Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус катталганы тууралуу маалыматты четке какты

Азаттыктын» түркмөн кызматынын Ашхабаддагы эки кабарчысы шаардын четиндеги Чоганлы аймагынын инфекциялык ооруканасынын кызматкерлерине таянуу менен коронавирус жуккан эки учур катталганын билдирди.

Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо борборунун расмий өкүлдөрү бул маалыматты четке кагышты.

Оорукананын кызматкеринин биринин айтымында, 10 күндөн бери эки түркмөнстандык карантинде кармалууда, алардан анализ алынган учурда COVID-19 вирусу бар экени аныкталган.

Бул арада ушул эле оорукананын башка бир дарыгери коронавирус бир нече кишиден табылганын айтты.

Түркмөнстан коңшулаш бардык өлкөлөр менен чек арасын жапкан, мындан тышкары өлкө жарандарынын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынган.

Акыркы суткада вирустан Кытайда 33 киши каза тапты. Түштүк Кореяда 6, Италияда 27, Иранда 11, Францияда 1, Испанияда 1 киши жугуштуу оорудан набыт болду.

Кытайдын Ухань шаарында декабрь айында пайда болгон жугуштуу оорудан жалпы дүйнө жүзүндө 3100 ашуун адам көз жумду. 65тен ашуун өлкөдө ооруга чалдыккандар катталды.