Томат согу канчалык пайдалуу?

Томат согу канчалык пайдалуу?

16.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Помидор бышкан маалда томат согун кеңири даярдап алсаңыз, ден соолукка абдан пайдалуу. Курамында помидор менен туздан башка эч нерсе жок болгондуктан, жуткан сайын зыяндуу жагын ойлонуп кабатыр болбойсуз.

Томат согунда В тобундагы витамин, С, РР витамини, мындан тышкары темир, кальций, фтор, фосфор бар үчүн организмге керек азык деп табылган.


√ Көпчүлүк мөмө-жемиштеридин согуна караганда аз калориялуу, 100 грамм азыкта болгону 20 ккал бар. Андыктан арыктоо үчүн каралган ар түрдүү диетанын тизмегине коркпой эле кошсо болот. Эсиңизде болсун, эгер томат согун туздуу кылып ичсеңиз, табитти ачып, тамакты көбүрөөк эңсетет.

√ Томат согу кандагы канттын деңгээлин түшүрөт. Ошондуктан кант диабети менен ооруган адам ичсе ашыкча эмес.

√ Томат согундагы өсүмдүк булалары жүрөк оорусун пайда кылган кан тамырларга топтолгон “жаман” холестеринден организмди тазалоого таасир этет.

√ Ичи каткан адат өнөкөт болгон адамдарга да ичегинин ишин жакшыртуу үчүн томат согун ичүү сунушталат.


КАРШЫ КӨРСӨТМӨСҮ: Ашказан согунун кычкылдуулугу жогору болгондо, ашказанда жара болгондо, уйку без менен өт ооруларында ичүүгө сунушталбайт. Бала эмизген келин да ичкенге болбойт, эгер анын баласынын ичи өтүп жатса.

Сания Уланбекова

Булак: Bulut.kg