Тиллаевге тил бүттү
29.07.2019Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевге тил бүттү. Чындап күйдүбү же кырдаалдан пайдаланып упай топтоп алгысы келдиби, өмүрү ооз ачпаган Тиллаев Баткендин Ак-Сай айылындагы чек ара маселесине байланыштуу Өкмөттү кескин сынга алды. Өз сөзүндө:
«Чек ара маселесин чечүүдө өз элине аброю жок, өз элинен корккон Өкмөттүн облустагы мурдагы өкулү, Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча вице-премьер министри, ошондой эле өз көлөкөсүнөн корккон, эч нерсени чече албаган ички иштер министри сыяктуу кадрлар отурганда, карапайым калктын коопсуздугу жана мамлекеттин бүтүндүгү коркунучта кала берет. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча жооптуу өкүлү, вице-премьер министр Жеңиш Разаков баш болуп мамлекеттин кызыкчылыгына көз жумушту. Жыйынтыгын бүгүн көрүп отурабыз» — деп билдирди. Канткен менен туура айтты.
БУЛАК: Фабула