Улукбек Ормонов: «Бала үчүн бул жашоодо ата-эненин орду өзгөчө экен»
30.03.2019Балдай таттуу балалык кезин кимдер гана сагынбайт. Биз бүгүн кайрадан эч качан кайрылып келгис бала чагын сыймыктануу менен эскерген кыргыздын мекенчил уулдарынын бири Улукбек Ормонов менен маекти сунуш кылмакчыбыз. Улукбек мырза кеп кезегинде өзүнүн балалык чагы, ата-энеси тууралуу буларды айтып берди.
«Биз бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп чоңойдук»
— Мен Өзгөн районунун союз убагындагы Кеңеш айылында 1963-жылы 3-декабрда жарык дүйнөгө келгем. Өзүм сегиз бир туугандын бешинчиси болом. Биздин үй-бүлөдө бир туугандардын үчөө уул, бешөө кыз. Менден кийин үч карындашым бар. Эң улуу агабыз каза болгон. Калгандары учурда турмуштан өздөрүнүн ордун табышкан. Биздин бала чагыбыз союз учуруна туш келгендиктен азыркыга салыштырмалуу башкача өткөндүктөн, көп бир тууган катары бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп чоңойдук. Ошол учурдагы психология, тарбия, үй-бүлөлүк мамиле азыркыдан алда канча бийик болгон деп эсептейм. Атам совхоздо жетекчи кызматта иштегендиктен кичине кезибизде эле көп деле көрчү эмеспиз. Негизи апамдын тарбиясын алып чоңойдук. Атам жумушуна таң заардан кетип үйгө караңгыда биз уктап калган маалда келчү. Үйгө мейман келип калганда, же болбосо майрам күндөрү чогуу отуруп калчубуз. А бирок атам көбүнчө майрам күндөрү да үйдө болчу эмес. Анткени ал кезде айыл-чарба жаатындагы кызматкерлер үчүн майрам деген такыр болчу эмес. Бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Атам дайыма январь айында эс алчу. Көрсө ошол союздун убагында жаз, жай, күз мезгили айыл-чарба тармагында иштегендер үчүн тынбаган маал экен да. Атам ден соолугуна байланыштуу «Ысык- Ата», «Жети-Өгүз», «Жалал-Абад» курортторуна келип дарылануу менен бирге эс алып кеткен учурларын сүрөттөрүнөн көрчү элем. Атам өзү сүрдүү көрүнгөнү менен бизге жумшак эле мамиле жасачу. Биздин сабактардан берилген үй тапшырмаларыбызды текшерчү эмес. Бирок ошого карабай эң улуу эжем мектепти алтын медаль менен бүткөн болчу. Калгандарыбыз дагы мектепте жакшы окугандыктан “Ормоновдордун үй-бүлөсү” айылда айтылып калчу. А мен мектепти бир гана сабактан “4” болуп калганы эле болбосо, калганын жалаң “5” менен бүттүм.
“Агам аккордеон ойногондо эжем ырдачу”
— Илгери борбордон Кыргыз драма театрынын артисттери гастролго чыкканда сөзсүз биздин үйдө болушчу. Анткени атам чыгармачыл, таланттуу адамдарды абдан сыйлагандыктан үйгө чакырып конокточу эле. Көрсө атам 1945-жылы Өзгөндөн Ошко ат араба менен барып сынакка катышып “Эсимде” деген ырды аткарып Сталиндин атындагы сыйлыкка ээ болгон экен. Менден улуу агама аккордеон алып берген эле. Анан жумуштан чарчап келгенде атам ушул ырдын музыкасын ага кайра-кайра аккордеондон ойноткондо эжем ырдачу. Мен эжеме кошулуп ырдасам “сен ырдаба” деп урушуп койчу. Атам кээде маанайы көтөрүлүп турган кезде баарыбызды каратып коюп агама аккордеон ойноткондо, эжем болсо комуз чертип ырдачу эле. Каныбек агам аккордеон ойногондон тышкары комуз менен гитара да чертчү. А мен гитара черткенди студент кезимде үйрөндүм. Мен бүгүнкү күнгө чейин атам менен апамдын бир эле учурда беш баласын жогорку окуу жайларынан окутканына таң калам. Албетте, ал убакта заман башкача болчу. Бирок ошого карабай биз үчүн аракет кылышкан экен.
“Апам тамак жасаса да
кошуналарга берчү”
— Жайдын күнү чөп чабык башталган учурда апам түнү менен чоң казанга жарма даярдап айрандан салып, флягаларга куюп, арыктагы сууга салып койчу. Флягалардагы жарманы күндүзү трактористтер менен айдоочулардан тышкары ары-бери өткөн элдин баары ичишчү. Бир жолу жарма көп ичилип калган окшойт. Атам үйгө түштөн кийин келсе жарма түгөнүп калган экен. “Жарманы эмнеге көбүрөөк жасабадың?” деп ошондо апамды урушкан эле. Эми ошол учурдагы элдин пейилинен айланса болот. Айылдагылар бирөөлөр келип калса нанды кошунасынан карызга сурап алчу. Апам тамак жасаса да биздин үйгө жакын жайгашкан кошуналарга берчү. Азыр болсо андай сый-урмат айылда жоголуп баратат.
“Токтор аке мен тууралуу
баарына маалымат берип…”
— Заводдо иштеп биринчи айлыгымды алып айылга бардым. Анан акчанын өзүмө керектүүсүн бөлүп алып, калган 60 рублди атамдын колуна карматтым. “Ата, мени чоңойтуп ушул даражага жеткирдиңиз. Бул менин биринчи айлыгым” деп толкунданып айттым. Атам “Оо, айлык алган турбайсыңбы. Жакшы жаңылыгың бар экен, балам. Канча айлык алат экенсиң?” деди ыраазы болуп. “120 рубль алат экенмин” дедим. Акчаны чөнтөгүнө салгандан кийин атам мени ээрчитип көчөгө чыкты. Көчөгө чыксак ылдый жактан атам менен тең чамалаш Токтор аке деген айылдашым келаткан экен. Атам аны чакырып алып, менин айлык алганымды ага айтып, акчаны эсептеткени колуна берди. Токтор аке акчаны эсептеп 60 рубль экенин атама айтты. Андан соң атам Токтор аке экөөбүздү ээрчитип алып биздин үйгө жакын жердеги дүкөнгө ээрчитип барды. Дүкөнгө кирсек бир топ киши бар экен. Токтор аке алардын баарына мен тууралуу маалымат берди. “Кой эми буларга сенин айлыгыңды жууп берейин. Апаңа айтып койгун. Тамак жасасын” деп атам мага айтканда үйгө кетип калдым. Анан үйгө кошуналардан тышкары жакын туугандар да келишти. Атам менин айлыгымды жууп кызып калган экен. “Силердин балдарыңар дагы айлык алып баарыбызды кубандырсын” деп ырымдап өзүнүн инилерине 5 рублдан берди.
“Атамдын кадыр-баркын ошондо дагы бир жолу билдик”
— Атамдын дагы бир жакшы касиетин айта кетпесем болбос. Апам 1989-жылы каза болуп калды. Кыркы өткөндөн кийин атамдын карындаштары, достору бизге “Атаңарды үйлөнтүп койгула. Кызматта жүргөн киши кыйналып калат” дешти. Ошондо атам ыраматылык апам менен 45 жыл чогуу жашаганын айтып, алардын сунушунан баш тартып койду. Акыры апамды унута албай күйүткө батып жүрүп тез эле анын артынан 63 жашында бизди таштап кете берди. 1990-жылы июнь айында кыргыз-өзбек улуттарынан чоң жаңжал чыгып көп адам өлгөндүктөн кырдаал аябай коркунучтуу эле. Атам болсо ушул эле жылы октябрда кайтыш болгон эле. Ошондо атам менен мурда мамлекеттик кызматтарда чогуу иштеген өзбек улутундагы көп киши келип атамдын тажиясына катышкан болчу. Атамдын элге ичиндеги кадыр-баркын ошондо дагы бир жолу билдик. Бала үчүн бул жашоодо ата-эненин орду өзгөчө экен. Алардын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө бекем сакталат…