Ташбү Каразакова элдик дарыгер: Дарысыз дарылануу адамга чоң пайда келтирет
15.04.2020
Дүйнө дарыгери, элдик дарыгер, тамырчы, фитотерапевт, мугалим, салбуурунчу , жаачы, Кара-Таш айылынын аялдар кеңешинин төрайымы кыскасы миң кырдуу талант, сүйүктүү жар мээримдүү эне Ташбү эжени кепке тарттым.
- Учурунда мектепте мугалим болуп иштепсиз, кандайча элдик медицинага ыктап калдыңыз?

— Өзүмдүн кесибим химия-биология мугалими. Ноокат билимканасында окуу бөлүмүнүн башчысы болуп жүрүп, эс алууга чыккам. Үй-бүлөлүүмүн, жолдошум, беш балам бар. Балдарымдын баары жогорку билимдүү. Таятам, чоң таятам элдик дарыгер болушкан. Алар бакшы көзү ачык, төлгөчү эмес, сыныкчы жана чөп менен адамдарды дарылашкан. Алардын салтын улай өз апам элдик медицинага ыктап, бизге тааныш эле дары чөптөр менен ооруп калып кайрылгандарды дарылачу. Апама жардам берип жүрүп көп нерсени үйрөнгөм. Бир күнү мага “чөптөр менен иштөөнү кунт коюп үйрөнүп ал, ушул менин табыпчылыгым сага калат” десе таң калып бир чети ишенбедим. Апама кайрылып, табыпчылыкты башка балаңызга калтырыңызчы дедим… Апам баш чайкады. Көз жумарга жакын мени карап: “Табыпчылык сенде калды. Баары бир сени көндүрүшөт” деп койду. Апама жооп узатпаганым менен кантип эле көндүрүшөт. Мен ким мажбурламак эле деп ичимден ойлоп койдум. Мен мугалим болуп иштеп жүрүп кыргызчылык деген түшүнүк менде болбоптур. Көп өтпөй апамдын көзү өттү. А мен болсо, ооруй баштадым. Көрүнбөгөн дарыгерим калбады, анализдерим таза чыгат. Өзүмдөн өзүм буулугуп ыйлагым келет, эч ким капа кылбаса деле капа боло берем. Кыскасы өтө кыйналдым. Врачтар “таза” деген менен ооруй бергендиктен дарылануу үчүн башка жол издей баштадым. Бир күнү гезит барактап олтуруп Агына Жолдошова деген элдик дарыгерге көзүм түштү. Барып көрүүнү эп көрдүм. Бардым, мени көрүп бүтүп: “Сен оорубайсың тазасың! Сенде ата бабадан калган кыргызчылык касиетиң бар. Чөптөр менен иштешиң керек экен” деп айтты. Кантип билдиңиз дедим, “көрүнүп атканыңда колуңда оролгон жалбырактар көрүндү, ошондой аян түштү мага” дейт. Ошондо мен апамдын айтканын эстедим, табыпчылык сенде калды деген сөзү кулагыма жаңыргансыды. Апам жана эки устаздан окудум. КР элдик дарыгерлер ассоциациясын окуп бүтүрүп, 2012-жылы элдик дарыгер деген сертификат, диплом алгам. 2019-жылы Россиядагы эниоинженерия академиясын бүтүрдүм. Сертификат, лицензия, аккредетация, ошондой эле дүйнөнүн дарыгери деген наам беришти. Мен бардык мамлекеттерде иштей берсем болот. Адамдарды дарысыз дарылоону изилдеп түбүнө жетким келет.
- Замандын талабына ылайыкталган табып тамырчы көбөйүп, элди алдап акчасын шыпыргандар да аз эмес буга сиздин көз карашыңыз?

— Табыптар деле мектептеги мугалимдердей эле, математика же черчениеден сабак берген сыяктуу чектелүү эле ооруларды карайт. Тилекке каршы кээ бир табыптар “келе бер бардык оорууларды айыктыра алам” деп элди чакыра берет. Ал табыптан шыпаа таппай калган адамдар бардык табыптарга болгон ишенимин жоготот. “Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” дегендей, башкалардын кесепетинен көпчүлүк элдик табыптар жапа чегүүдө. Мен да башкалар сыяктуу чектелүү эле ооруларды дарылай алам. Адам баласындагы бардык ооруларды карап айыктырып жиберем деп айта албайм.
Менин кабыл алуума көптөгөн адамдар келет. тамырын кармап, аркандай темада сүйлөшөм. Сүйлөп олтуруп ошол адамдын жашоо турмушун билип алам. Кээ бир адамдарда тамыр кармасам ички органдары таза болот. Карап көрүп ошол адамдын, жан дүйнөсү ооруп атканын билип, айыгышына жардам берем. Кабыл алуума келген адамдар эле мени психолог кылып коюшту. Анан мен кабыл алуума келген замандаштарга психологиялык жактан жардам берүүнү чечтим. Башында дары менен чөптү аралаштырып берип жаттым. Кан басымың жогорубу- дарыңды иче бер. Бул чөптү да дарың менен айкалыштырып иче бер дедим. Андан үч жыл өткөн соң, таблеткасыз дарыланууга өттүм. Бул жерде менден энергия көп кетет.
- Дары чөптөрдү кимден сатып аласыз же өзүңүз жыйнайсызбы?
— Дары чөптү мен өзүм жыйнайм. Чөптү ар жерден терип келем. Информациясы таза болгон жерден. Мал тебелебеген машина жол өтпөгөн, адамдар баспаган, дарыянын боюнан ушундай жакшы аурасы таза жерден терем. Кээде чөптөрдү карап олтуруп, чөптөрдүн арасында дагы ооруган, кыйналган жакшы өспөгөнүн байкайм, жанында сары чырмоок бар, же кандайдыр бир өсүмдүктүн астында көлөкөдө калганына көңүл бурам. Адамдар бири-бирибизге жолтоо болуп жатпайбызбы, чөптөр дагы жашоо үчүн күрөшөт.Дары чөптү терип жатканда ушундай тилек кылам: “Кудайым ушул чөп кимге барат. Кимге барса да шыпаасын бере көр! Ошого эм болсун, дем болсун! Терип апкелип кесип кургатып, кагаз кутуга салып, аба кирсин үчүн капталдарын тешип ар бир чөптү кармаганда мен кудайдан жалынып сурайм: “Шыпаа бер Кудайым. Ушуну мен мээнет кылып терип жатам. Мен берген адам шыпаа тапсын!”.
- Сизге түштөрдөн аян береби?
— Мен түштөрдөн өтө корком. Эки үч айда бир жолу түш көрөм. Түшүмдөгү нерсе болуп калат да. Бүгүнкү күнү мага
келе жаткан адамды билем. Менин алдыма келгенге чейин ал адамдын психологиясы кандай , эмне менен ооруйт ушул күнгө чейин кандай кыйналган, бүт баары мага маалымат болуп, дароо эле аян сыяктуу болуп түшүмө кирет. Кабылдама келген соң, тамырын кармаганда ички органдары жөнүндө айтам. Андан соң мага түшкөн аяндарды акыры айтам. Кээ бир адамдар кызык. Менде дуба бар экенби ошону билип бериңизчи дейт. А мен бакшы эмесмин аны билип бергендей.
- Бирок дуба тамырга түшөбү?
— Дуба бар экени тамырга түшөт. Түшкөндө бул ушул адам жасаптыр, мындай дуба болуптур мындай тигиндей деп бакшычылыгым жок. Анчалык даражада мен ачык айта албайм. Мен дуба бар экенин билем, тазалануунун жолун үйрөтөм. Андан кийин адам баласына негатив кирип калат кирене , назар, сук деген ошондон сактануунун жолун айтам.
- Негизи сиз башка элдик табыптарга окшобой, ачык айрым жаза бересиз го. Сизге чалып урушкан табыптар жокпу?… Себеби дары чөптөр менен бизнес жасагандардын бизнесине жолтоо болуп жатпайсызбы?…
— Туура айттың, мага дары чөптөр менен иштегендер чалып айтышты, “сен өзүңдүн жеген наныңды эмне үчүн жарты кыласың, билген нерсең ичиңде сакталып кала берсин” дешти. Мен аларга мындай деп жооп узаттым. Бизде 6миллион калк бар. 60миң эмес, 6миң да эмес, 600эле адам билсин менин айтканымды. Ошол огороддо өскөн чөп адам баласына, мисалы: жөтөлгөндө, баш ооруганда, бир жериң кесилип кетсе, кайсыл чөптөр дары экенин билип алышса, бейтаптар кыйналгандар азаят дедим.
- Эл менен иштеп жүрөсүз. Оорулууларды көрүп, өкүнгөн учуруңуз болобу?
Оорулардын жашарып баратканы мени өкүндүрөт. Мисалы: Кан басымдын жогорулаганы, кант диабети, жүрөк ооруу, үйлөнө элек балдардын импотентти. Көбүнчө бул оорулар менен жаштарыбыз ооруп жатканы кейитет.
- Көбүнчө кайсыл ооруларды дарылайсыз?
- Дары чөп менен мээнин кан басымы, гайморит, ангина, оозул, богок, мастопатия, боор, ашказан ичеги жараларын, геморрой, ичтин катуусун, бөйрөк оорууларын. Мен көңүл бурган негизги жагдай денеге чыккан жаралар. Көп жылдан бери айыкпаган псориаз, экзема деген жараларга жакшы жардам берем. Ушунчалык бат айыгат кайра кайталанбайт.
Маектешүү жакшы маанайда өттү. Жол улап баратып, башка элдик дарыгерлерден айырмаланып, “бул чөп дарыларды сөзсүз сатып алышың керек, акча көп болсо, бат айыгасың” дебей, адамдын жан дүйнөсүн, “дарысыз дарылоону” негиз кылганы жүрөгүмдү жибитти. Акчанын кулуна айланбаган, Ташбү эжедей чыныгы элдик дарыгерлер көп болсо гана биз жан дүйнөнү дарысыз эле дарылай алабыз деген үмүткө байландым.
Альбина Шадыбекова