Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты: “Гранатомёт, миномёт менен мектепке ок атылган”

– Таабалды мырза, Баткенге барып келдиңиз, абал кандай?

– Азыр абал тынч. Бирок, эл арасында тынчсыздануу күч. Себеби, оор куралдар колдонулуп, эки саатка жакын атышуу болду да. Айрыкча аялдар, жаш балдар катуу коркуп калышкан. Алардын өздөрүнүн акыбалдары оор чынында.

– Буга чейин Баткендеги чек арага байланыштуу Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, өкмөткө тапшырма берилген. Алар канчалык деңгээлде аткарылыптыр?

– Токтомдун негизинде колдон келишинче иштерди аткарышыптыр. Бирок, бир тобу аткарылбаган. Көйгөйлөр көп экенин көрүп келдик. Ошол себептен, жалпы жыйынга өкмөт чакырылды. Токтомдун аткарылышы боюнча суралды. Эмки жумада палатага алып чыгып талкуулайбыз.

– Чатак эмнеден келип чыкканы белгилүү болдубу?

– Бул жерде кошуна мамлекеттин жол курулуш иштерин баштап жибергендигинен келип чыкканы айтылууда. Куралды алар биринчи колдонуп, ошонун негизинде биз тараптан бир адам жоготуу болду. Андан башка бир нече аскер кызматкерлери, жергиликтүү тургундардан да жарадар болушту.

– Сүйлөшүүлөр кандай деңгээлде жүрүп жатат?

– Эки өлкөнүн премьерлери жолугушту. Эки саатка жакын сүйлөшүштү. Абылгазиев бул боюнча баяндамасында айтат. Тажикстандын премьери келип, чек арадагы абалды көрүп кетти. Жакынкы күндөрү чечим кабыл алынат деп ойлойм.

– “Чек арадагы чыныгы абалды айтып чыккан жергиликтүү депутаттарга кысым болуп жатат” деген дооматтар айтылууда…

– Мен депутаттар менен да бул тууралуу сүйлөшкөнү жаткам. Бул жерде эч кандай кысым болбошу керек. Алар деле жарандык, депутаттык милдетин аткарып, элдин көйгөйүн айтышты. Кандай маселелер боюнча суралып жатышканынан менде маалымат жок. Мен түндө Оштон учуп келдим. Өкмөт башчы, укук коргоо органдарынын башчылары Жогорку Кеңешке келишет. Баардык маалыматтарды ошолордон алабыз.

– Атышуудан жабыркаган имараттар барбы жана алар жараксыз болуп калдыбы?

– Мектепке ок атылган, имарат жабыркаган. Гранатомёт, миномёт менен атылган. Андан тышкары үйлөр жабыркаган. Ал боюнча атайын комиссия түзүлдү. Иликтеп, иштеп жатышат. Биздин чек ара бекетибизге да бир топ атуулар болгон. Өкмөт маалыматтарды ачыктап, тактап, анан коомчулукка жарыялайт.

– «Тажик тарап жол курулушун баштап жиберди» деген жер чек арадан канча жакындыкта турат?

– Ак-Сай-Рават, Ак-Сай-Тамдык жакта ал жол. А Лейлек тарапта жол курулуп жатат, ал биздин Кыргызстандын жеринде.

– Чек арадагы кечээки жаңжал бул биринчи эмес, бир нече жолу кайталанып келет. Буга кантип чекит коюуга болот?

– Сүйлөшүү, дипломатиялык жол менен чечилет. Атуу, бири-бирин зордук-зомбулук кылуу менен чечилбейт. Адам өмүрлөрү кыйылды. Бул жоготуу өлкө үчүн да, үй-бүлө үчүн да жаман. Үч бала жетим калды, жесир калды. Мындайдын кимге кереги бар? Чек ара маселесине акыркы чекитти коюуга мезгил жетти. Мамлекет башчылардын активдүү сүйлөшүүлөрү менен ыкчам түрдө чечилиши зарыл.

– Каза болгон чек арачынын үй-бүлөсүн кыргыз бийлиги камкордукка алдыбы?

– Биз – депуттар тобу жарадар болгондордун акыбалдарынан кабар алдык. Туугандары менен жолугуп, сүйлөштүк. Каза болгон Равшан Муминовдун тажиясына катышып, аялына, энесине, туугандарына көңүл айтып, колдон келишинче жардамыбызды бердик. Өкмөт башчы ошол жерде сөз берди, ата-энеси да талап кылды. Үйлөрү жок экен, өкмөт үй маселесин чечип бергенди колго алды.

Булак: «Азия ньюс»