Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңештин депутаты:  “Ким жардам сураса, колумдан келишинче жардам берем”

Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңештин депутаты: “Ким жардам сураса, колумдан келишинче жардам берем”

11.09.2019 Выкл. Автор bulut.kg

— Көп мыйзамдарды кир­гизүүдө демилгечилерден бо­лосуз, бул ишке ашсын деген мыйзамдарбы же өзүңүздү пиар кылуунун жолубу?

— Жогорку Кеңешке мыйзамдар­ды демилгелеп элиме пайдамды тийгизиш үчүн келгем. Өзүмдү пиар кылуу жашоомо жат көрүнүш. Мени элим де­путат катары болбосо деле спортчу катары тааныйт.

— Спорт десе ичкен ашыңыз­ды жерге коёоруңуздан кабарым бар. Каралбай же болбосо ремон­ту жок машыгуу залдары үчүн күйүп-бышып жүргөнүңүздү ук­тум эле…

— Туура  айтасың. Учурда спорт тармагы-аксап турган тар­мактардан. Чет өлкөлөргө барып, Кыргызстандын желегин желбире­тип, намысын коргоп алтын медаль утуп кел деп жибериштен мурда, спортчуларга шарт түзүп берүү за­рыл деп эсептейм. Жакшы шарт түзүп берип, андан соң намыска жарап келгиле десек тура болчудай. Өлкөдө жаңы курулуп жаткан спорт залдар аз. Болсо деле жеке менчик спорт залдар. Ал эми өкмөт тара­бынан азырынча жаңы заманбап залдарды курууга чама аз. Ошон­дуктан эски залдарды капиталдуу ремонттон өткөзүп спортчуларга аз да болсо шарт түзсөк деген оюмда бар.

— Эки жолу дүйнө чемпиону болгонсуз, азыркы жаштар алсыз дегендерге кандай ой айта аласыз?

— Эми, оозуна алы жетпегендер же болбосо, бир иштин майын чыгара албагандар сүйлөй берсе жарашса керек. Менин оюмча азыркы учурда спорт жаатына ыктаган жаштар арбып барат. Бир учурлар өткөн, СССР кулагандан соң, спортко кызыккан жаштардын арасы азайган. Азыр Кудайга шүгүр жаштарыбыз Азия, дүйнө чемпиондуктарды ба­гынтып жаткандыгы эле канча сый­мык. Ошол өлкө намысын коргогон жаштарга стимул бере алсак жакшы болмок.

— Сизди, кичи мекенине спорт комплекс куруп жатат деп уктук эле?

— Ооба. Айылдагы жаштардын спортко болгон шыгын арттыруу үчүн, жасалган алгачкы аракет де­сем болот. “Ааламга жол айылдан башталат” дегендей, айылдаштар арасынан дүйнөнү багынткан, элибиз­дин намысына жараган чемпион­дор чыкса жаманбы…

— Сиз Базар-Коргон райо­нундагы социалдык пробле­малардын баарын чечүүгө ты­рышасыз, өлкөбүздүн башка аймактарынан кайрылган жа­рандарыбызга жардамберген учурларыңыз болобу?

— Депутат катары, өлкөбүздүн кайсыл аймагында жашаган атуул­дарыбыз жардам сурап кайрыл­са, социалдык маселелер жаралса, колдон келген жардамымды аябай берип келем. “Бул адамга жардам бердим эле” деп жасаган иштеримди саясатка аралыштырган инсан эмесмин. Бул дүйнөдө саясаттан да жогору турган баалуулуктар бар. Маселен, Ислам дининде эле ар бир адам жардамга муктаж диндешине жардам берүүгө акылуу деген жери бар. Ошон үчүн колумдан келген жардамымды эчкимден аяган эмес­мин.

— Бала чагыңызга көз чаптыр­сак. Дүйнөнү багынткан чем­пиондун балалыгы кандай өттү экен?..

— Жакшы болот. Менин балалы­гым да кадимки эле айыл жеринде өттү. Эл катары, мал багып, кой жайып, пахта терип, тамеки тизген күндөрүм дале эсимде. Биздин балалык СССР деген улуу держава өкүм сүрүп турган кезге туш кел­ди. Айылыбыз аябай, пахтазарлуу эле. Пахтанын ачылган кезин көр­сөң тим эле бир укмуш, айланага акшейшеп ороп койгондой таасир калтырчу. Мен айылда бешинчи класска чейин окуп. Мектепти баш калаабыздагы спорт мектепте уланттым.  

— Апаңыз жапкан нанды сагынган учурларыңызды эсте­сеңиз?

— Алгач шаарга спорт мектебине келген кездерде апамдын нанын сагынып, наны тургай өзүн да сагы­нып жүрдүм. Айылда кененчиликке көнүп калган жайым, бир топ кый­налдым. 

— Сүйүү эркекке эки ирет ке­лет дегенге кошуласызбы?

— Жок. Эми сезимди күтүп жүр­гөндөргө, болбосо аялдан жолу болбой же башка кандайдыр бир себептерден улам сүйүүгө экинчи ирет кабылбаса, куттуу очогу жай­ында, баары ордунда турган эркектин сүйүү издешин тура көрбөйм

— Кызымды бербейм деп кайнатаңыз аябай каршы болгон деп кеп салышат?..

— Эми анча-мынча каршылыктар болгону чын. Ал мыйзам ченемдүү эле көрүнүш да. Келинчегим менден бир топ жаш кичүү кайнатам деле кызын, окуусун аяктаса деген тилектер менен каршы чыкса керек. Ар бир ата-эне өз баласынын бак­тылу болушун тилейт тура.

— Азыр сиз да кайнатаңыздай Жогорку Кеңештин депутаты болдуңуз. Кызыңыз жөнөкөй жигит тандаса, кандай жол тута­сыз?

— Байлык мансап бул колдун кири, бүгүн бар эртең жок дегендей. Кызым тандаган жигит бактылуу кылаарына көзүм жетсе каршы

чыкпайм. Мен үчүн, байлык бий­ликтен балдарымдын бактысы жогору турат.

— Саясатка кайнатаңыздын ар­ты менен келгениңиз чынбы?

— Эгерде мен кайнатамдын кады­ры менен саясий упай чогулткум келсе ал кадамга көп жыл мурда бармакмын. Спортто андан кийин деле мамлекеттик кызматтарда көп жыл иштедим. Эми жалпы элимдин керегине жарап, жаштарыбызды колдоо макса­тында Жогорку Кеңешке депутат болуп келдим. Буйруса менин мак­сатым – элимдин ишеничин актоо!

Булак:Bulut.kg