Сурабалдиева: Мектептерге жыныстык маданият сабагын киргизүү керек
30.12.2020Вице-премьер-министрлер Эльвира Сурабалдиева жана Максат Мамытканов үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
Эльвира Сурабалдиева үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесин комплекстүү кароо керек экендигин кошумчалады.
«Учурда мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү керек. Жаш муун туура маалымат алуусу зарыл. Балдар Интернет тармагына эркин жеткиликтүүлүккө байланыштуу ишенимсиз булактардан ар түрдүү маалыматтарга ээ болушат. Белгилүү чыпкалардын жоктугунан 15 жашар өспүрүмдөр порнографиялык материалдарга жеткиликтүүлүк ала алат. Бул маселени чечүү керек«, — деди Сурабалдиева.