Тажикстанда Украинадагы согушта каза болгон төрт кишинин сөөгү жерге берилди

Тажикстанда Украинадагы согушта каза болгон төрт кишинин сөөгү жерге берилди

24.03.2022 0 Автор bulut.kg

Орусия армиясында келишимдик негизде кызмат өтөп жүрүп Украинада окко учкан Хатлон жана Согд облусунда туулган төрт адамдын сөөгү Тажикстанга жеткирилди.

Буга чейин украин ЖМКлары Коргонуу стратегиялары борборуна шилтеме кылып, Украинага каршы согушкан орусиялык аскерлердин арасында жүздөй тажикстандык бар экенин билдирген.

Маркум Саидбакар Саидов 56 жашта болчу. Ал 1992-жылдан бери Орусияда жашап, ошол өлкөнүн жарандыгын алганы менен сөөгү өз мекенинде жерге берилди. Орусияда анын үч уулу жана эки кызы калды.

Саидов кандай шартта көз жумганы белгисиз. Туугандары жана айыл тургундары журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышты. Бирок анын агасы Саидов орус армиясында кызмат өтөгөнүн тастыктады.

«Маңдайына ушундай өлүм жазган экен. Биз 1992-жылдан бери Орусияда жашайбыз, ошондуктан орустарга жана Орусияга карата жек көрүү жок. Эгер Тажикстан бийлигине талап болсо, жеке өзүм каалаган учурда Орусияга барып кызмат өтөөгө даярмын», – деди Ёрмухаммад Саидов

Ушул эле күнү Тажикстандын түшүгүнө орус армиясында кызмат өтөгөн башка бир офицер – 38 жаштагы Рамазон Муртазоевдин да сөөгү жеткирилди. Анын жакындары жана жергиликтүү бийлик да журналисттер менен байланышуудан баш тартышты. Украинада каза болгон башка эки тажикстандык жөнүндө да эч нерсе белгисиз.

Тажикстан менен Орусиянын ортосунда кош жарандуулук жөнүндө келишим бар. Соңку отуз жылдан бери миңдеген тажикстандык орус паспортун алган. Орусиянын Тажикстандагы 201-аскердик базасынын катарында кызмат өтөгөндөргө да жеңилдетилген тартипте жарандык берилип келген.

Булак: BULUT.KG