Тиш тууралуу сиз билбеген өтө кызыктуу фактылар

Тиш тууралуу сиз билбеген өтө кызыктуу фактылар

25.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

100 пайыз адамдын 2 пайызы гипердонтия оорусуна чалдыккандыктан ал адамдарда тиштер экинчи катар болуп чыгып, көп тиштүү болуп калат. Мындай учурларда тиш дарыгерине кайрылуу шарт.

Шишикте да тиш өсөт 

Жыныстык клеткаларда тератома оорусу кездешкенде анын кесепетинен жумурткаларда шишик пайда болот. Мындайда дарыгерлер шишиктен өсүп чыккан тиштерди кездештиришкен. Ал шишикти жана шишиктеги тишти хирургдар гана ала алышат.

Японияда кыйшык, орсок тиштер мода 

Көпчүлүгүбүзгө тегиз жана ак тиштер сулуулуктун белгисиндей сезилет. Японияда, тескерисинче, кыйшык, орсок тиштер аябай популярдуулукка ээ имиш. Ошондуктан көпчүлүк жапон айымдары жаш жана сулуу көрүнүш үчүн тиштерин атайын кыйшайттырышат экен.

Тишти жардамы менен көргөн аял

2000-жылы АКШда жашаган Шэрон Торнтон аттуу аял көрбөй калган. Ал аялга операция жасай турган дарыгерлер көздү тиштин жардамы менен көргөзүү жолун сунушташкан. Макул болгон Шэрон Торнтондун көзүн алышып, ага жасалма линзаны тагып, сол көзүнүн ордуна тишти коюшкан. Бир күндөн кийин сокур аял жарык дүйнөнү кайра көрүүгө мүмкүнчүлүк алган.

— Уламыштар боюнча Будданын 40 тиши болгон. Ал эми Адам атанын 30 тиши болуптур.

— Дүйнө жүзү боюнча эң кымбат тиш деп Исаак Ньютондун тиши аталып, ал 1816-жылы 3 300 АКШ долларына сатылган.

— Кичинекей жаныбар үлүлдүн 25 миң тиши бар экен.

Булак:barometr.kg