Тамекинин кутусун таштабоону эскерткен жигитти кыздар бычактап салышты

Тамекинин кутусун таштабоону эскерткен жигитти кыздар бычактап салышты

18.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Россиянын Саратов шаарында резонанстуу окуя болду. Бул тууралуу fishki.net булагы кабарлады.

Россиянын тергөө комитети билдирген маалыматка таянсак, 15-июнда түн ичинде күнү-түнү иштеген дүкөнгө кыздардын тобу соода кылганы киришкен. Алардын бири бош калган тамекинин кутусун ошол жерге ыргыткан. 27 жаштагы эркек ага мындай кылбоону эскерткенде чатак чыккан. Кыздар дүкөндөн чыгып алып жигитти тегеректеп ызы-чуу салышкан. Өз ара айтышып-тартышып жаткан маалда алардын бири-23 жаштагы саратовдук кыз жигитти далыга бычак менен сайып салган.Ал бычакты кайдан алганы белгисиз.

Жигитти ооруканага жеткиришкен бирок ал каза тапты.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери башталды.

Булак:barometr.kg