Талайбек Масабировдон элетке жардам

Талайбек Масабировдон элетке жардам

03.04.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Аты жаман таажы вирусу өлкөбүзгө баш баккандан бери, эл арасы тынч эмес. Өз көлөкөбүздөн коркуп жашап калдык. Мекеме ишканалар жабылып, жумушка чыкпай үйдө олтурабыз. Азык түлүктүн баасы, асманды көздөй учуп бараткандай.

Эртең эмне болот экен деген кооптонуу ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашап жаткандай. Шаар жери эмес, элет жеринде деле ошол көрүнүш. Көпчүлүгү жазгы айдоо иштерине көңүл бөлбөй олтурат. Жалпы элдин маанайы түшүп турган чакта, азда болсо элеттиктердин көңүлүн кубанткан Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров Базар-Коргондуктарга жардам колун созду. Буга чейин деле жердештеринен жардамын аячу эмес. Бул ирет эл өкүлү тарабынан он беш тонна ун, он беш миң бет кап жардам иретинде берилди. Унду, жетим-жесир, жашоо шарты оорлор, медицина кызматкерлери жана ардагерлер алды.

Андан сырткары Талайбек Масабиров, Базар-Коргон районуна жакын жайгашкан, Сузак районуна он эки миң бет кап, Өзгөн районуна он миң бет кап таратты.

Эмне дейбиз. Кыйын кырдаалда жердештерине жардам колун созгон Талайбек Масабировду бали дейли!  Элим, жерим деп, Жогорку Кеңештин трибунасында туруп кыйкырганга эмес, элет жерин аралаган азаматтарга ишенсек жарашчудай.

Булак: BULUT.KG