Стоматолог Бекбол тиштин сиз билбеген сыры менен бөлүштү

Стоматолог Бекбол тиштин сиз билбеген сыры менен бөлүштү

16.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

«Катуудан тиш, жумшактан ич оорубасын» деп бекер айтышкан эмес. Тиш оору адамдын айласын кетирип, бушайман абалга келтирет.​ Бул ирет Бишкек шаарындагы эң мыкты тиш дарыгерлердин бири Курманбеков Бекбол Сабырбекович менен журналист Айбек Нур маектешти. Макаланы толук окуп, пайдалуу маалымат алып алыңыз окурман.

— Адатта тиш оорусу бар күчүңдү алып, күнү-түнү кыйнайт. Айла кетип стаматологго жете келгенде эч нерсе болбогондой «тып» басылып калат. Мындай көрүнүштөр көп болсо керек?

— Ооба, көп болот. Бул психологиялык себептер менен түшүндүрүлөт. Биздин кабинетке кирген адам өзүн жооткотуп, эми мындан кийин тиш оорудан арылам деп келет да.

— Тиш жөнүндө айтып берсеңиз?

— Тиш​ тамакты тиштөө жана майдалоо кызматын аткарат.​ Мындан сырткары адамдын тиши сүйлөөгө да катышат. Адамдын алдыңкы жана үстүңкү жаагында 16дан тиш жайгашкан.

— Сүт тиштер боюнча айтсаңыз?

— Сүт тиштердин көлөмү туруктуу тиштерге эле окшош, бирок алар кичине, тамыры (түбү) кыска болот. Ар бир жаакта 10дон тиш (4 кашка, 2 кылкыйма, 4 азуу) болуп, кичине азуулар болбойт. Алтыдан он төрткө чейинки балдарда сүт тиш жана туруктуу тиштер болот. Сүт тиштер 13 —14 жашка чейин акырындап туруктуу тиштер менен алмашат. Мында азуу сүт тиш туруктуу кичине азуу менен алмашат. Ал эми туруктуу чоң азуулардан мурда сүт азуу тиш болбойт.
Бала 6га чыкканда биринчи туруктуу чоң азуу чыгат.

— Тиштин өрчүшү боюнча сөз кылсак?

— Тиштин өрчүшү түйүлдүктүн баштапкы өрчүү стадиясында башталып, 18—20 жашка чейин созулат. Сүт тиштер түйүлдүк 6—8 жумалык болгондо калыптанат. Ал эми туруктуу тиштер түйүлдүктүн 5-айынан, туруктуу чоң азуулар бала 6 ай чамасында, акыл азуу 3—4 жашында өрчүй баштайт. Бул түйүлдүктүн жаагында орун жетишпегендиги менен түшүндүрүлөт. Баланын тишинин калыптанышына кош бойлуу аялдын жана баланын туура тамактануусу чоң мааниге ээ болот. Кош бойлуулардын, эмчектеги баланын туура эмес тамактануусу, ооруп начарлашы, витаминдин, айрыкча кальций жана фосфор туздарынын жетишсиздиги тиштин катуу тканынын калыптанышына терс таасир берип, тиш ооруларына бат чалдыктырат.

— Тиштин коронкасы жөнүндө көбүбүз биле бербесек керек?

— Ар бир тиштин бүйлөдөн чыгып турган башы башкача айтканда коронкасы бир аз ичкерип, бүйлө менен курчалган моюнчасы менен жаактын тиш оюктарында жаткан түбүнөн (тамыры) бөлүнүп турат. Тиштин ичинде көңдөйү жана тамыр каналы болуп, тиш тамырынын учундагы тешиги аркылуу көңдөйгө кан тамырлар, нервдер кирет. Тиш негизинен дентинден турат. Дентин эмаль (тиштин баш жагы) жана цемент (тамыр жагы) менен капталган. Тиштин тамыры менен тиш жаткан сөөк уячанын ортосунда байламталар болот. Алар периодонт деп аталып, андан тиш көңдөйүнө нервдер, кан тамырлар кирип аны азыктандырат. Тиш көңдөйү жана тамыр каналы жумшак ткань — пульпа менен толгон. Пульпа көпшөк туташтырма ткандан, кан тамырлардан, нервдерден жана түрдүү клеткалардан турат.

— Тиш кантип калыптанат?

— Тиштин калыптануусунда адегенде дентин, андан кийин эмаль пайда болот. Эмаль эң катуу ткань болуп, 96%ы минерал заттан турат. Туруктуу тиште сүт тишке караганда минерал заттар көп болот. Билесизби, тиш белгилүү мөөнөттө жана белгилүү ырааттуулукта чыгат. Адегенде баланын алдыңкы, андан кийин үстүңкү маңдай тиштери чыгат (6—8 айында). Анан (8—10 айында) алдыңкы жана үстүңкү четки маңдай тиштер, кийинчерээк биринчи азуу тиштер (12 —16 айында), кылкыйма тиштер (16 — 20 айында) жана экинчи азуулары (20—30 айында) чыгат. Көп учурда бала 2 жашка чыкканда баардык 20 сүт тиши чыгып бүтөт. Тиштин чыгышы физиологиялык кадимки абал; эгер баланын эти ысыса врачка кайрылуу керек; ал башка оорунун белгиси болушу ыктымал. Баланын тиши чыгарда бүйлөсү дүүлүгүп, кычышат, бала тынчсызданып, катуу буюмдарды (кашык, шакекче жана башкалар) бүйлөсүнө сүргүлөйт; шилекей көп агат (шилекей безинин функциясы күчөйт).

Адамдын биринчи тиштерин айта кетсеңиз?

— Бала 5 — 6 жашка чыкканда алгачкы ирет туруктуу чоң азуу тиш чыгат. Ал сүт азуу тиштин арткы түбүнө (жаак өсүп ага орун болгондо) чыгат. Ортоңку маңдай тиштер бала 6—8 жашында, четки маңдай тиштер 9—10 жашында, ал эми кылкыйма жана кичине азуу тиштер 12 —14 жашында туруктуу тиштерге алмашат. Экинчи чоң азуу 14 жашта, ал эми акыл азуу (түпкү азуу) 16дан 25 жашка чейин чыгат. Тиш тамакты тиштеп, чайнап, шилекей менен аралаштырат. Чайноо тамак сиңирүүнүн башталышы болуп эсептелет. Шилекейдеги ферменттердин таасири менен ооздо тамак сиңирүү башталат. Ооздо тамактын жакшы майдаланышы, анын карында жакшы сиңишине шарт түзөт. Тиштер ооруга чалдыкканда же көп тиш бузулган учурда тамак сиңирүү бузулат. Чайноо шилекей безинин шилекей чыгаруусуна, карындын иштешине, кан айланууга жана организмдеги зат алмашууга оң таасир берет.

Тиштин чиришинин себеби эмнеде?

— Тиштин чиришине туура эмес тамактануу: кантты, өтө таттуу тамакты көп жеш, витамин, кальций, фосфор жетишпегендик, чийки жашылча-жемиштерди аз пайдалануу, ошондой эле тишти жаман күтүү себеп болот.
Кош бойлуу аялдардын туура эмес тамактануусу жана ооруп калышы баланын тишинде кариестин өөрчүшүнө өбөлгө түзөт. Айрым жерлерде сууда фтор жетишпегендиктен балдарда тиштин чириши көп кездешет. Балдар жугуштуу оорулар менен катуу ооруганда, тамак-ашта витамин жетишпегенде, ошондой эле жыныстык жетилүү мезгилинде көп жолугат. Тиштин чириши кош бойлуу аялдарда ички секреция бездеринин функциясы өзгөргөндө, зат алмашуунун бузулушуна (түйүлдүктүн скелетин куруу үчүн кальцийди көп керектегендигине) байланыштуу көп учурайт. Ал адегенде билинбейт, кээде эле саргыч так пайда болгону байкалат.
Кийин ал жердеги эмаль жумшарып, тиштин үстү чирий баштайт. Бул учурда таттуу, кычкыл тийгенде, щётка менен тазалап жатканда ооруйт. Акырындап тиштин чириши тереңдеп, дентинди буза баштаганда тиш көңдөйүнө тамак түшкөндө, ысык, муздак жана башкалар тийгенде ооруйт, врачка өз убагында барбаса тиштин чириши андан ары тереңдеп, эмаль менен дентинди бузууга катышкан бактериялар тиштин жумшак денесине (пульпага) жетип, аны сезгентет (Пульпит).
Чоң кишилердикине караганда балдардын тиши бат чирийт. Ал балдардын тишинин катуу тканы анча акиташтана электиги жана микроорганизмдердин таасирине туруксуздугу менен түшүндүрүлөт. . Тиштин чириши жаңы башталганда дарылоо максатка ылайык. Анткени ал кезде дарылоодо (тазалоо) оорубайт, ал эми терең кариесте катуу ооругандыктан ооруну басаңдатуучу заттарды колдонууга туура келет. Тиштин чиришин алдын алуу бала төрөлө электе (кош бойлуу кезде эле) башталууга тийиш. Кош бойлуу аялдардын тамак-ашында белок, май, углевод, витаминдер жана минерал заттар, айрыкча кальций, фосфор жетиштүү болушу түйүлдүктүн жакшы өөрчүшүнө, ошондой эле соо тиштин туура калыптанышына өбөлгө болот. Балдардын тамак-ашында белок (сүт, эт, жумуртка жана башкалар), азуу тиштери чыккандан тартып чийки сабиз, капуста, алма берген пайдалуу, кондитер азыктарын көп берүүгө болбойт. Мектепке чейинки балдарды врач-стоматологго көрсөтүп, эгер кариес байкалса токтоосуз дарылоо зарыл. Сүт тишти эрте жулдурбай, туруктуу тиш чыкканга чейин сактоого аракет жасоо керек. Аны эрте жулуп салуудан балдардын жаагы жай өсүп, туруктуу тиш туура эмес чыгат.

— Тиш саргаруудан кантип кутулса болот?

Биз убакытты токтото албайбыз, бирок тишке туура кам көрүнүү үйрөнүп, аябай саргарып кетүүсүнүн алдын алса болот. Ал үчүн айрым нерселерден баш тартышыбыз керек. Мисалы, тамеки, насвай чегүү адаты.
Эгерде, сиздин тишиңиздин өңү абдан ойлондуруп жатса, анда дарыгерге кайрылышыңыз керек.

— Үй шартында агартууга болбойбу?

— Албетте, үй шартында тишти агартуу эффект берет, бирок маалымат каражаттарындагы жарнактардай агартуу мүмкүн эмес экенин билүү зарыл. «Лимон суусун колдонуп агартам» дегендер бар, бул жемиш тиштин эмалын бузуучу болуп саналат. Ал эми агартуучу тиш пасталарына да ишенүү туура эмес. Ал өз продукциясын сатуунун амалы. Менин берээр кеңешим стоматолого эле түз кайрылуу кажет.

Азиаттардын тиши берметтей ак болбойт дешет?..

— Туура айтасыз, азиаттардын тиши берметтей аппак болот дегенден алыспыз. Бир аз сарыраак келет. Өзгөчө бир сары түскө боёлуп калгандар бар. Алар өтү ооруп, оозуна дайыма сары зил келип тургандар. Кофе иче бергенде да​ башкача өң пайда болот. Анан көпчүлүк тишимди агартат элем деп айта берет. Эгерде табиятынан тиштин өңү ошондой болсо, аны берметтей кылам деп убара болуунун кажети жок. Ал эмалдарга эле зыян болот.​

Тиштин түндө ооруганы илимде башкача аталат деп уктум эле?..

— Түнкүсүн баштала турчу тиш оорунун түрү «пульпит» деп аталат. Ал дайыма кечкисин ооруйт. Башкача айтканда, адам горизонталдуу жатканда кан топтолуп нервге таасирин тийгизет. Эртең менен басылып калат. Эгерде пародонтит болсо ал күнү-түнү тынчтык бербейт. Биз ошон үчүн оорулуулардан тишинин кайсы убакта ооруп баштарын сурайбыз. Ысыкта, суукта, күнү же түнү сыркоолоп баштаганына карап диагнозду коюп алса болот. Кээ бирөөнөн сурасаң «иши кылса ооруйт да» деп ачууланып, тишин жулдурууга шашат.​

Алгач келген бейтаптын эмнесине көңүл бурасыз?

— Бейтап келип, орун алган соң, кайсыл тиши, кай жери кандай убакта ооруп жатканын, таттуу, ысык, муздак тамактарга оорутуп жатабы же жокпу сурап, шишик барбы, жокпу карап, андан соң текшерүүгө өтөбүз. Тиштерди атайын аспап (зонт) менен​ чертип же жел үйлөтүп, муздак суу берип текшерип алгандан кийин, рентгенге түшө турган болсо түшүрүп, анан ага жараша жыйынтык чыгарабыз.

-​ Азыркы тапта көбү тишти жулдуруудан көрө дарылатууга ыктап калышпадыбы, чынында кайсы пломба эффективдүү?

—​ Пломбанын материалына жараша түрлөрү, аттары да​ арбын. Чоң топтору фото пломба, химия пломба, стеклоиономер жана кадимкидей цементтер бар. Бизге келгендер «пломба койдурат элем, баасы канча» деп сапатынан мурун акчасына санаа тартышат.​

​ Кымбаты жана арзаны кайсылар?

—​ Кымбаты фото пломба. Алар өңдөрүнө жараша жасалып, атайын лампа менен катырылат. Ал аябай катуу жана жылмакай келет. Керек болсо жарты тишти кыр чыгарып түгөл тиш кылып койсоң болот. Арзаны​ — оюлган жерди жөн гана толтуруп койгон цементтер.
Бизге кайрылган ар бир бейтаптын тишин колдон келишинче тишти баштапкы абалына келтиргенге аракет жасайбыз.

Ооруну сездирбей турган уколдорду колдонуу бейтапка зыян болбойбу?

—​ Уколдор аз өлчөмдө сарпталгандыктан, ооздун айланасына эле таасир берет. Өзгөчө зыяны жок. Ошол эле уколду кош бойлууларга, кичинекей балдарга деле жасаса болот.

«Ооздон жагымсыз жыт» чыгууда деп кайрылгандар көп болсо керек?

— Жапжаш кыздар, балдар «оозум жыттанып жатат, сүйлөгөндөн уялам» деп келишет. Жадакалса «неберелеримди өпсөм, «апа, оозуң жыттанып атат» деп жатышат» деп чоң апа, чоң аталар кайрылышат. Биз ооруну абдан кылдат аныктаганга аракет кылабыз. Бул бүйлөнүн сезгенүүсүбү, пародонтитпи же курт жеген тиштен чыгып жаткан убактылуу жыт экендигин билишибиз керек. Эгер бейтапта ушунун баары аныкталбаса, ооздогу жыт ички органдардан келип жатат деп түшүнүүгө болот. Маселен, өтү ооруп оозуна сары зил келгендер же ичеги-карын, ашказаны жабыркагандар бар. Бул ооруларды башка адистер карайт.
Жагымсыз жыттын айынан ментол кошулган сагыздарды чайнап, атайын оозго себе турчу спрей колдонушат. Бул нерсенин баары убактылуу. Пародонтит менен гингивитте тиштин айланасына же жалпы организмге дарылоо жазылат. Ага дары-дармек, ийне саюу, физиодарылоо, витаминдерди берүү, таштарды тазалоо (пародонтит оорусунда) жана укалоо кирет.

Тишти укалообу?..

— Ооба, тишти укалоо! Арзыбаган иштей көрүнүшү ыктымал, бирок абдан натыйжалуу. Колду таза жууп ооз көңдөйдүн ичи же тышы укаланат. Бул кан айланууну жакшыртып, дарттын тезирээк айыгышын шарттайт. Айтылгандардын бардыгы дарыгердин көзөмөлү менен гана жүргүзүлүүгө тийиш.

Баардык эле тиш паста, щёткалар жарай бербейт. Сиз кандайын сугуштамаксыз?

— Туура айтасыз, тиш щётканын катуу, жумшагыраак (орто), жумшак деген түрлөрү болот. Мыкты тиштин ээлерине орто жумшакты, ал эми жумшак тиш щётканы тиши ооруган, оорубагандардын баардыгына сунуштайм. Катуу щётка менен тишти жууганга болбойт.
Баса, Sensitive, R.o.c.s. тиш пасталарын дагы сунуштап өтөм.

— Эми өзүңүз тууралуу маалымат берип өтсөңүз?

— Мен Жалал-Абад дубанынын Шамалдуу сай шаарчасында туулуп, өстүм. Балалык чагым, окуучулук курагым ошол кичи мекенимде өттү. (Знак номер) 2-Кенжалы Осмонкулов атындагы орто мектебин аяктаган соң, баш калаага келип,​ ​ Кыргыз Мамлекеттик Медициналык институтуна тапшыргам. 3 жылдан бери өз кесибим менен иштеп келе жатам.

Сизге кайрылууну каалаган бейтаптар кантип байланышса болот?

— Биздин дарек Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү 4а1, Клиника Матис. Бекболго деп кайрылсаңыздар болот. Болбосо, 0501509077 номуруна байланышыңыздар. Ар бириңиздер үчүн эшигибиз ачык.

Үй-бүлөдө канча бир туугансыз?

— Төрт бир тууганбыз. Эжекем, мен жана эки карындашым бар.

Бала чагыңызда тиш дарыгери болом деп кыялдангансызбы?

— Бала чагымда учкуч болом деп кыялданчумун. Бирок, «Доктор Хаус» телесериалын көрүп таасирлендим окшойт, Бишкекке келип эле тиш дарыгерликке тапшырып калдым.

Ата-энеңиз жөнүндө кеп кылсаңыз?

— Атам Токоев Сабырбек дыйканчылык менен алектенип келди. Апам Тумара Боркошева болсо мектептин китеп канасында иштөөчү. Учурда апам ошол эле мектепте «завхоз», атам ошол мектепти апамды да кайтарып иштейт. Ата-энеме абдан ыраазымын, алар менен абдан сыймыктанам.

Алдыга койгон максат-планыңыз?

— Оболу ата-энемдин ыраазычылыгын алуу. Андан кийинки пландарым, максаттарым өтө көп. Мисалга, кесибимдин эң мыкты адиси болуу.

Куруп берген маегиңиз үчүн рахмат, ийгилик коштосун!

Маектешкен АЙБЕК НУР