Тажикстанда чет өлкөлүк туристтерге кол салган топтун башчысы абакта каза болду

2018-жылы Душанбе-Дангара унаа жолунда чет өлкөлүк туристтерди өлтүрүү айыбы менен өмүр бою эркинен ажыратылган 35 жаштагы Хусейн Абдусамадов 2-мартта абакта каза болду. Бул маалыматты анын туугандары жана бийлик өкүлдөрү ырасташты.

Тажикстандын Юстиция министрлигинине караштуу Жазаларды аткаруу башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров учурда прокуратура камактагы адамдын өлүмүнүн себептерин териштирип жатканын билдирди.

«Абдусамадовдун олуттуу деле өнөкөт оорулары болгон эмес. Ошондуктан кыйноо жана катаал мамиледен улам өлдү деген версияны жокко чыгаруу үчүн сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү», — деди Умаров.

2018-жылы июлдун аягында Дангара районунда велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган. Тажикстандын ички иштер министри автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал жана бычак менен кол салганын билдирген.

Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынып, Хусейн Абдусамадов гана тирүү колго түшүрүлгөн. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Тажик бийлиги кол салууга өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясын» айыптап келет.

Ошол эле жылы 21-ноябрда Абдусамадовов «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү», «Терроризм», «Кылмыштуу топ түзүү» сыяктуу бир катар оор беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Мындан тышкары бул иштин алкагында кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө катышуу айыбы менен эки киши 16 жылга соттолгон. Дагы 12 адам кылмыш тууралуу кабарлабагандыгы үчүн 1 жылдан 1,5 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылган.