Түштүк Кореянын мурдагы президенти 17 жылга соттолду
20.02.2020Сеул шаарындагы Апелляциялык сот өлкөнүн мурдагы президенти Ли Мён Бакты 17 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги кабарлады.
Соттун маалыматына ылайык, мурдагы президент бир тууганына катталган автоунаа тетиктерин чыгаруу компаниясына ээлик кылып, бизнесин өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарын пайдаланып келген.
78 жаштагы саясатчы буга чейин ушул эле иш боюнча 15 жылга соттолгон. Бирок саламаттыгынын начарлап кеткендигине байланыштуу күрөөгө бошотулган. Эми ал кайра түрмөгө камалат.
Прокурор мурдагы мамлекет башчыны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. Саясатчы өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагууда.
Ли Мён Бак Түштүк Кореяны 2008-жылдан 2013-жылга чейин башкарган. Өлкөнүн андан кийинки президенти Пак Кын Хе да камакта. Ал коррупцияга, кызматтык кыянатчылыкка жана шайлоого кийлигишүүгө айыпталып, жалпысынан 34 жылга кесилген.
Булак: Bulut.kg