Убадага бек Талайбек Масабиров
02.09.2020

Түштүккө болгон иш сапарымда, Базар-Коргон районунун бир топ айылдарында болдум. Бешик-Жон айылында курулган спорт комплекс менен таанышу учурунда, ЖК депутаты Талайбек Масабиров тууралуу жердештеринен көптөгөн жакшы пикирлерди угуп, убадага бек, айткан сөзүнүн өтөөлүнөн чыккан, шайлоочуларынын пикири менен эсептеше алган Т. Масабировдун депутат болуп турганда шайлоочуларына берген убадаларын канчалык деңгээлде аткара алганына токтолгум келди…

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, спорт чебер, көптөгөн жогорку билимдин ээси Талайбек Масабиров өзүнүн кичи мекени Базар-Коргон районунан 6- чакырылышка ишеним арткан шайлоочуларынын колдоосу менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды. Шайлоочуларынын суранычтарын аткаруу үчүн, өкмөттүн жана коомдук уюмдардын жардамы аркылуу, элеттиктердин бир топ маселелерин чечип берүүгө жетишти.

Чү дегенде эле Базар-Коргон районунун борборунда эсил кайран СССРден калган чоң стадионду(28 жылдан бери кароосуз жаткан) капиталдык ремонттон өткөзүп, кошумча курулуштарды курдурду. Спорт десе ичкен ашын жерге койгон эл өкүлү, элеттен дүйнөнү багынткан спортчулар чыксын деген аруу тилекте, өзү туулуп өскөн, Бешик-Жон айылына облустагы (Жалал-Абад облусунда) эң заманбап спорт комплекс жана кичи футбол аянтчасын салдырды. Бактылуу балалыктын башаты болгон, бала бакчаларын Акман айыл өкмөтүнүн Кайрыма айылына, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача, Жон айылдарына, Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылына курдурду. Тирүүлүктүн шаанисин улаган элет жериндеги, айылдарды бириктирген жолдорду да көңүл сыртында калтырган жок. Карача, Бешик-Жон, Жон айылдарын бириктирген жана ички жолдору оңдотуп түзөттүрдү. Билим уясы болгон мектептерге да көңүл бөлдү. М.Мамбеталиев атындагы мектепти капиталдык ремонттон өткөздү. Тагай уулу Камал атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөздү. Жон айылындагы К. Сооронбаев мектебине капиталдык салымдар тизмесине киргизүүгө аракет жасады кудай буйруса быйыл ишке ашат деген үмүттөбүз. Ал гана эмес, маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөзүп, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн имаратын да капиталдык ремонттон өткөзүүгө жетишти.

Элет жериндеги көйгөйлүү маселелердин эң негизгиси болгон таза суу маселесин чечүүгө да зор салым кошту. Эл өкүлүнүн жардамы менен Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май, Шыдыр, Коткор, Аук айылдарында таза суу тартылып жатат. Акман таза суу реконструкциялоо долбоорунун толук демилгечиси. Долбоор 18000000. Бул долбоор толук ишке ашса, Акман айыл өкмөтүнүн айылдарынан сырткары, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бай-Мундуз айылынын жаңы конуштары толук, таза суу менен камсыз болот. Элет жериндеги жарыктандырууну да көңүл сыртында калтырбай жеринде чечүүгө аракет жасады. Акман айыл өкмөтүндө 2017-жылы 1,5миллион. 2018-жылы 2миллиондук жарыктандыруу иштерин жүргүздү андан сырткары, Кайрыма, Жараке айылдарына трансформаторлорду орноттурду. Бешик-Жон айылынын жаңы конуштарына жарыктандыруу орноттурду.

Улам элдин саны көбөйгөн сайын үй куруу үчүн маселе жаралат. Биздин райондо да ошондой кырдаал катталды. Бирок ал кырдаалдан да Талай Айтмаматовичтин жардамы менен чыга алдык. Үй салам деген жаштарыбыз үчүн, район боюнча 386миң гектар жерди трансформациялоодо депутатыбыздын мээнети күч.

Базар-Коргон районундагы медицина тармагына да кайдыгер караган жок деп баса белгилеп кетким келет. Райондун борборунда жайгашкан Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам бөлүмүнө жаңы заманбап үлгүдөгү имарат курдуруп берди. №8 Үй бүлөлүк дарыгерлер борборун капиталдык ремонттон өткөздү. Бешик-Жон айылындагы ҮДТнын капиталдык ремонт ишин жүргүздүрдү. Кенеш айыл өкмөтүнүн Совет айылына заманбап стоматологиялык клиника курдурду. Таажы вирус этектеп, элдин баары үйгө камалган кезде Талайбек Масабиров

Базар-Коргондуктарга жардам колун созду. Буга чейин деле жердештеринен жардамын аячу эмес. Бул ирет эл өкүлү тарабынан он беш тонна ун, он беш миң бет кап жардам иретинде берилди. Унду, жетим-жесир, жашоо шарты оорлор, медицина кызматкерлери жана ардагерлер алды. Андан сырткары Т. Масабиров, Базар-Коргон районуна жакын жайгашкан, Сузак районуна он эки миң бет кап, Өзгөн районуна он миң бет кап таратты.
Андан кийин пандемия учурунда да эл өкүлү кол куушуруп олтурбай, райондогу медицина кызматкерлерине маска, коргоочу кийимдерди, медициналык каражаттарды, кымбат дары-дармектерди, кычкылтек концентраттарын жеткизип берди.


Кыскасын айтканда, Талайбек Масабиров шайлоочуларына берген убадаларын ашыгы менен аткараптыр. Өзүн пиар жасаганды жактырбайт. Жардам сурагандардан жардамын эч качан аябайт. Жетим жесир, оорулууларга, берген жардамдары белек-бечкектерин кеп кылбайт. Муктаждарга берген жардамын мусулмандык парзы катары кабылдайт. Жогорку Кеңеште туруп алып кооз сүйлөбөй, айткан сөзү менен жасаган иши дал келет дешти жердештери. Өкмөт жана коомдук уюмдар менен элдин ортосуна көпүрө болуп, элеттиктердин проблемасын чече билген депутат Талайбек Масабировду бали дегим келди… Ушундай элдин мүдөөсүн аткарган депутаттарыбыз көп болсо экен деп тилек кылдым.
Тахмина Бексултанова
Булак:BULUT.KG