Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты:  «Биз парламентаризмди күчөтүшүбүз керек»

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Биз парламентаризмди күчөтүшүбүз керек»

08.12.2019 Выкл. Автор bulut.kg

— Тазабек Икрамович, жыл соңу болуп калды. Адатта эл өкүлдөрү бир жыл ичинде аткарган жумуштары, көтөргөн маселелери боюнча коомчулукка айтып калышат. Бул жылда парламентте эмне маселелерди алып чыга алдыңыз?

— Жыл жыйынтыкталып баратат. Айрым жагдайларды эске албаганда элибиз аман, жерибиз бүтүн болду. Мамлекет деле тирүү организм сыяктуу өнүгүп-өсөт. Такыр эле маселе, көйгөйлөр жаралган жок деп айтуудан алысмын. Коомду чайкаган ар кандай саясий процесстер, калайык калк талап кылган коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Баары эле жаман же баары эле жакшы дегенден алысмын.

— Сиз бир жыл ичинде эмне маселелерди көтөрдүңүз?

— Азыр коомчулукта актуалдуу тема болуп жаткан искусство музейиндеги окуя коомчулуктун көңүл борборунда. Улуттук менталитетке жат, мамлекеттүүлүктүн пайдубалына шек келтирген ЛГБТлар боюнча ала жазда биринчи маселе көтөрүп, айрым күчтөрдүн, саясий оппоненттеримдин алдында сынга калгам. Мен ошондо эле коомдук жайларда гомосексуализм, гейпараддарды өткөрүүгө каршы кескин пикиримди билдирип, катуу сынга кабылгам. Турмуш көргөзгөндөй, мен көтөргөн маселе актуалдуу болуп чыкты. Коомдук түзүлүшкө, улуттук менталитетке каршы атайын провокациялык маанайдагы иш-чараларды коомчулук аңдап түшүндү. Биз бул позицияда мамлекеттик саясатты бекем кармашыбыз керек экенин билдик. Андан тышкары мени дагы бир коомчулуктун дискриминациясына туштуктургусу келген атайын күчтөрдүн аракети катары менин Кыргыз Республикасынын атуулдугун ар кимдерге бере бербейли деген демилгем. Ал дагы азыр чоң талкууда. Мен жыл башында ички рыноктогу ишкерлерди колдоо үчүн жана биздин атуулдуктар ар кандай жол менен чет элдик жарандарга берилип жатышына каршы атайын өкмөт бирдиктүү программа иштеп чыксын дегем. Айталы, биздин мамлекетте коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу экономика либералдуу жана ар бир чет элдик жаран келип ишкердик жүргүзүү укугуна ээ. Тилекке каршы, биздин өлкөнүн жарандары сырттан келген ишкерлер менен атаандаштык жүргүзүүдө чабалдык кылып, ички рынок корголбой калып жатат. Дал ушул себептерден биздин ишкерлерди колдоо үчүн сырттан келген бизнесмендер өлкө экономикасына тиешелүү бир өлчөмдө акча каражатын салып, кийин кайра кайтарып кетсе болот деген сунушумду өкмөткө бергем. Ошол эле учурда тиешелүү жана чечүүчү позицияда отурган мамлекеттик кызматкерлердин жарандыгын текшерүүнү сунуштагам. Турмуш өзү көргөзүп жаткандай, бул мен көтөргөн маселелер күн тартибинде өтө олуттуу болуп, коомчулук тарабынан кызуу талкууланууда. Акыркы окуяларды байкасаңыздар, дал ушул маселенин тегерегинде сын пикирлер айтылып жатат. Тилекке каршы, азыркы өкмөт ушул маселелерге учурунда көңүл бура албай, азыр көйгөй жаралууда. Бул өкмөттүн чабалдыгы.

Мыйзамсыз курулуштар боюнча да айтып чыктыңыз эле?

— Азыр борбор калааны кара түтүн каптап жатат. Мурун союз учурунда борбор калаанын генералдык планы боюнча шаардын түштүк тарабына бийик имараттар курулбашы керек эле. Анткени тоо тараптан келген таза аба шаарда циркуляция болуп, түтүндү айдап турмак. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, акыркы он жылда башаламан курулуш болуп, аба биз күткөндөн да алда канча аянычтуу абалга келди. Маселенин экинчи жагы да бар. Мен парламент трибунасынан Ош, Бишкек шаарларында курулуп жаткан бийик имараттардын сейсмикалык абалына тыкыр көз салынсын деп өкмөткө айттым эле. Бул дагы келечекте көп көйгөй жаратат. Анткени азыркы курулуп жаткан жаңы үйлөр, имараттар сапатсыз материалда курулуп, айрымдарынын техникалык коопсуздугуна тыкыр көз салынган эмес. Кудай сактасын, бирок жаратылыш кырсыгынан эч кимибиз кепилдик ала албайбыз. Эгер окуя жаман жагына оосо, ириде ошол жаңы курулуштардын маселеси көп көйгөй жаратат. Андан тышкары жаңы имараттар Бишкекте, Ошто мурунку эсеп менен курулган коммуналдык чарбаларга кошулуп жатат. Канализация, жылытуу, сууга кошуу болуп отуруп, жаңы курулуштар азыр эки борборго чоң көйгөй жаратты. Мунун чечилиши жакынкы жылдары өкмөттү кыйынчылыкка салат.

— Айтмакчы, Бишкектеги жалгыз инфекциялык оорукананы шаардан чыгарып же кошумча салалы деп да маселе көтөрүп жаттыңыз эле…

—  Бизде инфекциялык ооруканага баргандар ал жактын жагдайын жакшы билет. Бул мамлекеттик маанидеги көйгөй. Бул илдет күч алган жай аптабында же кыштын чилдесинде жабыркагандар жатканга эмес, бут койгонго жер жок болуп калат. Ал эми абалын айтуунун кажети жок. Косметикалык ремонтту үстүрт кылгандары менен капиталдык оңдоого муктаж. Мен бул маселени бир эмес, бир нече жолу көтөрдүм. Өкмөт ал боюнча ойлоно да элек.

Жазуучулар союзу боюнча эмне болду? Кайсы бир маалымат булактарынан сизди ушул чыгармачыл союз боюнча тиешелүү комитетте маселе көтөрүп жүрөсүз?

— Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун азыркы абалын ичинен билип, анын төрагасы менен жакындан тааныштык. Кыргыз интеллигенциясынын башаты болгон бул чыгармачыл союз чынын айтканда акыркы жылдары такыр эле кароосуз калыптыр. Коомдун эволюциялык өнүгүү жолунда экономика канчалык маанилүү болсо, агартуу тармагы андан да маанилүү. Биз эгемендик алганы интеллигенцияны, чыгармачыл союздарды жерип отуруп, аларды кайсы бир күчтөрдүн барымтасына салып берип койдук. Маселен, Улуттук жазуучулар союзунун ушул убакытка чейин өздүк имараты жок экен. Коммуналдык кызматтарга болсо карызы бир жарым миллион сом болуптур. Ушундай шартка калтырган бийликтегилерге эмне айтаарды билбейбиз. Кайдагы бир коммерциялык ишканалардын өкмөт алдындагы карызын кечкенче, дал ушул чыгармачыл союздардын карызын кечишибиз керек эле. Мен жеке демилгелеп, Жазуучулар союзуна имарат куруп берүүгө мэриядан комитет аркылуу жер сурадык. Алар өздөрү куруп алабыз дейт. Бул маселе да өкмөттүн кароосунда. Бактыга жараша, азыркы бийлик чыгармачыл союздар боюнча иш план иштеп чыгып, президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков тарабынан Жазуучулар союзуна колдоо көргөзүлүп жатыптыр деген маалымат менен тааныштым. Мен чынын айтайын, бул союздардын мурунку чарбалык тарыхы менен тааныштыгым жок. Бирок биз бүгүнкү күндө жардам беришибиз керек.

— Бул жылы ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнөлүк турнирге барып жемиштүү кайтыңыз…

— Бул жылдагы ийгиликтеримдин бири ушул болду. Менин табиятым спортко жакын. Муну танбайм. Өспүрүм кезимден бери спорт менен дос болуп, ынакмын. Спорт ынтымактын символу эле эмес, сергек жашоо, максат коюууга үндөгөн негизги курал. Ооба, кенедейимден машыгып жүргөн күрөш боюнча Грузияда ардагерлер арасында дүйнөлүк чемпионат болуп, он эки балбандын арасынан коло байгеге ээ болдум. Бул олимпиадалык оюндар сыяктуу эле даражага ээ.

Жакшы бир спорт комплексин салалы дедиңиз эле эмне болду?

— Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия оюндарында татыктуу оюн көргөзгөндө, көпчүлүк сыяктуу эле сыймыктануу менен парламенттен өкмөткө биринчилерден болуп сунуш киргизгем. Ал футбол боюнча улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинге мамлекеттик сыйлык берүү, ичик инвесторлордун күчү менен жаңы спорт комплексин куруу. Менин маалыматым боюнча президентибиз өзү башында туруп, спорт комплексти курууга шаардын түштүк тарабынан отуз беш гектар жер берилип жатканын билем. Анын он сегиз гектарын мэрия берип, калган он жети гектарын жеке тараптардан мамлекетке алуу процедурасы жүрүп жатса керек. Андан тышкары бул комплексти салууга жалаң ички инвесторлор тартылып жатат. Бул да болсо маанилүү.

 Акыркы сурообуз болсун. Саясий чыңалуудагы окуяларда парламентке көп сын пикир айтылат. Сиздин пикириңиз кандай?

—  Парламент коомдук пикирди жана сынды кабыл алуучу биринчи саясий институт. Бул табигый көрүнүш. Албетте, саясий курч кырдаалдарда парламент өзүнүн чапчаңдыгын билдирип жатат. Сиз башында айткандай, жыл ичиндеги мамлекетке коркунуч келтирген жагдайларда парламент өз учурунда реакция жасап жатты. Биз парламентаризмди өнүктүрсөк гана туура багыт аларыбызды акыркы тарых көргөзүп жатат.

Булак:Фабула