Тагдыр табышмагы
15.06.2020
Үйдө беш эркектен кийин төрөлгөн эрке кыз болуп чоңойдум. Эркелигимде сөз жок эле. Мектепти аяктар жылым мен болуп көрбөгөндөй өзгөрдүм, анын себеби мага сүйүү деген сезим келди, өзүбүздүн айылдык менден беш жаш улуу Аскатты жактырып калдым, анда-мында жолуга калганда абал сурашкандан ары өтпөйбүз. Мен анын жанынан кетким келбейт. Аскаттын армиядан келгенине эки жылдай болуп калган, үйлөнөт имиш кыз тандап жатыптыр деген сөздөрдү кулагым чалгандан баштап жанымды коёрго жер таппайм. Мектепти аяктап, классташтар коштошуу кечесине бардык. Кече көңүлдүү уланып жатты. Ыр күлкү жаңырган аянтта жаштар биринен сала бири шайыр. Мен гана шайыр тарта албай турдум. Анын себеби Аскаттын карааны көзүмө көрүнбөйт. Ичимден каап, акыркы жолу көрүп калсам болбойт беле эртең мени шаарга алып кетишсе жолуга албай калабыз деп, чийки май жегендей болуп жаттым. Таң сүрүп келаткан кезде үйгө тарадык. Жол ката ырдап келе жаткан бизди утурлай ак жугили келди да мени койчосунан бөктөрө машинеге салып жөнөп калышты. Негедир жигиттер беттерин жоолук менен байлап алышкан. Колумдун келишинче алышып бараттым. Бир топто барып, башка айылга келгенибизди көрүп өксүп жибердим. Айланайын акебайлар коё бергилечи мени деп жалынууга өттүм.
Чоң дарбаза ачылып, машине ичине киргизилди мен болсо колумдан келишинче ызы чууну салып, үйгө кирбештин амалын издейм. Көпчүлүк коёбу мени үйгө алып кирди. Башыма салган ак жоолугун алып ыргытып жатсам, өзү жаш болгон менен таякка таянып, араң баскан кубакай аял келип, муңая карап, «кой кызым босогомду аттабасаң болот эле эми мен сени коё бере албайм. Жалгызым сени жакшы көрүп мектепти аякташыңды күтүп жүрбөдүбү? Жалгыз дебесең эле биз сени кор кылбайбыз, кел жолугуңду салын берекем» деди. Мен бүк түшө калып, этегине эрмеше « балаңыз го мени жактырыптыр, менчи? менин сезимим менен ким эсептешет?» деп боздоп турдум. Кой кызым илгертен ата салты «аялдын сүйүүсүн ким угуптур» ыйлаба деп өйдө тургузду. Кайдан пайда болду билбейм бир албуут сезим келип, Көрсөткүлө! сүйөөнөк балаңарды деп кыйкырып жибердим. Баары мени карап элтейди.
Кубакай аял, Чакыргыла баланы! «Сүйлөшүп жүрөм» деп мени алдаган го… жубарымек, сүйлөшпөгөн болсо тез жеткирсин кызды үйүнө деп зекиди. Сырттан Аскат шашыла кирди, бурчта корккон коёондой элтейген мен Аскатты көрө сала жүткүндүм, оюмда мага жардамга келди депмин. Аскат каргылдана Айчолпон, «кечир иттик менден кетти. Мени таштап кетпе!.. Суранам апамдын ак жоолугун салын мен сени бактылуу кылам» деди. Мындай болорун элестетпеген мен ыйлап турдум. Аскат колумдагы жоолукту алып, башыма салды. Ошентип биз баш коштук. Ата-энемден беш агамдан корккон Аскат таекесинин үйүнө алып барган тура. Сотко берем деп чамынган агаларымды, мен Аскатсыз жашай албайм деген бир сөзүм токтотуп, жашап калдык. Аскаттын атасы, апасы оорукчан болуп калганда таштап башка аялга үйлөнүп алыскы Ыраакы чыгыш жакка кетип дайынсыз дешчү. Мен бактылуу элем. Жанымда сүйүктүү жолдошум бар. Баягы чалпоо эркелик мүнөзүм өзүнөн өзү жоголуп, аракетчил иштерман келин болуп чыга келдим. Күнү бою жаным тынбайт. Аскат жумушка эрте кетип, кеч келет. Арадан билинбей айлар өтүп, жылдар жылмышып үйлөнгөнүбүзгө сегиз жыл толду. Биз болсо ыңаалаган наристе үнүн уга албай азап тартып келебиз. Ачык айтпаган менен Аскатты да баласыз болуп каламбы деген ой эзип жатканын туям. Бир күнү капилеттен кайын энемдин «балам мен да каарып баратам сенин балаңды көрүп өлсөм эмине. Көрүнбөгөн догдуруңар калган жок, кулак уккан көз көргөндүн баарына кайрылдыңар, эми ажырашсаңар кантет. Мен деле айласыздан айтып жатам жаратканга кай жериңерден жаздыңар экен. Чолпонумду жамандыкка кыя турган келин эмес эле деп ыйлап жатканын угуп жүрөгүм, бырчыланды». Аскаттын да ыйлаганын угуп тыңшап калдым, “апа гүл бурак кезинде колума келди эле, эми кантип кыям, кудайым берери чын болсо берер, күтө туралычы” — деди. Ошол сөз козголгондон бери эки жыл өттү.Бир күнү Аскаттын таякеси келип, чай үстүндө, “келин балам сен да түшүн, башыңды бошотолу, ылайыктуу бирөө чыкса турмушка чыгарсың. Адам тукум улоо үчүн жаралат, эне болуу бактысын сага да жазгандыр”- деди. Ойлоно,унчукпай көзүмдүн жашын көнөктөгөн жамгырдай төгүп турдум. Не дей алам үйлөнгөнүбүзгө он жыл болду, бизден кийин үйлөнгөн жаштар очор-бачар шаар болушту. Ата-энемдин үйүнө кеттим, көп өтпөй Аскатты үйлөнтүштү. Аскаттын үйлөнгөнүн угуу мага оңойго турган жок. Өзөгүм өрттөнүп, ичим куйкаланып баратты. Өмүрү ичпеген ачууну биринчи жолу колума алдым, арактан өлөөрчө ичип мас болуп үйгө келип ызы-чуу салыпмын, эртең менен апам жаныма келип “тура кой кызым шорпо жасап койдум”- деди. Башым сынып жүрөгүм айланып баратты. Көзүмдү бекем жумуп алдым. Апам чачымдан сылай, “каралдым сени эстүү десе чабал белең, түшүнүп турам “эр бермек жан бермек менен барабар”. Кыз кезиңде баш кошкон түгөйүңө ичиң ачышканын билем бирок сен ичкич болуп кетип, Аскатты кайтара албайсың. Андан көрө шаарга тайэжеңдин үйүнө бар, эс алып, колдон келер жумуш болсо иштеп алаксы”- деп кеңеш берди. Эртеси эрте эч кимге көрүнбөй биринчи автобус менен шаарга атандым. Тайэжем жакшы кабыл алды. Бир эки күн эс алып тайэжем иштеген тигүү цехке окуучу болуп кирип алдым. Бара-бара көнүп, кадимкидей каалаган кийимимди тигип кийгенге көнө түштүм. Мезгил деген бир ордунда турбаган зымырык куш сымал экен шаарга келгениме жыл айланып калган тура. Жумуш деп жүрүп, айылга барганга чоло тийбей келет. Бир күнү жумуштан суранып туулган айылыма сапар тарттым. Мен түшкөн машине зуулдап барат туулган жерге болгон сагынычым ашып -ташып жүрөгүм алда кайда алып учат. Менин келеримди билип жол караган атамды элестетип жылмайып алам. Күн кечтей үйгө жеттим, атам таягына таяна ойлуу сыртта жүрүптүр, апам күйпөлөктөй бир нерселерди жасап жүрөт. Атама жете бере кучагына бой таштадым, көкүрөгүнө башымды жөлөй ыйлап жаттым, качантан бери чогулган, сагынычым көз жаш менен сыртка чыгып жатты. Ата-энемдин маңдайында жакшы эс алдым. Мен кетер күнүм апам негедир менден бир нерсени жашыргансып, мени кетиргенче шашты. Кайрадан борборду көздөй бет алдым. Жакшы эс алгангабы көңүлүм куунак келе жатам. Салондо жай ыргактагы музыка жаңырат. Капысынан менин чөнтөк телефонум ырдап калды. Ала койсом классташым Бурул экен. Ал жай сурашкан соң, Аскаттын уулду болгонун кабарлады. Башыма бирөө таяк менен чапкандай ден дароо боло түштүм көзүмдүн жашы ээ-жаа бербей куюлуп жатты, ичимден Аскат балалуу болсо мен тукумсуз турбаймынбы деген күдүк ой тынчтык бербей, жан дүйнөмдү жабыркатып турду. Шаарга жете бердик, айдоочу жүргүнчүлөрдү түн бир оокум болгондуктан үйлөрүнө жеткирмей болду. Акырында мен калдым.
— Чоң кыз сүйлөсө жооп бербейсиз? Кайда алып барайын же бир жерде сүйлөшүп олтурарбыз деди кобурай. Унчукпадым өч алгым келди, Аял болуп, бала жытын искебесем жашоонун не кызыгы бар деген ойго жетелендим. Айдоочу экөөбүз, бирге тамактанып олтурабыз ал сүйлөйт мен угам. Абдан шайыр экен бат эле үйүр алышып кеттик, ал гана эмес таңды чогуу тостук. Аскаттан кийин этегимди ачкан эркегим ушул киши болду. Мен өкүнбөдүм. Өзүмө жасаган кастыгым кийин өзөктү өрттөгөн өкүнүчкө айланарын анда билбедим.

Өч алам дедим… Бирок кимден өч алгым келгенин сезген да жокмун. Аскаттан кийин этегимди ачкан эркек болгону үчүнбү же эркекке болгон сагынычымданбы кыскасы ал адам мага жагып калды. Кадимкидей күтчү адат таптым, ал адам шаарга келээрде башкача сезимдерге кабылып, жаңы сүйүүгө кабылган жаш селкидей күзгүнүн жанынан чыкпайм. Анын аты Тилек эле. Колунан эч нерсе чыкпаган зыкым болсо деле кандайдыр бир сапаты күндөн күнгө мени багынтып, ага болгон сезимимди арттырып баратты. Барган сайын биздин мамиле жакындашып, чырмала берди. Бойго жеткен балдары бар эле кайсы бир күнү экөөбүздүн мамиле аркан жиптей чорт үзүлөөрүн билсем деле андан ажырагым келбей жүрдү. Аны менен өткөргөн ар бир, убакыт Аскатка болгон сагынычымды басаңдатып, унуттуруп баратты. Абдан шайыр адам, көңүлүңдү көтөрүп, жашоого болгон көз караштарыңды өзгөрткөнгө жардам бере алган инсан катары сыйлап келем. Биздин мамиле канчага бактылуулук тартуулайт эле ким билсин. Ар нерсенин жетээр чеги болот дегендей. Бир күнү Тилек капалуу келди, “аялым биздин мамиленин чет бучкагын билип калыптыр. Жаңжал салып жатат, мамилебизге чекит койсок кантет” деп маселени кабыргасынан койду. Аалам аңтарылгандай боло түштүм. Эч нерсе дей алган жокмун, башымды төмөн салып, унчукпай көзүмдүн жашын төгүп узатып кала бердим. Тилек болсо бир кылчайып койбой басып кетти. Тилек менен сүйүү романым аяктагандан кийин кайрадан кунарсыз күндөр башталды. Жаным жер тартып, колум бошой калса эле уйкунун кучагына сүңгүйм. Жан дүйнөмдө кандайдыр өзгөрүү болуп жатканын туйганым менен өзгөрүүнүн маанисин биле албай келем. Тымызындан жол карап, Тилектин караанын издейм. Сагынса кайрылаар деп үмүт кылам. Тилекти узатканыма бүгүн үч айдын жүзү болуптур, сыртка чыксам алгачкы кар түшүп, бетти аяз аймалайт. Ичиркенип, үйдү көздөй имерилдим. Терезеден сыртка тигиле, ак шейшепке оролгондой кооз тарткан айланага көз жүгүртүп, кар чачышып, муз тээп ойногон күндөрүм эрксизден эске келди. Тилектин кайрылбай кеткенин эстеп, өзүмчө эле ыйлагым келип, жөн гана кол жоолукка айланганымды билип, көөдөнүмдү кандайдыр ызалык аралап турду. Буулугуп жаай албай турган жамгырдай түнөргөнүмдү көрүп, эжем чочуп кетти.
- Ээ кокуй эмне анчалык маанайын чөгүп? Ыйлап жибердим эже … көпкө ыйладым, ийинимден таптай эжем мени бөлмөмө алып кирип, Чолпон, сен эми жаш кыз эмесин, качантан бери айтайын деп оозум барбады. Эми Тилектен үмүтүңдү үз! Тилекти кайдан билет деп, тай эжемди бүшүркөй карадым. Анын үй-бүлөсү бар неме да “Сени менен көңүл ачыш үчүн жүргөн”. Эркектер негизи үйдө аялына таарынса башка жактан жылуулук издейт. Үйдөгү “атмосфера” жакшырганда кайрадан түнөгүн айланып калышат. Бул алардын жазылбаган мыйзамы. Сен да бир эркектин күнүмдүк тиреги болдуң. Эч нерсе эмес бирок… бир нерсе айта албай, тай эжем какап калды. Бир топко барып, сенин боюңда бар. Тай эжем сүйлөп жатканда колума кооз вазаны кармалап турган элем ошол ваза колдон ыргып кетти.
- Кантип, дедим улутуна.
- Бул деген тагдырдын табышмагы, сен эч качан өзүңдү жаман сезбе, жашоодо эч нерсе тең келе алгыс “эне болуу бактысына” ээ болуп жатасың. Кеч болсо да кудайым муң-зарыбызды уккан экен. Ушунусуна да шүгүр, эжем көпкө кобурады. Мен, “сууга түшкөн чычкандай” шөмтүрөй түштүм. Ойлорум алда кайда чачырады. Тагдыр мага дагы кандай табышмагын даярдап турду экен. Бала деп, ымыркайдын караанына зар болуп, жүргөн кезимде баланы ыраа көрбөй. Эми күйөөдөн жок, же үйдөн жок болуп жайдакталган кезде бала тартуулаганы турган кудайыма тарынарымды же алкаарымды билбей ойго тунам. Эмне кылаар айламды таппай, суудан жээкке сүрүлгөн, балыктай туйлайм. Менин аргасыз абалымды түшүндүбү, тай эжем, баары жакшы болот. Баарын өзүм жайгарам деп чыгып кетти. Ошол күндөн баштап, эмне кылаар айламды таппай ата-энемдин бетин кантип карайм деп жүрүп, чүнчүп кеттим. Ичим күндөн-күнгө билине баштады. Курсагымдагы бала кыймылдай баштаганда тай эжем чай үстүндө Айчолпон, эжем маанилүү сөз айтаарда толук атымды айтып кайрылат. Сени күйөөгө бергенмин, “Ата-энеси жок, томолой жетим экен” деп, угуздум эле айыл апага. Эми болсо, атаң сени төркүлөтөм деп оолугуп жатыптыр, “ажыратып алдым”, ичкич неме турбайбы, кайра-кайра кол көтөрө бергенинен ажыратып алдым, деп атаңа айтсам, ырас кылыпсың. “Атаңан оозун урайын, менин кызымды урчу тентекти көрсөт терисин тескери сыйрып коём” дейт.
Ушунча нерселерди мага айтпай жайгарып жаткан тай эжеме жиним келди. Бирок, мен үчүн баланы сактап калуу айласында калп айтып жатканын билип, ичимден ыраазы болуп кеттим. Айыл апа турмушка чыкты деп укканы жакшы болуптур деп, кубанып калдым. Мени ажырашты деп угуп ата-энем шаарга келиптир. Атам мени көрүп бир кызык абалга келе түштү. Атама айтышпаганын билип коомайландым. Аркы-беркини сүйлөшүп, бапырап олтурушту. Атамдын чечекейи чеч эле. Аскат уулдуу болгондо атам аябай ыйлаганын уктум эле, менин “Чолпонум, тукумсуз беле?” деп боздоптур дешкен. Менин тукумсуз эмес экенимди көрүп кубанып жатканына баарыбыз кошо кубандык. Айым күнүм жакындап, төрөт үйүнө эртерээк жаткырышты. Мен ары-бери басып жүрсөм. Айыл жактан бир келинди оор абалда алып келишти деп, дарыгерлер күйпөлөктөп калышты. Ал келинди, операция жасабаса болбойт окшойт, дегендерин угуп, кызыктай боло түштүм. Менин да толгоом келип, ушунчалык азапты тарттым. Апа деп ыйлап кайран апам, биздин баарыбызды азап менен төрөгөн тура деген ойго кабылам. Аман эсен кыз төрөдүм. Айыл жактан келген келин уул төрөп, уулу калып өзү жарык дүйнөдөн кетиптир деген суук кабар төрөт үйүн аралап кетти. Бир кезде ачуу чыңырган аялдын үнү чыкты. Каза болгон келиндин апасы экен дешти. Кантсин анан бечара кызы өлүп жатса, баарыбыз жашыдык. Аял сырттан кирип келе жаткан эркек кишини жакадан алып, мына кызымды жедиң, түнү бою уктаганда Чолпон деп, мурунку аялын айтып, чыгат апа деп кызым канча жолу ыйлап келди. Мен болсо, “айта берсин сени менен жашап жатпайбы” деле кызганчаак окшойсуң, качанкы “ажырашкан аялынан кызганасың” деп жолго салчумун. Ошондо ажыратып алсам кызым өлбөй калат беле? Эми ошол туубас катыныңды алып ал деп, ыйлап чыгып кетти. Колтугуна башын тыгып, корккон коёндой бурчта бөжүрөгөн. Аскатты көрүп, жүрөгүм атып кетти. Оо байкушум бул сен белең, деп ичимден күбүрөп, палатага кирип кеттим. Ал мени байкаган да жок. Мени чыгарып кеткени айылдан атам, апам агамдын машинесин айдатып келишиптир. Биз машинеге олтуруп жөнөй бергенде, Аскат уулун көтөрүп чыгып калды. Машинени токтотуп, Аскатты кошо салып алдык. Мени көрүп чочуп кетти. Акырын баш ийкеп койду. Колумдагы баланы байкабады көрүнөт. Атам Аскатка карап, ээ балам, бул тагдырдын, адам түйүнүн чече алгыс, табышмагы көп болот тура деп койду.

Кызым чыр эте түштү. Апам Чолпон, кызыңды эмизсеңчи дегенде, Аскат мени жалт карады. Экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү. Атам Аскатты карап, Чолпонум, төрөп ошону чыгарып бара жатабыз деп компоюп койду. Тескери бурулган Аскат, терезени карап, ыйлап баратканын, ийининин солкулдаганынан, сезип турдум. Айылга жеттик. Атам, кызыма Периште деген атты ыйгарып, кыркы чыккан соң, жээнтек той берди. Жээнтек тойго келген кайын энем, мени кучактап алып, көпкө ыйлады “мен куруюн силерди ажыратып, бактысыз кылган окшоймун” деп элдин баарын жашытты. Жээнтек тойдон аз өтпөй кайын энем айыл аксакалдарын ортого салып, мага жуучу түштү. Атам асман айдан түйүлүп, кереги жок менин кызымды, “тукумсуз” деп кубалагансыңар деп жакын жуутпады. Көпчүлүк ортого түшүп, атамды ийге келтиришти. Мени кызым менен Аскат көчүрүп кетти. Аскат, аялы өлгөн соң жаш баланы бага албай, багып алгыла деп, ымыркайды таятасына алып барса, кайын энеси ыргыштап көнбөй коюптур. “ Өлөр кызым өлдү, кызым болбогон соң, бул жетимдердин мага кереги жок!” деп. Кичинекей арык ымыркайды колума алып, эмиздим. Эчкинин сүтүн эмип чоңоюп жаткан Керез мени тигиле карайт. Балада не күнөө, ойго батам. Кайын энем болсо көзүмдүн кареги менен тең айланат. Мен болсо чоочун дүйнөгө баш баккандай же болбосо түш көрүп жаткандай болуп жүрөм. Аскат деле мага чоочундай, алыс болуп калгандай элестетем. Кетип калайын деп, кичинекей Керезди кыйбайм, апалап ээрчиген Нуртилекти таштай албай арасат жолдо жүрөм. Аялы каза болбосо Аскат мага кайрылмак эмес деген ойду ойлогонумда бул үйдө бир мүнөт да тургум келбейт. Кызым менен Керез бирдей чоңоюп келе жатат Аскат сырттан кирип, биринчи Периштени колуна алат. Андан соң, Керезди эркелетет. Аскаттын ал кылыгы жөн гана жагынуунун аракетиндей гана сезилет. Мына замандаш, бир кездеги эң кымбат адамым чоочунга айланып калганы мен үчүн азап болуп, жашоонун баркы кетип бараткандай туям.
Альбина Шадыбекова
Булак: BULUT.KG