“УКМКнын кызматкерлери” сотту тоноп кетишти
19.09.2019УКМКнын кызматкерлерибиз деген белгисиз адамдар орусиялыктар бараткан унааны токтотуп, акчасын тоноп кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кечээ, 17-сентябрда Ысык-Ата РИИБине Орусиянын жарандары кайрылып, белгисиз адамдар акчасын уурдап кеткендигин айтышкан. Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылына жакын жерде Орусиянын жарандары отуруп бараткан унааны БМВ унаасында отургандар токтотуп, өздөрүн УКМКнын кызматкерлери деп тааныштырышкан да документтерин талап кылышкан. Ошондой эле алар сумкаларын да текшеримиш болуп жатып, 10 миң рубль акчасын кымырып алышкан.
Жабырлануучулардын бири Орусиядагы соттордун биринин төрагасы экендиги айтылууда.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери эмес экендиги аныкталган.
Булак: «NazarNews.kg»