Сузак районуна гуманитардык жардам берилди
29.10.2021

Учурда эл жерди сүйгөн мекенчил уулдар арбып барат. Алардын бири «Мекеним Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Давлет Арзикулов. Элге берген жардамдарын мен муну жасадым деп мактанбастан эле ишке ашырып келет. Ушул жылдын 27-октябрь күнү Сузак районунун аймагында жашаган өтө жакыр 401 үй-бүлөгө 500 миң сомдон ашык ун, май, чай, кант, макарон гигеналык каражаттар берилди. Бул саамалыкты Германия Федеративдик Республикасынын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен «Мекеним Ала-Тоо» коомдук бирикмеси ишке ашырды. Тактап айтсак коомдук бирикменин төрагасы Давлет мырза долбоор жазып ошонун натыйжасында жардамдар берилди.

ЖардамСузак районунун аймагындагы ар бир айыл өкмөткө бөлүштүрүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамында муктаждарга таратылды. Иш чарага айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери, айыл башчылар катышышты. Иш чаранын катышуучулары Германия элчилигине, демилгечилерге ыраазычылык билдирди…..Буга чейин Бишкектеги Германия элчилиги облус аймагында Давлет Арзикуловдун жазган долбоорунун негизинде 2020-жылы Базар-Коргон районунун элине 837миң сомдон ашык азык түлүктөн жардам берген. Быйылкы жылдын июль айында Ноокен районунун элине 500миң сомдон ашык азык түлүк тараткан.

Ушундай доолборлорду жазып, ар бир райондо жашаган муктаждарга жардам узатып жаткан Давлет мырзаны бали дейли. Мындан да чоң долбоорлорду ишке ашырып элге жерге жардамын аябасын. Андан сырткары биздин жигиттер жазган доолбоорлорду канаттандырып, элибизге жардам берип жаткан Бишкек шаарындагы Германия элчилигине да терең ыраазылык билдиребиз.
Булак: BULUT.KG