Токаев балдарды милдеттүү түрдө эмдетүү тууралуу мыйзамга кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Калктын саламаттыгы тууралуу жаңы кодекске жана саламаттык сактоо тармагындагы бир нече мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Жаңы кодексте төмөндөгүдөй беренелер бар:

— Казакстандын бардык жарандары үчүн милдеттүү жана ыктыярдуу эмдөө: мыйзам эмделбеген балдарды бакчаларга кабыл алууга тыюу салат.

— өлүм алдындагы донордун органдарын, ткандарын алуу тартиби жана аларды чет өлкөлүк жарандарга салуу үчүн Казакстандан сыртка чыгарууга тыюу салуу,

— өлкөдө электрондук тамеки колдонууну чектөө,

— 21 жашка чыга элек өспүрүмдөргө тамеки саткандарды административдик жоопкерчиликке тартуу.

Кодекстеги эмдөө тууралуу берене Казакстанда көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан. Айрым тургундар эмдөө каражаттарынын сапатынан күмөн санап, вакцинадан кийин оорунун күчөп кетүү тобокелдиги бар экенин айтып чыгышкан. Бул беренени жоюу талабы жазылган онлайн-петицияга 166 миңден ашык киши кол койгон. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги балдарды эмдетүүдөн баш тартуу — алардын саламаттыгын коргоого болгон укуктарын бузуу болуп эсептелерин билдирген.

Токаев мындан тышкары административдик мыйзам бузуулар тууралуу кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө да кол койду. Ага ылайык, өзгөчө абал режими маалындагы чектөө чараларын бузуу же аткарбоо үчүн каралган айып пул өлчөмү 10 эсеге жогорулады.

Мындан ары өзгөчө абал режимин бузгандар 277 800 теңге (682 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөп же 15 суткага камакка алынат. Эреже бузуу экинчи жолу кайталанса, айып пул 555 600 теңгени (1364 доллар) түзүп, жаран 30 суткага камалышы мүмкүн.