Түркмөн бийлиги кайрадан жарандардын сакалын күчтөп алдыртууда

Түркмөн бийлиги кайрадан жарандардын сакалын күчтөп алдыртууда

06.07.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Түркмөнстандын Лебап облусунда бийлик кайрадан жарандардын сакалын күчтөп алдыртууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди. Облустун Түркмөнабад шаары менен Фарап районундагы базарларда, көчөлөрдө жүргөн 60 жашка чейинки сакалчан жарандар кармалып, полиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө. «Анда алардын сакалдары алынып, «диний экстремисттерге» жана «ваххабиттерге» тиешеси бар деп айыпталышууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде дээрлик жүздөгөн адамдын сакалы күч менен алынды. Мындан улам айрым тургундар кармалуудан коркуп, өздөрү эле сакалдарын алууга аргасыз болуп жатышат», — деди радионун аймактагы кабарчысы. Түркмөн бийлиги акыркы бир нече жылдан бери сакал коюп жүрүүгө каршы күрөшүп келет. Былтыр 20 жаштан 55 жашка чейинки сакалчан жарандар учактарга жана поезддерге киргизилбей, айрымдары сакалын сапар алдында алууга аргасыз болуп жатканы кабарланган. Түркмөнстандын коңшулары болуп эсептелген Тажикстан менен Өзбекстанда да сакал коюп жүрүүгө чектөөлөр бар. 2016-жылы тажик милициясы күчкө салып 13 миңге жакын адамдын сакалын алган. Былтыр сентябрда Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев жыйын өткөрүп, кызматкерлеринен сакал коюуга жана хижаб кийүүгө каршы өнөктүк баштоону, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылган. Көп өтпөй ал «аша чапканын» мойнуна алып, кечирим сураган.