Сүйүү өчпөйт бирок…
10.06.2019Балалыгым эң жакшы өттү. Үйдө он бир бир туугандын эң улуусумун. Мектепти орто баалар менен аяктадым. Тогузунчу класстын окуучусу болгон кезде өзүмдөн бир жаш улуу баланы сүйүп калдым. Алда мени абдан жакшы көрчү. Экөөбүздүн сүйүү романыбызды айыл боюнча билишчүү. Күндөн күнгө сүйүүбүз ширелишип баратты.
Жигиттин аты Мирлан. Менин атым болсо, Миргүл эле. Мирлан менден бир жыл мурун мектепти аяктады. Жогорку окуу жайдын студенти болду. Ичимден кызганчумун шаарда жүрсө, башка кыз жандаса керек деп. Бирок, Мирлан ар дем алыш күнү айылга келип, мага жолугар эле. Биздин сүйүү сүттөй ак, балдай таттуу болчу ал учурда. Тезирээк мектепти аяктап, шаарга жаныма барсаң деген Мирландын изги тилегин таш кабарын анда кайдан билдик.
Мен мектепти аяктадым бирок, шаарга окууга барууга атамдын колу жукалыгы жол бербеди. Биз көп бир тууганбыз, айылдагы орто заар үй бүлө элек. Ал эми Мирлан болсо, тектүү колунда бар жердин баласы эле.
Мектепти аяктаганым соң, үйдө олтуруп калдым. Туш тараптан куда келе баштады. Атам бирине да көнбөдү. Себеби Мирланды жакшы тааныган үчүн, мени башкаларга ыраа көрбөдү. Бир күнү Мирландын апасы аялдар менен олтурушта олтуруп, “Мирланыма Миргүлдү алып бербейбиз. Менин баламды күтүп күйөөгө кетпей олтурса керек гоо, ата-энеси деле ойлонбойбу, биздин даража каякта жатат алардын жашоо шарты каякта. Тең теңи менен тезек кабы менен болгону жакшы да” деген учкул сөздөрдү айтыптыр. Ал сөз айылда желдей тарап, биздин үйгө да келип жетти. Мен ыйлап жаттым, эмне үчүн антишет акча колдун кири. Атам бизди, “Бийлик байлык колдун кири” деп чоңойткон эле.
Атам унчукпады. Апам, тызылдап оозумда сөзүм бар деп эле сүйлөй беришеби тообо. Биз кедей болсок, жарты нан сурап жатабызбы алардан. Баласына алып бербесе койсун, эркектин акыркысы ошонун баласы болсо да деп кейип-кепчип жүрдү. Мага болсо Мирландан ажыроо өлүм менен катар элестейт.
Апасынын сөзүнөн кийин Мирлан канча жоолу жолугууга келди бирок, жолукпадым. Байдын баласында сөзүм жок деп туруп алдым. Көп өтпөй мага куда түшүп келген бирөөгө ата-энем маакулдугун беришти. Эртең менин тоюм, башка үйгө бүлө болом, биздин үйдө бака-шака кишилер көп. Мал союлуп, казандарда эт бышып, боорсоктор жасалып, жууркан төшөк тигилип өзүнчө эле майрам. Мен болсо классташ кыздарым менен бир бөлмөдө эртең тойго керектелчүү буюмдарды иретке келтирүүдөмүн. Бир кезде сыртта Мирлан келди деген үн кулагыма шак дей түштү. Жүрөгүм кабынан чыгып кетчүүдө согот. Келбей койсо эмне. Бир кашкөй сезим, келе берсин ата-энесине каршы туруп, сүйүүсү үчүн күрөшө албаганы үчүн, кечирбейм деп жаттым.
Ар кимден менин чыгуумду өтүнүп кат жазып жатты. Чыкканда эмнени сүйлөшмөк элем деп өзүмдү соороттум. Классташ кыздардын кээ бирөөсү Мирлан менен коштошуп койсоң боло деп кеңеш берип жатты. Кулагыма эч нерсе кирбеди. Бир кезде апам баш багып, “Маку сыртка чыкпа Мирлан келди. Атаң аны менен качып кетсе эки дүйнө кечирбейм деп жатат. Сени бары бир алар бүлө катары көрбөйт. Мирлан сени алган күндө да салынды катын болосуң” деп басып кетти.
Бир топ убакыттан соң, Мирлан терезенин сыртына келди. Маку сыртка чыкчы акыркы жолу жүзүңдү көрүп койоюн деп үн салды. Жооп кайтарбадым. Жүрөгүм сыздап ыйлап жатты. Көпкө туруп Мирлан жооп болбогон соң кайтып кетти көрүнөт.
Бак жактагы терезеден атамдардын эт бышырып жатканын карай калсам, Мирлан атама жалынып ыйлап жатыптыр. “Кызыңызды сүйөм уруксат бериңизчи, алып кетейин. Биз алыстарга кетебиз! Макуну сөзсүз бактылуу кылам. Көрөс биз бактылуу болобуз!”
- Кой балам деди атам, Мирланга. Ата-энең экөөңдүн бир болууңарды каалашпады.
- Алар каалабаса, мен каалайм. Сиз эле уруксат бериңизчи!
- Жок. Атам кесе айтты. Ата-эненин батасын албаган бала агарып,көгөрбөйт.
Мирлан шылкыя басып кетти. Кайрадан биз олтурган бөлмөнөн терезе астынан пайда болду. “Маку чыкчы! Алыстарга качып кетели! Сенсиз кантип жашайм!” ботодой боздоп ыйлап жатты. Ичкериде мен ыйладым. Курбу кыздарымдын баары ыйлашты. Эки оттун ортосунда калдым, качып кетейин десем, ата-энемди кыйбайм. Калып калайын десем Мирландан ажырайм. Акыры балалык ууз сүйүүмдү курман чалдымда Мирланга жооп бердим, Мирлан кой эми эртең тоюм! Мени чындап сүйсөң, тынч кой! Биз бул дүйнөдө бир болбосок да аркы дүйнөдө бактылуу болобуз дедим. Көөпкө барып Мирлан кетти менин ыйым басылды.
Эртеси ак көйнөк кийип, ак куудай керилип, келин болдум. Жолдошум бир топ жаш улуу. Тойдун эртеси эле кайненем каарын чачты. Айла жок чыдоого туура келди. Тоолуу айылдардын бирине келин болгом. Мал жандуу үй бүлө. Кош-кош уйларды, бээлерди саап колум бошобойт. Кечке тыным албайм, ошентсе да кайненеме жакпайм. Күйөөм болсо, жакшы сөзү жок инсан. Биринчи балам боюмда болду, мурункудай жумуш жасай албай калдым. Кайненем кагып силкет. Уруш көбөйдү атамдын үйүнө кетип калдым. Апам алдап соолап жолго салды. Уруш талаш менен жүрүп үч балалуу болдум. Күйөөмдүн колу тийгенсип кайненем ура баштады. Акыры тажап ажырашмай болдум. Уулумду алып калышты эки кызымды ээрчитип, төркүнүмө кете бердим. Ушунчалык тажаган экенмин инилерим Орусияда иштешчү ошолор жака кетип калдым. Башыма канча кыйынчылык келсе да чыдап иштеп бутума турдум. Бир туугандарым биринен сала бири чоңоюп баары иштеп ата-энем байып кетти. Мен кош кош үйлөрдү алдым. Көп жылдан соң, мекениме кайтып келдим.
Тагдырдын ташы кандай айланарын эч ким билбейт тура. Мирландын атасы катуу ооруп, болгонун сатып, итке минген кедейге айланышыптыр. Мен атайын Мирланды көрүү үчүн чакырттым. Кафеде көпкө сүйлөштүк. Экөөбүз мейманканага барып түнөп келели деп сунуш киргизсем, Мирлан чок баскандай секирди. Маку кой биздин сүйүү тунук бойдон калсын! Ылайланышын каалабайм деди.
Эми эркек ошентсе мен эмне демек элем тим болдум. Кыйналып атсаң керегиңе жарат деп отуз миң сом бердим. Кыйылып алды. Кайрадан Орусияга кеттим. Айлар агылып, жылдар өтүп өзүм туулган айылга кайтып келдим. Мирланды сурадым жүрүт дешти. Канча убакыт өтсө деле ага болгон сүйүүм өчпөй койду тобо.
Менин келгенимди угуп, Мирлан мени кафеге чакырды. Бардым экөөбүз көөпкө сүйлөштүк. Жолукканыбыз үчүн деп, ичимдик сунуштадым. Кыйбай макул болду. Ичтик мас болумуш болуп Мирландын койнуна кирип, балдарымдын атасына өч алгым келди. Себеби аны менен жашап жүргөндө мени Мирлан менен жатып жүрөсүң деп көп жолу таяктаган. Ошого ошол таяктардын өчүн алгым келе берчү.
Мейманканага баралы деген сунушума Мирлан так секирди. Мастыка салып, мен жакпаймынбы же аялыңдан коркосуңбу, аялыңды өтө сүйсөң керек деп койдум. Менин сөздөрүмө намыстанып, Мирлан мейманканага барды. Жарыкты өчүрүп коюп көөпкө жаныма келе албай олтурду. Көптө барып жаныма жакындады кучактап, эркелетип ишке өттү. Баштаган иши бат эле аягына чыкты. Моокумум канбады бирок унчукпадым. Андан башка кол салбай таң атканча жөн гана боруна кысып жатты.
Эртең менен көзүмдү ачып, Мирлан кел үйлөнүп алалы эми бизге эч нерсе тоскоол боло албайт дедим чечкиндүү.
- Кантип, менин беш балам бар деди.
- Аялың менен ажыраш, балдарыңа жардам берип турасың. Каласаң аялың менен жолугасың дедим.
- Макуся, аялымды ташташым мүмкүн. Бирок балдарымды таштай албайм деди.
- Мени сүйбөйсүңбү?
- Сүйөм! Сүйүү өчпөйт бирок… сөзүнүн аягын жутту. Көзүнө тике карап үй бүлөмдүн алдында сүйүү алсыз дегенди окудум. Жүрөгүм зырп деп алып, олтуруп калдым. Келесоо жаным. Чын эле балдарычы деп ойлонуп, эртең чет єлкєгє учуп кетчү билетимди кармалап ойго баттым.
Айдай Алиева
Булак:Bulut.kg