок болсо, дарыгерге кайрылуу кажет. Бизден эң көбү эле, кичинекейинде көңүл бурбай коюп, жашы кетип калганда же армияга чакырууда текшерүүдөн өтүп жатканда гана же үйлөнүп, тукумсуздукка алып келгенде байкап каллышат. Ошондуктан төрөлгөндөле ата-энеси байкап көрүп, убагындале чараларды көргөндө, тукумсуздукка алып келбейт эле. Ошол себептен көңүл буруш керек.
— Сүннөткө отургузуу жашка карайбы?
— Сүнөткө отуруу жашка карабайт. Каалаган убагында отура берсе болот. Негизи баланы 3-4 жаштарында отургузса жакшы. Баланы жакшылап психологиялык жактан даярдап, баланы көндүрүш керек. Коркутуп, үркүтүп алып келип эле кестирип салган да болбойт. Ошондо жакшы натыйжалар болот.
— Сүннөткө отурбаса, кийин ал жерге кир толуп, оору чакырабы?
— Туура айтасыз, сүнөткө отурбаса кийин кир топтолуп отуруп, оору чакыруусу мүмкүн. Ошондуктан, сүннөткө отургузуп коюу жакшы. Тактап айтканда, ал жерде инфекция жаралышы мүмкүн. Ал канал аркылуу табарсыкка кирип, андан бөйрөктөргө көтөрүлүшү мүмкүн. Экинчиден жакшылап тазалап жууп турбаса, ошол жер жабышып отуруп, сөөккө окшоп катып, каналды тосуп калат. Андайлар көп кезигишет. Мындай учурда кайрадан сүнөткө отургузууга туура келет.
— Жыныстык мүчөнүн башына ак кир топтолуусун түшүндүрүп берсеңиз?
— Эгер, жыныстык мүчөнүн башына ак өңдөгү кир топтолуп, жууса кайра эле пайда болуп жатса, муну медицинада “смега” деп коёт. Аны жыныстык без иштеп чыгарат. Ошол себептен жыныстык мүчөнүкүн сайын самындап жууш керек. Болбосо, ал жерге микробдор топтолуп, сезгнүү пайда болот.
Кошумчалай өтсөм, аталган оору сүннөткө отургузулбаган кишилерде көп учурайт. Гигенаны бузулганы — ооруну алып келгени.
— Заара менен кандын аралашып чыгуусу?..
— Заара менен кандын аралашып чыгуусу табарсыкта, бездерде, шишиктер пайда болсо, ошонун таасиринен улам канашы мүмкүн. Мунун себептери көп болгондуктан, бейтапты текшерип, бир бүтүмгө келген соң гана дарылайбыз..
— Жыныстык мүчөсүн чоңойтууну каалап, кайрылгандар барбы?
— Ооба, көп эле кайрылышат. Айтсам, эркектердин жыныстык мүчөсүн чоңойтуу анын жашына жараша болот. Операция жолу менен ган чоңойтсо болот. Бирок, кепилдик берилбейт. Бул боюнча Европада атайын апараттар бар. Аларга жылдап коюлуп, ошонун негизинде чоңойтсо болот. Бирок, ал көп каражатты талап кылап.
Эркектин өзүнүн булчуң же болбосо май ткандарын алып, жыныс мүчөнүн терисинин алдында жайгаштыруу менен жоондугун чоңойтуу ыкмасы колдонулат. Операциядан соң эркек бейтапканада дарыгердин көзөмөлүндө узакка болуусу керек.
Операция аркылуу узартууда мүчө болжолу 1,5 — 2 сантиметрге чейин чоңоёт. Операция бир сааттан, бир нече саатка чейин созулушу ыкиымал. Аны менен гана токтоп калбастан, бейтапканада 2-3 күн жатуусу талап кылынат.
Жогоруда бир нече ыкмалар көрсөтүлүп кеткени менен, илимде жыныстык мүчөнү бир гана операция аркылуу чоңойтуу же жоонойтууда толук ишеним болоору көрсөтүлөт.
Ал эми крем, гелдерди колдонуу боюнча айтсам, бул өзүн өзү алдоо. Аны колдонбой эле коюш керек.
— Кошулууда бат бүтүп калуу же жыныс мүчөнүн турбай калышы эмнеден?
— Бат бүтүп калуунун негизги себептерине жараша дарылап туруп, убактысын узартып койсо болот. Уруктун санын жана сапатын жогорулатуучу жакшы дары-дармектер бар. Жыныс мүчөнүн турбай калышын оору деп атасак болот. Мунун себептери өтө көп. Стресс, кандын бузулуусу, кант оорусу ж.б. оорулар себеп болот. Айта кетсем, кант оорусу менен жабыркагандардын кан кеткен каналдары бүтөлүп, кан жакшы жүгүрбөй калуусу алсыздыкка алып келет. Айрыкча толук кишилерде көп болот. Мунун себебинен адамдын гармону бузулуп, ар кандай ооруларга алып келет. Мындан тышкары, жыныс мүчөнүн кыймылдабай калышы, психологиялык жактарга да байланышкан учурлары болот. Кандай гана учур болбосун, дарыгерге кайрылуусун сунуштайбыз.
— Уруктуктун ченеми болобу?
— Жок, уруктун ченеми болбойт. Айта кетсем бел суусун, тактап айтканда уруктукту күн сайын чыгарууга да болбойт. Аны 3 күндөн 5 күнгө чейинки аралыкта гана чыгаруусу керек. Себеби, бул аралыкта күчтүү, туура уруктукту ошол күндөрү гана алууга болот. Бул эреже сакталбаса, анда уруктук сапатсыз жана алсыз болот. Эгер, бул күндөн өтүп кетсе, күчсүз болуп калат. Ошондуктан, кошулууда жогоруда айтып өткөндөгү аралыкты сунуштайбыз.
— Өнөкөт оорусу жок адамдын бөйрөгү иштен чыгып, аппаратка жатып калуусу мүмкүнбү?
— Албетте, мүмкүн. Муну төмөнкүлөр шарттайт:
· Бөйрөккө терс таасирин тийгизген кээ бир уулуу заттар организмге көп өлчөмдө кирип кеткенде (сымап, мышьяк);
· Дары-дармектен, ичкилик менен тамак-аштан, укчустан катуу ууланганда;
· Канды көп жоготуудан жана башкадан.
Мындайда адам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилиа, аппаратка жаткырылат. Качан гана бөйрөгүнүн иштешеши бир калыпка келгенде чыгарылат.
— Төшөк катнашынан начарлап, умасы (яичник) санга жабышып калса, эмне кылуу керек?
— Эркек жыныстык жактан жугуучу ооруларга (мисалга, трихомоноз, гонорея, хламидия, уреаплазма ж.б.) чалдыкканда жана ал оорулардан толугу менен айыкпай калганда сиз айткан оору белгилери билинет.ошол себептен, тез аранын ичинде дарыгерге кайрылып, толугу менен дарылануусу керек.
— Сизге дарыланууну каалагандар кантип байланышса болот?
— Урология Борборунун 4-кабатында Эндовидеохирургия бөлүмүндө иштейм. Ошол жакка кайрылса болот.