Токтогул шаарында “Бош жумуш орундарынын” жарманкеси болуп өттү
29.05.202128-май күнү Токтогул шаарындагы №39 А.Бердалиев атындагы кесиптик окуу жайынын имаратында Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Бош жумуш орундарынын” жарманкеси болуп өттү. Жарманкени райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Сагындык Кудайбердиев ачып, башкармалыктын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берип өттү. Ошондой эле жарманкеге райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орунбасары Нават кызы Айна жана райондун ичиндеги мекеме ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты. Жарманкенин жүрүшүндө калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн №39 А.Бердалиев атындагы кесиптик окуу жай менен биргеликте уюштурулган кыска мөөнөттүү окуу курстарын аяктап, кесипке ээ болгон жарандар өздөрүнүн билим алган кесиптери боюнча, жасаган иштерин жана кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүштү. Жарманке жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү. Иш чара райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин концерттик программалары менен коштолду.




Булак: BUIUT.KG