Тазабек Икрамов: “Мекен үчүн жакшы  иштерди  жасоо  милдетим”

Тазабек Икрамов: “Мекен үчүн жакшы иштерди жасоо милдетим”

26.03.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Элим-жерим десе ичкен ашын жерге койгон азамат уулдарыбыздын бири, пат­риот, спорт чебери Тазабек мырза менен спорт багытын­да маектештик.

— Тазабек мырза, спортчу ка­тары баамдап айтсаңыз, учурда кыргыз спортту кандай абалда?

— Мурунку жылдарга салыштыр­малуу спортго кызыккан жаштар­дын саны көбөйүүдө. Албетте, бул кубантаарлык жаңылык. Адам ба­ласы спорт менен сөзсүз машыгуусу керек. Дени сак, көңүлү ток болот. Ден соолугу чың балдар төрөлөт.

Өзүм да спорт чөйрөсүндө жүр­гөндүктөн колубуздан келишинче ушул жаатта айыл жерлерине көмөк көрсөтүп келебиз. Айыл аймактарда Эл аралык деңгээлдеги спорт мел­дештерин жыл сайын уюштурууда­быз. Башкы максатыбыз жаштар­ды спортго тартып, жаман жолдон тороо, жаркын жашоого жетелөө, спорт жаш муундардын келечеги үчүн чоң пайданы алып келет.

— Сөзүңүз кур болбош үчүн жа­саган иштериңиздин бир-экисин айта кетсеңиз?

— Муну минтип жасап ийдик деп айтбайм. Себеби, өлкө үчүн жакшы иштерди жасоо ар бир жарандын милдети болуп саналат. Сиздин су­рооңуз жоопсуз калбашы үчүн айта кетейин. Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө спорт залдарды курдук. Буга чейин 2004- жылы спорт мектеп болгон. Союз бузулуп, баардыгы ар жакка тар­кай баштаган. Ошол кезде айылда бала бакчаны бир топ адамдар бо­луп, жеке менчикке өтүп кетерин­де атамдын кийлигишүүсү менен талатып-тонотпой, саттырбай сак­тап калганбыз. Ошол жака спорт­тук шаймандарды алып бергенбиз. Ал кезде мен ишкер катары иштеп жүргөм. Кийин эл “Бизге бала бак­ча керек экен, муну спорттук мектеп эмес, бала бакчага кайтарып бери­ңиз” дешкенинен, кайрадан бала бакчага кылып өткөзүп бердик. Мына ошол учурдагы сатабыз деген адамдардын бала-бакырасы учурда ошол бала бакчага барып жатат. Ал жака спорт зал салып бердик. Ошол өрөөндөгү өспүрүм балдардан чы­гаан спортчу чыгат деген ишенич­темин. Жогоруда айтып өткөн Эл аралык мелдеш ошол жерде өтүп турат. Буга Кыргызстандын бүт ай­магындагы биздин мыкты спортчу­лар катышат. Анан да Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн да келишет.

Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү деген демилгесин кол­доп, жакшы иштерди жасап жата­быз.

— Мыкты шакирттин артында, мыкты устат турат эмеспи. Күч­түү машыктыруучулар барбы?

— Ооба, албетте бар. Мен билген­ден Исламидин Умурзаков, Канат Бегалиев, Майрамбек, Азат деген мыкты машыктыруучуларыбыз бар. Эң өкүнүчтүү жери машык­тыруучулардын айлык акысы аз. Спортту көтөрүү үчүн мыкты спорт­чуну тарбиялап чыкса мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүнү жакшы бир мыйзам алып келишибиз керек болуп жатат.

— Андай мыйзамдар ким тара­бынан жазылышы керек?

— Бул мыйзамды спорт агенттик жазып, алып келиши керек. Ал кол­доо тапса, анда жакшы.

— Сиз алгач спортту грек-рим менен баштадыңыз беле?

— Мектеп жашыман баштап эркин күрөш менен машыгып баштадым, кийин грек-римге өттүм.

Спортто биз жетпей калганга бизден кийинки жаштар жетсин… Спортчу кийин мугалим болуп иш­теп, андан соң жеке ишкер болдум. Жаш чагыман элге аралашып жүр­гөндүктөн, элдин көйгөйүн жакшы билем. Саясатка келишиме ушул себеп болду. Ыраматылык атам ада­биятчы, тилчи эле. Дайыма акыл- насаатын айтып, кулагыма куят эле. Атам мени “Эл адамы болсун, элге пайдасы тийген инсан болсун” деп көбүрөөк дуа кылып койсо керек. Буйруса, элге кызмат кылып жатам.

Студент кезимде жардамга мук­таж адамды көрсөм, же суукта соо­да жасап отурган кары адамдарды көрүп, ичимен өзүмдү эзип, кантип жардам берсем деген ой-санаа ме­нен жүрчүмүн. Эл-жер деген пат­риоттук сезим бар экенине шүгүр келтирем.

— Буга чейин кандай кыйын­чылыктарды тарттыңыз?

— Кыйынчылык көрбөгөн адам болбойт. Кыйынчылык адамды чүнчүтүп же тескерисинче күч бе­рип курчутушу мүмкүн. Аллах адам­дын даражасына, абалына карап ту­руп, ошого жараша кыйынчылыкты да, жакшылыкты да берет.

— Алдыга койгон пландар?..

-Баары Алладан. Келечектин кандай болушун ал гана билет. Ал­бетте, жакшы ой-максаттарым бар, буйруса, иш жүзүндө көрөсүздөр. Тарыхта кала тургандай жакшы иш­терди жасап, эл үчүн кызмат кылып өтөм.