Текеге эстелик тургузулат

2015-жылы Амур аттуу жолборс менен достошуп элге таанылган Орусиянын Приморск крайында жайгашкан сафари-парктагы Тимур аттуу теке каза болду. Анын жүрөгү кармап калган. Бул тууралуу аталган парктын сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Тимур 5-ноябрда Тимур өлгөн. Текени баккан парктын кызматкери Эльвира Головинанын айтымында, Тимурдун күл челеги артыкчылык менен жерге коюлат. Кийин ошол жерге Тимурдун колодон жасалган скульптурасы жасалат.

Эске салсак, Тимур аттуу теке менен Амур аттуу жолборстун достугу жөнүндө 2015-жылы бүткүл дүйнө билген. Текени капаска  жолборско жем катары ташташкан. Бирок, жолборс Тимурду жеген эмес. Ошондой эле, теке жолборс уктоочу жайды да ээлеп алып, жолборс баш калкалоочу жайдын үстүндө уктоого аргасыз болгон.

Жаныбарлар түнкүсүн өзүнчө уктап, күндүзү чогуу сейилдешчү. Тимур менен Амурдун YouTube  каналындагы видеосун бир нече миллион көрүүчүлөр көрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg