Транспортко түшкөндө жүрөк айланса…

Кээ бир адамдар автобуска түшөбү, самолетко түшөбү дароо эле жүрөгү айланып куса баштайт.

Муну окумуштуулар адамдын денесинин өйдө-төмөн силкинген кезинде ичеги-карын, боор жана башка ичеги органдардын өз ордунан жылып кетүүсүнөн жана айрым нервдердин дүүлүгүүсүнөн келип чыгат деп түшүндүрүшөт.

Ошол үчүн адам транспорт ордунан жылганда жайланышып уктап кетүүгө аракет кылуусу керек. Ошондой эле жол транспортуна түшөрдө анын ыңгайлуу түрүн тандап алуусу дурус. Ал эми самолетко отурганда терең дем алып, жогору көтөрүлгөндө дем чыгарбоо керек. Анткени терен дем алып демин ичине катып турган кезде адамдын ички органдары кеп дүүлүкпөйт да жүрөк айланып куспайт.

Жүрөк айланууга кээде бензиндин жыты да таасир этет. Мындан алыстоо, анын жытын сезбеш үчүн жолго чыкканда жыты жагымдуу алма, апельсин, мандарин, лимон өңдүү жемиштерден алып жыттап жүрүү да жакшы натыйжа берет. Кээ бирөөнү чеснок же колбасанын жыты алаксытат.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ