Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин депутаты:” Куулук-шумдукту билбеген сапаты менен багынтты”
09.09.2019Жогорку кеңештин көптөгөн депутаттарын маекке чакырып келгем, бүгүнкү каарманым, башкалардан өзгөчөлөнүп, негедир ар бир сөзгө маани берип гана тим болбой, олутту жооп берди. Анда сөз өз орду менен болсо…
- Агай, адегенде эле балалыкка кайрылуу менен маегибизди баштасак?..
— Жакшы болот. Балалыгым, Ноокат районунун, Кара-Таш деген айылында өттү. Элет жери негизи тарбиянын зор мекени экени талашсыз. Айыл жеринде эс тарткан балдар сыяктуу мен да балалыктын кайрып алгыс күндөрүн, бактылуу өткөрдүм десем тура болчудай. Туулган айылым, өлкөбүздөгү эң кооз айылдардын бири. Же, “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей мага өтө кооз сезилеби, айтор бир керемет камтылган айыл. Сегиз бир тууганбыз. Атам орган кызматкери эле. Жашырганда эмне, атамдын маянасы бизди бакканга өп-чөп гана жетчү. Ошондуктан жаш кезибизден эле жер иштетип, акча тапканга апам бизди көндүрүп койгон. Оюн күлкү, шаң-тамаша менен бирге, ошол эле учурда эмгектенүүнү да үйрөндүк.
- Бала кездеги сезим козгогон, алгачкы арзууңузду айта аласызбы?
- Бала кезде сезимимди козгоп, кооз ааламга жетелеген учурлар өтпөптүр.
- Кантип эле, алгачкы арзууга кабылбаган адам болбосо керек?..
- Эми арзуу сезими ар кимге аркандай учурда, ар кандай кырдаалда келет экен. Бала кезде сабактан соң, үй жумуштары менен алек болчумун. Дээрлик убакыт тартыш эле. Атам көп учурда жумуштан колу бошобогондуктан биз апамдын көзөмөлүндө көп болчубуз. Апам болсо, биздин бир мүнөт да бош олтурганыбызга каршы эле. Бош болуп калса, балдарым кандайдыр жаман иштер менен алек болуп кетпесин деген ой мененби же, жаш кезинен эмгекке бышсын дечү беле, бизди кара жумушка катырып тарбиялады. Апамдын берген тарбиясынын пайдасын эр жеткенде көп көрдүм. Менин жетишкен ийгиликтеримдин түптөөчүсү апам экени талашсыз.
- Сүйүү бар экенине ишенесизби?
- Ишенем. Бирок мен сүйүүнү көп түргө бөлүп карайм.
- Кандайча?..
- Ата-эне бир-тууганга болгон сүйүү, мекенге болгон сүйүү, доско деги койчу мен үчүн сүйүү өтө көпкө бөлүнөт.
- Негизи, жеңеге сүйүү сезимдерин билгизип эле үйлөндүңүз беле же ала качуу жолу мененби?..
- Жактырып, сүйлөшүп, сүйүү сезимимди билгизип эле үйлөнгөнмүн. Келинчегимдин аты Раида. Мен баш калаабызда иштеп жүрүп таанышканбыз. Ымалабыз келишип, үй-бүлө шаарын курдук. Кудайга шүгүр учурда бактылуу күндөрдүн күбөсү болуп, эки кыз, эки уулду тарбиялап жаткан чагыбыз. Бир неберенин таятасымын.
- Жеңе кайсыл жердин сулуусу?
- Келинчегим, Чүйдүн кызы. Борбордо төрөлүп, чоңойгон.
- Экөөңөрдүн турмуш курууңарга каршылыктар болгон эмеспи? Айтайын дегеним, элибиз түндүк түштүк деп бөлүнөт эмеспи?..
- Эми учурунда түшүнбөстүктөр, каршылыктар болбой койгон жок. Болду… Бизге каршылык көрсөткөндөрдүн бири кайнатам болду. Кайнатам кызымды(келинчегимди) биринчиден түштүктүк жигитке бербейм, экинчи милицияда иштеген жигитке бербейм дечү экен. А мен болсо болгондо да түштүктөн, аным аз келгенсип, милицияда иштейт элем да.
Бирок, кыргызда жакшы кеп бар эмеспи “Нике кайып” деген. Тагдырыбыз бир экен. Каршылыктар бара-бара сый урматка алмашылып жашообуз өз нугуна түштү. Кыйын кездерди татыктуу жеңе алдык.
- Жеңе түштүктүн салтына кантип көндү?..
- Адам баласы баарына көнөт. Пенденин колунан көп нерсе келет. Биздин ортобузда бири-бирибизге болгон сезим күчтүү үчүн болсо керек. Келинчегим колунан келишинче аракет жасап, түштүктүн “жазылбаган мыйзамдарына” баш ийип, апамдын сүйүктүү келиндеринин катарын толуктай алды десем болчудай.
- Угушума караганда көпчүлүк эркектер апасына окшош аял затын издешет экен. Сиз да, апаңызга окшош аял затын издедиңиз беле?
- Апа деген бала үчүн эң кымбат, теңдеши жок аалам болот экен. Апама окшош аял затын издедим деп айта албайм. Мүмкүн, түспөлү окшош болбосо деле кайсыл бир сапаттары окшошту издегендирмин.
- Жеңе кайсыл сапаты менен сизди арбап алган?
- Бой көтөрбөгөн, куулук шумдукту билбеген, анан иштерман. Ушул сапаттар мени өзүнө жипсиз байласа керек деп ойлойм.
- “Кайнененин камырынан” деп коёт эмеспи, келинчегиңиздин апаңызга окшош сапаттарын байкай алдыңызбы?
- Апам мээнеткеч, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, балдардын тарбиясына өтө көңүл бөлгөн, жетим-жесирден колунан келген жардамын аябаган, тамакты мыкты жасаган инсан эле. Келинчегимдин балдарга жасаган аяр мамилесин, ашканада жасаган даамдуу тамагын апама окшотуп кетем.
- Уул бала үйлөнгөн соң, апасы экинчи планда калат дешет?..
- Ал болбогон кеп. Эненин ордун эчким баса албайт. Эненин мээримин, анын ар бир көз карашын, түнү бою кирпик какпай алдейлеп, таңды атырганын, берген ак сүтүн, ким тана алат. Апа деген, үч тамганын ичинде кандай зор күч жатканын ар бирибиз эле учурунда элес албасак керек. Апанын орду алмашат дегени, апабызга мурункудай түйшүк артылбайт деп эле түшүнөм. Аялын, апасынан жогору койгон эркектерге мен наалат айтам.
- Кечиккен сүйүүгө кабылсаңыз эмне кылмаксыз?
- Эми мен үчүн, кечиккен сүйүү деген болушу мүмкүн эмес. Менин жашоомдо кезиккен сүйүүм, арзып алган жубайым бар. Мындан ары, сүйүүбүздү түбөлүк кастарлап алууну кудайым насип этсин.
- Кимдир бирөө сүйүүсүн билдирген учур болду беле?
- Болгон эмес. Болбойт деле. Мен жашоого өтө олуттуу карайм. Кимдир бирөө сага сүйүүсүн арнаш үчүн, сен жактан кандайдыр бир “шанс” берилиш керек.
- Кокустук да… Эгер чындап жаш кыз сизди сүйүп калса кандай жооп узатаар элеңиз?..
- Кызык…Жаш кыз үй-бүлөлүү эркекти кантип сүйсүн. Эгер чындап сүйүүсүн билдирсе… Мени сүйүп калуу бул жаңылыштык экенин түшүндүрмөкмүн. “Тең теңи менен, тезек кабы менен” болгону дурус эмеспи.
- Негизи эркек элүүдөн кийин “гүлдөйт” дешет. Кайрадан сүйүү келип, кээ бирөө төшөк жаңыртып дегендей. Буга сиздин оюңуз кандай?
- Эр ортону элүүгө келип, орун очок алып, үй-бүлө шаарын курган эркек башын жоготуп сүйүп калуу бул болбогон көрүнүш. Өзүң ойлонуп көр… Бала-чакаң бой жеткенде сүйүп калдым деп дербиш болуп кетүү алсыз эркектин иши .
- Анткенибиз менен сүйүү, эч нерсеге баш ийбеген, албуут сезим дешет?..
- Жүрөгүндө ыйманы бар адам, андай алсыздыкка алдырбайт. Элүү жашка келгенче өз сезимин жылоологонго кудурети жетпесе, эркек болуп баш көтөрүүнүн кажети жок.
- Бирок айланада кечиккен “махабатын” тапкан чиновниктер арбып баратат го?..
- Эр кимдин өз иши. Ким кандай махабатка кабылып жатканын билбей туруп, аны сындоо тура эмес.
- Кызганчааксызбы?..
- Сезим бар жерде кызгануу болот. 2009-жылга чейин үйүбүздө кызганычтын айынан анча мынча кайым айтышуулар болуп турчу. Ошол жылы жеңең экөөбүз ажыга барып келгенден соң, кызганычтан сыйлашууга өткөнбүз.
- Кандай аял заты жагат?
- Ыйманын сактаган,
Альбина Шадыбекова
Булак:Bulut.kg