Токтогул Туманов КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары: “Жубайымдын аракетчилдигине баа берем”

Токтогул Туманов КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары: “Жубайымдын аракетчилдигине баа берем”

25.04.2019 Выкл. Автор bulut.kg

— Агай, эң алгач бал татым балалыкка кайрылуу

менен маегибизди баштасак?

— Ата-тегим Алайдын Мурдаш деген айылынан бо-

лот. Бирок мен Токтогул районунда төрөлгөм. Кут да-

арып, кызыр жылоологон Токтогул атабыздын киндик

каны тамган жерде төрөлдүм, демократ акын Токтогул

Сатылгановдой «эл керегине жараган сыймыктуу уул-

дардан болсун»-деп атымды ырымдап, Токтогул коюш-

кан экен. Менин алгачкы бал татым балалыгым өткөн,

тамтуң баскан издерим түшкөн айыл азыр Токтогул

суу сактагычынын астында калган. Бала кезимде абдан

тентек болгом, бала бакчага баруу мен үчүн ушунчалык

кыйын жумуш эле. Канча жолу бакчадан качып, тарби-

ячылардан тил угуп, апамды кыйнаган кездерим өткөн.

Менин апам колхоздо эмгектенген бирок, аябай эрки

күчтүү адам экен, канчалык бакчага баргым келбей,

шылтоо издесем да, болбой мени бакчага көндүргөнүнө

азыр ойлосом да таң калам. Беш жашка чыкканымда атамдын жумушуна байланыштуу Кара-Кулжа районуна көчүп кеттик. Ошол

жерден мектеп босогосун аттадым. Тоо койну, жашыл

шибер, кооз жаратылыш, азыркы күнгө чейин көз ал-

дыма тартылат. Бешинчи классты аяктаган соң атам

аскер адамы болгонуна байланыштуу жумушка Ноокат

районуна которулду. Ноокатка барып жашап калдык.

Мектепти ошол жерден бүтүрдүм. Менин балалыгым

түштүктүн айылдарын кыдыруу менен өттү. Улам жаңы

жер, жаңы адамдар кызыктуу көрүнүштөр дегендей.

Атам аябай тартипти бекем сактаган адам эле. Биз-

ди жалган сүйлөбөгүлө, чекеңе атса да чындыкты бетке

айт, жатып ичер жан бакты болбогула деп кулагыбызга

кумдай куюп, өстүрдү. Жалкоо кишини душманындай

көрчү эле..

— Алгачкы арзууңуз жөнүндө кеп салсаңыз?

— Башкалар сыяктуу менин да башымдан эң алгачкы

арзуу дейбизби? Же балалык сүйүү дейбизби, айтор бир

сезим өткөн. Армияга кетеримде бир кызды жактырып,

жада калса ал кызга үйлөнөм деп чыккам. Ал оюма атам

караманча каршы чыгып, сен азыр бала бойдонсуң, тур-

муш деген сен ойлогондой жеңил нерсе эмес, жигит-

тик милдетиңди өтө андан кийин жогорку билимге ээ

болуп, бир кесипти аркала. Андан соң үй-бүлө күтүп,

турмуштун казанына кайна деген. Атамдын сөзүн жер-

ге таштай албай, бир чети келечегиме кам көрүү үчүн

агроном болсом деген ойго токтолгом. Менин мектепти

аяктаган жылдарым эсил кайран СССР деген улуу дер-

жава гүлдөп турган учуру болчу. Ошондуктан агроном

болуп, колхоз, совхоздордун бирин гүлдөтүүнү максат

кылып койдум да, жогорку билимге ээ болуу үчүн Мо-

скваны көздөй жөнөдүм.

Студент кез кандай керемет. Мен үчүнчү курсту аяк-

таганым да СССР тарап кетти, баарыбызды жогорку

билимдүү болтурсам деп дилгирленген атам, үчөөбүздү

борбордон окутуп жаткан эле. Ал учурда Москва он

беш республиканын жүрөгү эмес беле. СССР тараган

соң атам үчүн, үч бирдей студентти алыстан окутуу кый-

ынга турду. Кыргызстандан окууңарды уланткыла деп

суранды.

Ата-эне жаш кезде талапты катуу койгон, катуу

койгон менен жашы өткөн сайын мусапыр болуп калат

экен, талап коё албай жөн гана суранып, карып калга-

нын мойнуна алып, момунга айланат тура.

Атамдын көңүлүн кыя албай, Кыргызстандан оку-

умду улантканга мажбур болдум.

Ошентип жогорку билимге өз мекенимден ээ болгом.

Бирок жогорку билимге ээ болгонум менен колхоз, со-

вхоздор жоюлуп кетип, жумушсуз калдым.

— Сүйүп үйлөнгөнсүзбү же түштүктө салт болуп

келгендей, кудалашуу жолу мененби?

— Окуумду аяктаган соң, Кыргызстан өз алдынча

мамлекет болуп, аябай кыйналып турган кез болгон.

Кыйынчылык кезде картайган ата-энемди кыйнабай

бир аз иштеп, тыйын тапканда үйлөнөйүн деген ойго

жетелендим, иштеп жүрүп, жубайыма жолуккам. Жак-

тырып, сүйүп-күйүп эле үйлөнгөм.

— Жубайыңыз кайсыл жердин сулуусу?

— Жубайым Ош облусунун Өзгөн районунун кызы.

— Кайсыл сапаты менен сиздин жүрөгүңүздү

багынткан?

— Экөөбүз таанышканда кадимки карапайым, айыл-

дын кызы эле, айылда өсүп куулук шумдукту билбеген

момундугу, жан дүйнөсү жаш баладай тазалыгы, тур-

муш шартка тың экендиги, эмгекти сүйгөндүгү мени

арбап алган. Жубайым эки жогорку билимдүү. Учурда

жеке ишкерлик менен алектенет. Азыркы күнгө чейин

тырышчаактыгына, аракетчилдигине баа берем.

— Атаңыздан сизге мурас калганбы?

— Атам өмүр бою мамлекеттик кызматтарды аркалап

жүрсө да, байлык топтобогон. “Байлык мурат эмес, кол-

дун кири, бүгүн бар эртең жок” деп айтчу, ар бир сөзүндө

“өмүр жолумда тапкан он балам силерсиңер менин бай-

лыгым, баарыңарды жогорку билимдүү кылдым, ошол

менин өмүрүмдүн текке кетпеген маңызы”-деп, калаар

эле. Атамдан калган байлык жүрөгүмдө куттай уюган

накыл кептери. Турмуштан ордуңду тапканыңа өбөлгө

түзгөн татыктуу тарбиясы десем, аша чаппасмын.

— Кандай тамактарды жактырасыз?

— Жубайым негизи тамактарды жакшы жасайт. Жа-

саган ар бир тамагын сүйүп жейм. Көбүнчө улуттук та-

мактарга басым жасайбыз.

— Сүйүү бар экенине ишенесизби?

— Ишенем, сүйүү бар үчүн, тукум уланып, жашоо

куралып келе жатат. Сүйүү өлбөс түбөлүк, ал көзгө

көрүнбөйт, кулакка угулбайт, а бирок адамдын жан

дүйнөсүндө жашаган тартылуу күчү. Кайсыл доор бол-

со да чыныгы сүйүү болот.

— Сиздин жубайыңызга болгон сүйүүңүз өзгөргөн

эмеспи?

— Өзгөргөн жок, болгону мурункудай жалындап

сыртка чыкпастан, сыйлашууга өтүп, балдарга болгон

сүйүүбүз өркүндөп кеткен.

— Балдарыңыздын ичинен кимиси сизге жакын?

— Ата-эне болгондон кийин ар бир баланын өз орду

болот. Биринен-бирин бөлүп карай албайсың. Бирок,

жашың өткөн сайын улам кичинекей балаң таттуу

көрүнөт экен.

— Апаңыздын сизге болгон сүйүүсүн сүрөттөп

бересизби?

— Эненин балага болгон сүйүүсү чексиз, аны сөз ме-

нен айтып, кагаз бетине түшүрүү аздык кылат. Менин

апам он баланы төрөп өстүрүп, баарыбызга татыктуу

тарбия берип, бул турмуштун тайгак жолунда тайгалан-

бай ордубузду тапканыбызга дем-күч берген асыл жан.