Сулуу болуштун ачкычы өз колуңузда
15.09.2019Сулуу жана арыктагысы келген айымдарга кеңеш берүүнү эп көрүп, диеталардан бир канчасын сунуштадык.
Айран диетасы.
Айран диетасынын жардамы аркасында үч күн ичинде эки жарым кг арыктоо мүмкүн. Айран дитасы эң бир оңой дитанын катарын толуктайт. Айран диетасында, бир күндө 1л айранды бешке бөлүп ичип, жашылча жемишта каалашыңызча жесеңиз болот. Башка тамакты аралаштырбаш керек болот.
Банан, сүт диетасы.
Беш күндүн ичинде банан, сүт диетасынын жардамы менен 3кг арыктоого болот.
Банан, сүт диетасы эң жөнөкөй жана оңой. Болгону бир күндө 6даана банан, үч стакан сүт ичүү керек.
Күрүч диетасы.
Күрүч диетасынын жардамы аркылуу бир жумаада 3кг салмак таштоого болот. Күрүч диетасы деле оңой эле. Үч маал сууга бышырылган күрүч бир кичине мискей менен өлчөп жесеңиз болот. Сууга бышкан гүрүчкө эртең менен сууга бышырылган бир жумуртка кошуп жешиңиз керек.
Түштө 100гр майлуу эмес тоок этин кошуп жешиңиз зарыл, кечинде күрүчкө
бир помидор кошуп жеп койсо тура болот.
Быштак айран диетасы.
Үч күндүн ичинде эки кг арыктоого болот.
Быштак-айран диетасында бир күндө беш жоолу тамактануу сунушталат. Ар бир жоолу тамактанганда 150гр быштак жеп, 200гр айран ичүү керек. Андан башка кошумча тамктар сунушталбайт.
Аралаш тамак диетасы.
Аралаш тамак диетасын жети күн кармасаңыз, төрт кг арыктай аласыз.
Бул диетаны кармодо, беш жоолу тамактануу зарыл.
Саат 8.00 Эртең мененки тамакты ичесиз. Таңкы тамакка сулуу боткосун колдоносуз. Ага алма, 50гр быштак же йогурт кошуп койсо деле болот.
Саат 10.00 Экинчи тамак, 2алма, 1мандарин же башка жемиш жесеңиз болот.
Саат 12.00 Түшкү тамак-сууга бышкан майлуу эмес 150гр эт (балык же тоок эти)бир жумуртка.
Саат 16.00 Алма же эки мандарин жешиңиз шарт.
Саат 18.00 (же 19.00) Кечиндеги тамак жашылча салаты, майсыз айран. Сууга бышкан жумуртка жеш керек.
Мандарин диетасы.
Мандарин диетасын колдонсоңуз беш күн ичинде төрт кг менен кош айтышасыз. Мандарин диетасын кармодо беш ирет тамактануу кажет.
Эртең менен бир чыны кофе же бир пиала чай. Бир чай кашык бал кошуп койсо болот.
Экинчи тамак, сууга бышырылган бир жумуртка, төрт мандарин сунушталат
Түшкү тамакка сууга бышырылган майлуу эмес, 120гр эт (тоок эти болсо терисин сыйрып салуу керек) бир тарелка ачытылган капуста же жашылча салатын жеш керек.
Түш оогондо, сууга бышырылган бир жумуртка жана төрт мандарин сунуш кылынат.
Кечки тамакка болсо, сууга бышырылган майлуу эмес 120гр эт, бир тарелка жашылча салатын пайдалануу керек болот.
Булак: “Bulut.kg”