Улан Сагынбаев: “Террорчу” деп эки саат камап олтурушту
16.08.2020
Кыргыздын бычакка сап уулдарынын бири, Кыргызстандын намысын коргоп, туусун желбиретип келе жаткан спортчу, машыктыруучу, бир нече сыйлыктардын ээси Улан мырзаны кепке тарттык.
— Улан мырза, спорт дүйнөсүнө кантип аралашып калдыңыз?
— 1995-1996-жылдары Жан Клод Ванн Дамм, Брюс Линин кинолору популярдуу болгон. Спорт дүйнөсүнө аралашып калганыма ушул тасмалар түрткү болду. Алгач каратэ менен машыга баштадым. Спорт көчөдө жүргөндө өзүмдү сактаганга чоң жардам болду. Каратэ менен төрт жыл машыктым, бир жылдай эркин күрөш менен да алектенип калдым. 9-класстан баштап бокс менен машыга баштадым. Бул спорттун түрү менен машыкканыма 10 жылдан ашып калды.
— Азыркы учурда машыгуунун кандай үзүрүн көрүп жатасыз?
— Бокс аркылуу эл-жерди көрдүм, дос таптым, Кыргызстандын туусун чет өлкөгө тааныттык, көптөгөн нерселерди билдим жана бир нече ийгиликтерге жеттим. Учурда машыктырган окуучуларымдын ийгиликтерин көрүп, аябай сыймыктанам.
— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз, кайсы кесиптин ээси болосуз?
— 16 жылдан бери Барпыда (АЙЫЛ-ШААРБЫ ТАКТАП КОЙСОНУЗ) жайгашкан “Тай Мурас” спорттук жайда 2006-жылдан бери машыктыруучу болуп эмгектенем. Бул спорттук клуб Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич тарабынан ачылган. Муну менен катар 2011-жылдан бери Жалал-Абад шаарында Раатбек Санатбаев атындагы орто мектебинде машыктыруучумун.

— Чет жерлерге барып, мелдештерге катышууда каражат маселесин кандай чечесиз?
— Андайда спонсорлорду издейбиз. Көпчүлүгүнө Камчыбек Ташиевич агабыз демөөрчү болуп берет. Бирок биздин мамлекет жарды болгондуктан, биздин спортчуларга өтө кыйын. Бир канча сумма бөлүнгөнү менен спортчулардын күнүмдүк тамак-ашына, барып келген жол чыгымдарына жетпей калат. Буга карабастан аракет кылып, бир айласын табабыз, кээде бара да албай калабыз. Ата-энебиз, жакындар да колдон келишинче жардам беришет.
— Мелдеш учурунда эсте каларлык окуяларга туш болдуңузбу?
— Мелдеш учурунда кызыктуу окуялар көп болгон. Бирөөсүн айтып берейин. Белорусияга кетип бара жатканда сакалымдан улам террорчу катары көрүштүбү, айтор, аэропортто эки сааттай кармап олтурушту. Казакстанда жана Белорусияда ошондой кызыктуу жагдайлар көп болгон. Машыктыруучулар ошону эстеп алып аябай күлүшкөн.

— Үй-бүлөлүк абалыңыз…
— Үй-бүлөлүүмүн, үч балам бар. Улуусу 1-класс, ортончу кызым мектепке чейинки даярдоо курсунда окуйт, кичүүсү үч жарым жашта.
Булак:BULUT.KG