Төрөбай Зулпукаров ЖК депутаты: Ийгилигимдин ачкычы апам

Аял затын барктаган, мекенчил мырза Төрөбай Зулпукаров менен маек

—     Агай,  “апа” дегенде көз алдыңызга кандай элес тартылат?

—    Апа дегенде эле көз алдыма дайыма мээнеттин үстүндө жүргөн,   чарчап-чаалыкканды билбеген энемдин элеси көз алдыма тартылат .

      Апам, Нурматова Бүрабия Ноокат өрөөнүнүн Бел-Өрүк деген айылынын кызы. Бирок айылдаштар апама Патила деп кайрылышчу. Кайраттуу беттегенин бербеген, баштаган ишин аягына чыккан адам эле. Бизге тарбия берүүдө апамдын орду жогору.

  • Атаңызчы?

Атам орган кызматкери болгондуктан, бизге терең тарбия бергенге убактысы тартыш эле. Күн-түнү менен жумуштун аркасында жүргөн үчүн, апам көп убактысын бизге бөлдү.

Апаңызды аябай жакшы көрөт окшойсуз?

— Кызык, энени жаман көргөн инсан болбосо керек… Эне жөнүндө сөз кылууга сөздүн өзү жетпейт чыгаар. Мен башкаларды билбейм бирок апамды өтө жакшы көрөм.

—  Кайсыл сапатын баалайсыз?

— Кудайым аял затына кайсыл сапаттарды ыроолосо, ошол сапаттардын баарынан кур эмес эле. Ар бир сапатын айтып олтурсам өзүнчө бир китеп болот… Төгөрөгү төп келген адамдардын  өмүрү кыска болот деген чын белем. Апам арабыздан эрте кетти…

— Эркек балага аялы апасындай болуп калат деген сөздүн канчалык чындыгы бар?

— Ал айтылган сөз болбогон бир кеп да. Эне менен аялдын ордун билбеген бул бир маңкурт болсо керек. Аялың бул сенин жарың, балдарыңдын апасы, ал эми апаң ак сүтүн берип, түн уйкусун бөлүп, бардыгына чыдаган адам. Энеңдин орду баары бир бийик.

— Балалыкка бир кылчайсак?

— Балалыгым айыл жеринде жакшы өттү. Оюн күлкүгө аралаш эмгектенүүнү да үйрөндүм.

— Угушума караганда атаңыз кызматчы болгон. Кызматчынын баласы талаада иштегени уятпы дейм

— Ал учурда эсил кайран СССР деген урабачудай болгон, улуу держава гүлдөп турган кез эле. Сабактан чыккан соң, талааны көздөй жөнөйбүз. Кызматчынын балдары иштебей кою уят болуп эсептелчү. Адамдардын аң сезими башкача боё, боорукер эле.

— Азыркы адамдардын пейили заманга жараша өзгөрсө керек да?…

— Ушул заманга доорго жараша пикир өзгөрдү дегендерге түк каршымын. Себеби адамдардын пейили тарыганына замандын тийешеси жок. Арабызда ач көз адамдар көбөйгөн үчүн,  пейили тарлар көбөйүүдө.

— Жаш кезден мээнетке быштым дедиңиз?

— Ооба бала курактан баштап эле, тамекиде иштеп, мээнетке бышып чоңойдум. Ошол жаш кезде апамдын бизге берген тарбиясынын натыйжасында, көптөгөн ийгиликтерди багынттым. Менин ийгиликтеримдин ачкычы апамдын көрөгөчтүгү! Негедир апам бизди бош олтургузчу эмес, дайыма бир нерсе менен алектенсе деп кайдагы жумуштарды таба койчу. Баламын да элге окшоп, ойногум келип, ичимден жактырбаган кездер болгон. Көрсө апам менин келечегимдин фундаментин куруп жаткан тура. Ал кезде аны ойлош кайдан…

— Өзөк өрттөгөн өкүнүчүңүз барбы?

— Өзөгүмдү өрттөп жүлүнүмдү сыздаткан өкүнүч деп ата-энемдин эрте дүйнө салганын айтам. Балдарды тарбиялап, эрезеге жеткирип коюп, ысык чайыбызды ичип, төрдүн көркү болуп отурарда, арабыздан кеткенин эстесем ичим эңшерилет.

— Сиз апаңыздын кайсыл сапатын алып жүрөсүз?

— Апам, боорукер киши эле. Жетим-жесирди көрсө жардамын аячу эмес. Мен да боорукермин. Кыйналгандарды көрсөм, колдон келишинче жардам бергенге тырышам.

— Жеңенин кайсыл сапаты апаңызга окшош?

— Жасаган тамагы, балдарга берген бөтөнчө тарбиясынан апамды көп эстейм.

— Апаңыздын акыркы сөзүн эстей аласызбы?

— Орусияда иштечү элем. Телефондо сүйлөштүк. Кийин уксам ошондо ооруканада жаткан экен да. Мага жакшы элемин деп койду. Мени сар-санаа кылгысы келбесе керек?..

— Апасын мактаган саясатчылардын азын эле билем…

— Баарыбызды эне төрөйт да. Саясатка келгенге чейинки өмүр жолуңду барактасаң, апаңдын эмгеги опол тоодой болот. Бекеринен бейиш эненин таман астында деп айтылбаса керек.

— Атанын ордучу…

— Атанын орду өзүнчө. Моюнга алыш керек,,, “Урматка келгенде Апа болсо, сыйга келгенде Ата»  деген эскиден калган Ата-Бабаларыбыздын накыл сөзү бар. Атабызды дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү инсандай сезчүбүз. Эркек уулдары баарыбыз атабыздай болууну эңсечүбүз. “Атаң билсе урушат, атаң менен бирге тамак жегенде өзүңдү туура алып олтур.  Мектепте жакшы оку, Атаңа сөз тиет. Атаңды уят кылба!” деген сөздөрдү биздин учурда апаларыбыз айта берип, жашообуздагы  эң негизги каарман катары атабызды көрчүбүз. Атанын алкышын алуу биз үчүн, сыймык болгон. Апабыздын  атабызга болгон мамилеси өтө чоң урмат жана сый менен болгондуктан, атабызга биздин мамилебиз бөтөнчө болчу. Ата-Энебизди бир туугандар бирөөсү сен деп айтканын уккан эмеспиз. Каяша сүйлөө эмес, туура эмес карап коюу дегенди билбейт элек. Атам менен биздин мамилебиздин жакшы болушуна, ыңгайлуу шарт түзүп, урагыс мамиленин пайдубалын апам, түптөгөн экен.

Альбина Шадыбекова

Булак: BULUT.KG