Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүгүү министри:  “Бизге демөөрчүлөрдөн көп жардамдар келет”

Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: “Бизге демөөрчүлөрдөн көп жардамдар келет”

22.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Эмгекчил, эл жерине күйгөн Улукбек Кочкоров социалдык министри болуп келгенден бери, бир топ жакшы иштер жасалды деп айткандар арбып барат. Улук мырза менен министрликте жүрүп жаткан иштердин күңгөй тескейин кенен баарлаштык. Анда алгы сөз астыда болсун…

  • Улук мырза, сиз министр болуп келгенден бери бир топ алгылыктуу иштерди жасадыңыз. Учурда кайсыл багытта  катуу иштеп жаткан чагыңар?..
  • Быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү жана мамлекетти сан ариптештирү жылы деп белгиленген. Ошого байланыштуу биз учурда көбүрөөк басымды санариптештирүүгө багыттап жатабыз.

Калкка мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматтар жеткиликтүү  сапаттуу болсун үчүн, азыр жалпы биздин министрлик тарабынан ар кандай төлөмдөргө, пасобиелерге берилчү справкалардын, сегизин  автоматташтырып, электрондоштурганга жеттик.

     Булда болсо,  аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн, мүмкүнчүлүгү чектелген инсандардын жакындарынын убактысын үнөмдөгө болгон аракетибиз. Мындан сырткары  дагы көптөгөн справкаларды (ар кандай төлөмдөргө, пасобьелерге берилчү) азайтуу автоматташтыруунунун үстүндө иштеп жатабыз.

  • Балага сүйүнчү пул алууну жеңил түргө өткөрүпсүңөр. Ушуга кенен токтоло кетсеңиз?..
  • Балага сүйүнчү пул алуу мурун бир аз кыйынга турчу. Эки жума убакыт, төрт беш справка убаракерчилик көп эле. Биз справкалардын барын жоюп, женилдетип койдук эч кандай справка алыштын кереги жок. Мамлекеттик каттоонун калкты тейлөө борборлору болобу? Маалымат күркөлөрүбү, жаңы төрөлгөн балага күбөлүк алганы барганча эле,  сүйүнчү пулга арыз берип койсо болот. Ошол жерде эле электрондук багытта арызды кабыл алат. Документти тапшырасыз ошол күнү беш мүнөттө ал маалымат бизге келип түшөт. Биз эртеси күнү, МинФин аркылуу акча которобуз . Акча которулгандан жарым саат арасында акчалар банктарга түшөт. Сүйүнчү пул алуучу  эки банктын бирин  тандайт. Банктар Айыл Банк, РСК. Кайсыл банктан алгысы келсе, ошол банктын кыргызстан боюнча бардык бөлүмдөрүнөн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы: Сиз Алайда жашап жатып, бирок Бишкеке келип калдыңыз. Кааласаңыз  сүйүнчү пулду Бишкектен алсаңыз болот.. Дагы бир жакшы жаңылык сүйүнчү пул  сиз тандаган банкка түшүшү менен банктан, сиздин наамыңызга акча түштү деген смс кат телефонуңузга келет.
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесине төлөнүп жаткан пенсия тууралуу айта кетсеңиз?..
  • Быйылкы жылдын 1-январынан баштап, биринчи жолу оор абалдагы майып балдары бар ата-энелерге 4900 сомдон пенсия төлөп берип жатабыз. Пенсия алган ата-энелерибиздин саны 6200 адамды түзөт.
  • Балдары оор абалда болгон ата-энелерге пенсия берүүдөн сырткары кандай жеңилдиктерди берүүдөсүңөр?
  • Оор майып балдары бар ата-энелер бала менен болуп калып иштей албайт, эртеңки күнү жашы келгенде эмгек стажы жок пенсияга да чыкпайт.  Биз ошол маселелерди эсепке алып, ата-энелердин  атынан  соцфондго төлөмдөрдү жасап атабыз. Сраховый полис, патент деген жана башка керектү документтерге ата-энелер чуркабайт. Анан баарын министрликте иштеген кызматкерлер ишке ашырат.
  • Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилүүчү жолдомолор  жөнүндө айта кетсеңиз?
  • Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жолдомолору боюнча, буга чейин  көп маселе жаралып келген экен. Он жылдан ашык, жолдомо албагандар бар.  Былтыры жылдагыдан  жолдомону эки жарым эсеге көп алдык.  Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу төрт беш эсе, көп жолдомо алып атабыз. Биздин максат азыр, мурда болгон артта калуулар, (беш жылда бир жолу берип турушубуз керек) он эки жылга чейин өтүп кеткен бүт кезектегилерди жоюп, жаңы жылдан баштап электрондук кезеке өтүүнү аракет кылып жатабыз.

         Жолдомолорду  тааныш-билиши барлар алат. Баарына эле жолдомо бере бербейт деген, сын пикирлер элде болбошу үчүн, электрондук түрдө компютер өзү кезеги менен берет.  Жолдомо алыш үчүн, жарандар биздин эшикти каккылап олтурбайт. Ал эми биздин кызматкерлер, өздөрү сиздин кезегиңиз келип калды барып, эс алып келиңиз деп, компютер тандаган жаранга сунушташат.

—  Жолдомолорго мүмкүнчүлүгү чектелгендер канча пайыз акча төлөшөт? 

— Негизи жолдомо  беш жылда бир жолу берилиш керек. Биринчи топтогу майыптарга жүз пайыз жеңилдетилген, ал эми аны коштоп барган адамга элүү пайыз. Экинчи топтогуларга элүү пайыз, үчүнчү топтогуларга отуз пайыз жеңилдетилген жолдомолор берилет. Учурда колясканы жанажолдомону электрондук түргө өткөзүнү пландап жатабыз.

— Балдарга берилүүчү жөлөк пулдар туура эмес берилген учурлар катталат. Сиздин пикириңиз?

Жөлөк пул  алып жаткандарда коррупция бар.  Чыныгы муктаждар албай эле, колунда барлар алып атат деген элде көп, нааразычылыктар болуп келген. Ошондон улам биз, чыныгы жөлөк пул алуучуларды, муктаждарды издейли деп буйрук кабыл алганбыз. Ага ылайык  ар бир айылда, тизмеси ай сайын өзгөртүлүп илинип турат.  Ар бир район, айылдар боюнча министрликтин сайтына да ачык илдик.

— Бая күнү интернетте демөөрчү алып барган эт өз дарегине жетпей калган деген маалымат тарап кетти эле…

— Туура менда ал маалымат менен тааныштым.  Демөөрчү эт алып барган мекеме бизге карабайт. Башка министрлике карайт. Бирок, бизге да демөөрчүлөрдөн көп жардамдар келет. Ар бир келген жардам, кириштелип даректүү иштетилет. Жардамдар боюнча, биз ай сайын отчетторду сайтка жайгаштырып турабыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бизге жардам берген бардык жарандарды, уюмдарды биздин сайт аркылуу берген жардамыңыздардын толук кириштелип, даректүү иштетилгендиги боюнча көзөмөлдөп турууңуздарды өнүнөт элем.

  • Учурда канча бала жөлөк пул алууда?

— Мурун  252миң бала жөлөк пул алган болсо, бүгүнкү күнү 312миң бала жөлөк пул алууда. Чындыгын айтканда чыныгы муктаждардын жөлөк пул албай жатканы өкүндүрөт. Буйруса колдон келишинче муктаждарга берүүгө аракет жасап, шарттарды түзүүгө умтулуудабыз.

Булак: Bulut.kg