Талай Масабиров ЖК депутаты: “Апам өжөр бирок,боорукер жан эле”
29.06.2020Энени даңктабаган барктабаган инсандын өзү болбосо керек. Рубриканын бүгүнкү коногу. Жогорку Кеңештин депутаты Талай Масабиров болмокчу.

- Талай Айтмаматович, апаңыз жөнүндө эмне айта аласыз?
- Апам күчтүү аял эле. Айтканын бербеген өжөр бирок аябай, боорукер болчу. Атам орган кызматкери болгондуктан үйдөн алыс эле. Алыс дегеним, эрте кетет, кеч келет дегендей, бардык үйдөгү түйшүк апамда эле. Апам өзү кассир болуп иштечү. Ишинен сырткары балдардын тарбиясы, окуусу, тазалыгы, тамак ашы кыскасы үйдөгү жоопкерчиликтин көбү апама жүктөлгөн. Мен жети бир туугандын бешинчисимин.
- Апаңызга берген эң алгачкы белегиңиз эсиңиздеби?
- Эсимде. Мектепте окуп жүргөндө открытка бергем. Өз колум менен жасаган открыткага апам аябай кубанган. Азыр ойлоп көрсөм апам, открыткага эмес менин жасаган мээнетиме кубанган экен. Кийин эс тартып чет мамлекеттерге чыккан сайын апама алтын сөйкө, кооз жоолук көйнөктөрдү алып келүүнү адатка айланткам.
- Дүйнөнү багынткан чемпиондун бала чагы кандай өттү экен?
- Ааламга жол айылдан башталат эмеспи… Менин балалыгым деле кадимки эле айылда өттү. Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында. Мурунку ХХII- пардсъезд. Айылдын боз чаңдарына аралашып, кой кайтарып, уй багып, тамеки тизип, пахта терип чоңойдум.
- Спортко болгон шык, кой кайтарып жүргөндө эле пайда болгонбу же мектепти аяктаган соңбу…
- Менин спортко болгон шыгым, бала кезде эле пайда болду десем болот. Мен алтынчы класста окуп жаткан кезимде Фрунзе (Бишкек) шаарында спорт мектеби ачылган экен. Мектеп тууралуу бул жакта жашаган таякем, Талайды жаңы ачылган спорт мектебинен окуткула деген сунушун айтты. Апам, жок! Талай кетсе уйду ким багат деп көнбөй койду.
- Менин болсо шаардагы спорт мектебинен окугум келгенин сураба. Алтынчы классты аяктадым. Бир күнү апама кат жаздым, Масабиров Кайрат Фрунзе (Бишкек) шаарындагы жаңы ачылган спорт мектебине кабыл алынды, мектеп директору деп кол коюп, конвертке салып,апама бердим. Ошондо балалыгым менен апам ишенип калсын десем керек. Апам кайдан ишенмек эле, менин дилгирлигимди спортко болгон кызыгуумду байкап, жаш баланын шагын сындырбайлы деп атам экөө кеңешип мени спорт мектепке жөнөтүштү. Спорт мектебине аттануум менин спортко болгон алгачкы кадамым эле.

- “Атыңыз Кайрат болсо, Талай атты качан алдыңыз”- таңдана сурадым.
- Таң калбай эле кой. (күлүп) Атымдын Талай экенин мен деле жетинчи класста билдим. Спорт мектебине жаңы келгенде Талай Масабиров десе таң калганымды айтпа. Көрсө, менин документтеги атым Талай экен. Мен эки ат алып жүргөнүм да, өзүнчө кызык окуя экен. Жаңы төрөлгөнүмдө апамдын курбусу мени көргөнү келет. Аты ким деп сурайт. Талай дешет. Менин баламдын атын коюп алыпсыңыр деп таарынат. Көрсө апамдын курбусунун баласынын аты Талай экен. Аяш апамдын таарынычын жазуу үчүн атымды, Кайрат деп өзгөртүшөт. Анда эч кимдин оюна келбейт документти өзгөртүү. Мектепте мугалимдер да мени докуметтеги атым менен чакырышпай Кайрат дешчү. Азыр деле айылдаштарым мени Кайрат дешет. Кыскасы менин атымдын тарыхы ушундай деди жылмая.
- Апаңыздын кайсыл сапаты жагат?
- Апамдын бардык эле сапаттары жагат. Жапкан наны. Жасаган тамагы дайыма жыйылбаган, толуп ташкан дасторкону көз алдыма тартылат. Жашоодон өтүп кеткени өкүндүрөт. Апам, кичине кезимде уй кайтартып, жумуш жасатса ичимден ойлочумун апам мени жаман көрсө керек, жумуш эле жасата берет деп. Эми ойлоп көрсөм эмгекке бышсын дечү тура. Апам ар бир ийгилигиме жетине албай кубанып, ошону менен катар кейип калчу абайласаңчы бир жериңди оорутуп алба деп. Эми өзүм балалуу болгондо билдим. Ата-энемдин кадырын. Балдарыңды бири-биринен жаман көрө албайт экенсиң.
- Ата-энеңиз сизге берген тарбияны балдарыңызга бере алдыңызбы?
- Эми кандай десем, ата-энем бергендей тарбия бердим деп айта албайм. Бирок, колдон келишинче тарбиялап жатам.
- Атаңыз жөнүндө эмне айта аласыз…
- Атам өмүр бою милиция тармагында иштеп, пенсияга чыкты. Бир сөздүү киши эле. Атамдын да көзү өтүп кетти. Жакшылыктарыбызга күбө болуп жүрүшпөй эрте кеткендерине кейийм.
- Ата кесибин улантпадыңызбы?
- Спортто жүрүп кийинчерээк. Милицияга да ишке кирип иштеп калдым. Бирок, өзүмдү бул тармактан көрө албай иштен чыгып кеткем.
- Балдарыңыздын ичинде сиздин жолду улантучусу барбы.
- Бар. Бир уулум, Япониядагы дзюдо академиясында окуп жатат. Кичине уулум футбол менен машыгат.
- Апаңыз жапкан нандарды сагынган учурларыңызды эстесеңиз…
- Алгач шаарга спорт мектебине келген кездерде апамдын нанын сагынып, наны эмес өзүн да сагынып жүрдүм. Айылда кененчиликке көнүп калган жайым, бир топ кыйналдым.
- Эркек бала үйлөнгөн соң, апасын унутат. Аялын апа ордуна көрүп калат деген сөзгө кошуласызбы?..
- Жок! Эч качан. Эне менен аялдын ордун алмаштыруу акылсыздык. Апа ал менин апам. Аялым ал балдарымдын апасы! Менин апам эмес, менин өмүрлүк жарым. Экөөнүн орду асман менен жердей да. Кандай адамдар апасын унутат билбейм. Мен унутпай элемин.
- Жеңенин апаңызга окшош сапаты…
- Кайнененин камырынан дегендей. Жасаган тамактары, койгон талаптары, балдарга берген тарбиясы, сарамжалдуулугу окшош.
Альбина Шадыбекова
Булак: BULUT.KG