Төрт адам президенттикке талапкерлигин койду
31.10.2020Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына төрт адам арыз берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчылыгына эң биринчилерден болуп 30-октябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров талапкерлигин көрсөткөн.
Ал эми бүгүн “Аурдин” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Арстанбек Абдылдаевден БШКга арыз келип түшкөн. Ал президенттикке талапкерлигин өзү көрсөткөн.
Ошону менен катар Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү боюнча 38 жаштагы “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун башкаруучулугунун төрагасы Кубан Чороев арыз берген.
Төртүнчү болуп “Лига-Антикризис” коомдук бирикмесинин президенти, 58 жаштагы Назарбек Нышанов талапкерлигин өзү көрсөтүп БШКга кайрылган.
Кыргызстандын президентин шайлоо күнү 10-январга белгиленген.