Ставканын азайышы
17.06.2019Ставканын азайышы
Шамдын финансылык – чарбалык ишин тейлөөгө ишеним алган дал ушул Эдил болчу. Ал шефинин алдына жөн жай келчү эмес. Бардык финансылык иштин отчётун ушундан сурачу. Эдилди жандай кирген жигит да Шаамирге жат эмес эле. Ал дипломатты ачып столдун үстүнө коюп, артка кетенчиктей турду.
— Канча мында?, — деди Шам дипломатка шектүү карап.
— Жарымы… – тиги жигит күнөлүүдөй үн катты.
— Эмнеге?! – Шам эми Эдилге каардуу тиктеди. Акчаны алып келген жигит абалды курчутпоонун алдын алууга аракет кыла:
— Соода жакшы болбой атат. Азыр кардарлардын сезону эмес. Шеф, “бар болгонун топтодум” деп жөнөттү, мени. Туура түшүнүңүз. Күздө ставканы толуктайбыз. Биз качан убаданы буздук эле.- деди актангандай.
— А сезонуң мени кызыктырбайт. Айтып кой шефине мен капа болдум. Кечке капамды жазбаса, өзүнөн көрсүн. Бошсуң – деп, “акчаны кабыл ал” дегендей Эдилге ишаарат кылып, “Анан кайра кир” –деп белги берди.
Эдил тез эле кайра кирип келди.
— Эдик муну кандай түшүнсө болот? Бу көпөс мени тоготпой өлөрүн санап калган го. “Караңгыда көз тапчу элең, деги кандай ойдосуң?- деди Шам.
— Шам, жакында чоң саясатчы болгону турасың. А саясатты ыплас иш дешет. Мурда ворлордон ким душман, ким дос ачык билсең, эми саясатчылардан душман күтүп атасың. Ушуну унутпа. Ак жакалуу адамдын баарын эле абийирдүү деш болбогон сөз. Саясаттын да өзүнүн жазылбаган мыйзамы бар. Анын мектебинен өтө электигиңди моюнга алышың керек. Кеп бул көпөстө деле эмес. Бул онунчу маселе. Олигархты артынан түшкөн соң дүң чыгарбай бүтүрүш керек эле. Эми анын бир тал чачы түшсө сенден көрөт.
— Аны далилдеш керек… Олигарх жаңылышат. Эдик, ток этер жерин айтчы.- деди чыдамы кете.
— Олигархтын өзү сага келгени, эмне жөнүндө сөз болгону баарына дайын. Чырмалышкан түйүн ушерде турат. Муну братванын баары билет. “Шам, жаза тайды” дешип, братва мыйыгынан күлө карап турат. Демек биздин карта бирөөнүн колунда да болгон. Билип алгандай, гана иш жасашты. Эми өзүбүздү акташыбыз керек. Бир көрүнүп коёлу, Шам. Оболу ичибизди тазалайлы. Мен ушинтип ойлоймун. А көпөстүн “жарасы” жеңил эле.
— Ким дейсиң?.. Кимдерден башташыбыз керек?..
— “Иштин” милдетин кимдер моюнга алды эле?..
— Та-ак, түшүнүктү, Эдик. Мен чакырганда келесиң, — Шам орундукта чайпала ойго чөмүлдү. Эдиктин сөзүндө жан бар экенине ынанды. Ал бир аздан соң трубканы көтөрүп, катчы кызга:
— Мага Назар Беркуловичти тапкыла. Тез келсин, — деди. Катчы кыздын көзүнчө баарына ушинтип расмий түрдө кайрылчу. Эдилдин сунушун туура көрүп эртеңкиге калтыргысы келбеди. Бардыгын дагы бир ирет сындан өткөргүсү келди. Ошондуктан, чу дегенде эле буга чейин оң колу болуп келген Сапердон баштап, анын тамырын тытып көрүүнү эп көрдү. Сапер кирип келгенде Шам ага кызыга карап капталдан алган карышкырдай сүр көрсөтө: —
— Да-да, демек “Акеля промахнулся” да, — деп какшыктай, бүдөмүк сөз таштады. Ортодо ысык ымала болбошун алдырттан байкаган Назар унчуккан жок.
— Шамды тоготпогондор чыга баштады, — деди ордунан туруп ары бери баса.- Көпөстөр ставкасын ачык эле азайтып, чиренгени байкалат, –деп трубканы алып: — Эдил Барыктабасов кирсин, — деди. Аны айтканын тастыктоо үчүн чакыртып жатты. Сапер “Менин буга кандай тийиштигим бар “ дегендей кебелбей олтурду. Эдил киргенде:
— Кана, канча таштап кетти, тигилер?- деди Шам.
— Ставканын жарымы…
— Хорошо… Бошсуң…- деп Саперге кайрылып: -Көрдүңбү көөп баратышат.
— Көпсө, желин чыгарыш керек. Болду, баары баштагыдай ырдап калышат.- деди Сапер эч нерседен капары жок.
— Ырдабаганда кайда барышмак эле. Бирок… олигархтан жаза тайдырган сенин брак “ишиң” братвалардын бүйүрүн кызытып, жатышат дейт. Канча акча короттум силер үчүн. Акча жерге кирсин, сөздү байлап коё албайсың да. Мен эч качан жаза тайбаймын да, билесиң! Кайра көрүнчү мезгил келди окшойт, Сапер! Шаамирдин ким экенин унутуп бараткандардын эсине келтириш керек болуп турат. Фаранын иши эмне болду? – деди Саперге тике карап.
— Аны өзүм чыгарам дебедим беле, Шам,- деп Сапер аргасыз үн катты.
— Дегенсиң. Эми ага “вышка” берет. Үлгүрөсүңбү?!
— Олигарх өзү кийлигишип жатпайбы. Бирок, шанс бар. Бүтүрөм…
— Олигархка бизди барымтага коюп бердиң. Эми бир тал чачы түшсө бизден көрөт. Алты ай түзгөн планды алты секундда жайлап салышты. Олигарх куландан соо келип, мага ультиматум коюп кетти. Мени кандай абалга койдуңар билесиңби?! Эми Фараны чыгарбасаң, өзүңдөн көр! – Шам ага үңүлө тиктеди. Сапер Шамдын каардуу сөзүнүн аягы жакшы эмес жышаан экенин сезип, акыркы аракетин билдирүүнү туура көрүп:-
— Шам, Фараны чыгарыш өтө кыйын. Күчүм жетпейт. Каалайсыңбы олигархты өзүм жайлаймын. Күнөөнү бүт мойнума алайын.
— Анчалык эрдикке баруунун кажети жок.- Шам алаканын жайып:- Мурда коммунизмди самачу элек. Азыр андан өткөн сонун заман. Баарын сатып алсаң болот. Ошол эле сотту, прокурорду, керек болсо депутаттыкты да сатып ал, бирөө кың дебейт.
— Ан үчүн көп акча керек.
— Акчаң жетиштүү. Мен сени эч качан нааразы кылган эмесмин. Демек, Фараны чыгарууну каалабайм дебейсиңби, достум.- Шам анын мамилесине ичи чыкпагандай түр көрсөтүп, кайдыгерлигинен түңүлдү. Жүйөлүү сөз чыкпаганынан шектенип, сыр билгизбеген адамдай кытмыр күлө карап:- Кызыкчылыгыбыз дал келбей калды окшойт, достум!.. Сага деген жаман ниетим болгон эмес эле. Дале ошол бойдон каламын… Бирок, эми мындан ары сен үчүн эшигим жабык, достум. Бошсуң. Сенин милдетиңди башка бирөө аткарат, — деп эс алуучу бөлмөсүнө кирип кетти.
Ал чыгып кеткенден кийин Алини чакырып, “Саперден көз албагыла, тыңчы кой. Ким менен байланышат, кайда жүрдү, тырс эткенин мага билдирип тургула” деди.
Качууга камынган Сапер
Сапер Шамдын офисинен чыгып эле полковник Турат Муталибовго телефон чалып:
— Байке, тез жолугушуу керек… Жо, башка жактан… Ооба, ошерде… Кафеде подвалда күтөйүн, — деп, машинасын от алдырып жүрүп кетти…
Турат Муталибов өмүр бою органда иштеп келген, чыны милийсанын сырттаны эле. Кылмыш дүйнөсүнүн сырын терең өздөштүргөн, анда ким карышкыр, ким коён, ким түлкү экенин жадыбалдай жатка билген, деги койчу алардын итине чейин билгендиги менен айрымаланчу. Жөнөкөй инспектордон облусттук, шаардык кылмышты иликтөө башкармалыгын жетектеп келди. Өмүр бою кылмышкерлер менен күрөштү. Саперди балачагынан бери билип, анын кулк-мүнөзү кыял-жоругу полковникке дайын эле. Андан калса жердеш болсо. Сапер кылмышкер катары полковниктин көз алдында “өсүп” келатат. Башкармалыктарды жетектеп жүргөндө Сапердин канча кылмыш иши “элегинен” өттү. Жазалаган жерде жазалап, кээ учурда базарыбыз, мазарыбыз бир деп тымызын калкалаган күндөрү да болгон. Жердеши катары кылмыш жолун тандап алганына кейигени менен, эми ал жактан сууруп алуу кыйын экен жакшы түшүнөр эле. Полковник Назардын бозоргон өңүн көрүп, жаман жышаанды байкады. Ал канчалык бейкапар адамдай түр көрсөтөйүн дегени менен, ичинде буркан-шаркан түшкөн тынчсыздануу бар экени сезилип турду. Кыраакы киши орундукка олтурары менен:
— Назар, сөздү созбо. Ишиң чатак окшойт. Менден кандай жардам керек, айт, — деди.
— Шам мени иштен бошотту…- деди үнү кардыга.
— Да-да, чатак экен. Артыңдан акмалаган эч ким жокпу? Эми ал сени соо койбойт го.
— Акмалаганга үлгүрүшө элек. Тыңчы коёру турган иш. Байке, шефиңизге айтсаңыз баягы убадасын эртең түшкө чейин аткарсын. Куйрукту түйүп шаардан кетпесем болбойт.
— Баягыда эле кетишиң керек болчу.- Полковник чийеленишкен иштин аягы эмне менен бүтөр экен деген ойго өзүнчө бушайман.- Бекер убакытты текке кетирдиң, иним,- деди аны жубаткандай.
— Жо, анда кетсем шектүү болуп калат элем. Шам мени жердин түбүнөн болсо да таап алмак. Эми өзү иштен бошотту кетишке шылтоо бар… Дагы жүрөктү өйүгөнү Фараны билип туруп поставит эттим. Эми арга жок кетиш керек. Байке тездетели…- ал оор улутуна жер карады.
— Олигарх убадасынан тайбайт. Токто, эсиңи жый. Бүгүн эле акчаны дайындатып коёмун. Сен татыктуу иштеп бердиң. Кабатыр болбо. Эми сени Шам чек арадан чыгарбайт. Ошон үчүн жардам берейин, иним. Сага айтар кеңешим — башка паспорт ал.
— Кантип? Бир күндө элеби?- деди Сапер таң калгандай
— Жеңил эле. Кыргыздын паспорту фантик болуп калбадыбы.- деп полковник саамга ойлуу тигилип:- Макул, эртеге акча менен паспортту кошо аласың. Менин жардамым ушул болсун. Рахматы болгур атаң – Сати абам жакшы киши эле.- деди кабатыр боло.
— Рахмат, байке. Аман болсом унутпаймын. Мен башкача жашоону баштайм буйруса. Оңолом. Эми азыр сиз ашкана тарап менен чыгып кетсеңиз. Эртең түшкү үчтө карьерден жолугушалы. Хоп, байке кеттим, — деп Сапер шашылыш сыртка бет алды.
Күн да кечтеп баратты. Шашыла кирип келген Али кепкасын столго чаба:
— Шеф, Сапер ит экен. Ал менттерге сөз ташып жүрүптүр. Эртең түштө олигархтан бир “лимон” алып, Россияга безгени жатат.
— Атаны жаман десе… Аппетитин кара…- Шам ушундай болмок дегендей, Алиге суроолуу кадалды. Али:-
— Ага полковник Муталибов жардам берип атат. Эртең карьерден эсептешет. Шеф, Саперди кармап келип разборкага салалы. Фарага жеңил болот. Кандай дейсиз?
— Ан үчүн ар дайым эшигим жабык экенин айтканмын. Фарадан кабатыр болбо. Ал эми Саперуң мага жакпайт. Анын ордуна сен башкар. А Саперду… –деп сөөмөйү менен кекиртегин кесе сызып койду.
***
Балалыкка сарасеп
Тоо койнундагы мөңкүп аккан дайранын жээгиндеги көз жоосун алган эки кабаттуу дачада Шам бир жума ээн-эркин эс алуу үчүн келди. Шайлоо өтүүчү күнгө дагы үч жумадай убакыт бар эле. Банкир менен болгон сүйлөшүүлөр, ставканын азайышы, олигархтын опузасы, ишенген досу Сапердун сатып кетиши, шайлоонун “шайтан оюну” деги койчу түйшүгү түмөн ойлор. Анан да аны ардантканы ставканын жарымын берген көпөстүн камырабастыгы. Аны эстегенде “Эсинен кеткис кылып тарбиялабасам Шам болбой калайын” деди өзүнчө күңгүрөнө. Айтор баарына акыл калчап жообун табуу керек эле. Шам терең тунгуюкка кеткендей бардык байланышты үзүп, кат-кат болгон ойлор менен алпурушкан жалгыздыкты тандады.
Ал кечки тамакты да унутту. Жүзүндө балалыктын элеси калган сүрөттөрдү карап олтуруп, кыялы оор турмушту баштан кечирген мезгилдин бүктөмүндө калган өткөн күндөрдү эстеди.
Шам атасын да, энесин да жакшы билбейт. Ал бирге чыгып, чыга электе эле ажырашып кеткендиктен таэнесинин колунда тарбия көргөн. Апасы тез эле аскер кызматчысына турмушка чыккан бойдон дайыны билинбей кеткенин эс тартканда билди. Эжеси онунчу классты, өзү алтыны бүткөндө “тумшуктууга чокутпай” чарк айлана баккан таэнеси көз жумду. Анда да апасы келген эмес. Эжеси колхоздо иштеп, эптеп кыйынчылыкты жеңип дегендей, күн өткөрүп жүрүштү. Арийне, таенеси ошол учурдун мезгилинен эрте жетилген сабаттуу инсандарынын бири эле. Небересинин келечегинен үмүт артып, “Менин балам дүйнөнү башкарат. Шаасы болот” деп Шаамир деген атты ырымдап койгон. Шаамир мектепке эки жыл кеч барган. Эркелиги жанда жок. Өтү айрылганча шок эле. Таенеси анын кареги менен тең айланып турчу. Катуу сөз эмес, каардуу көзгө калтырбай бакты. Таэнесинен ажырагандан кийин Шамдын “кой” дээр кожосу жок, каалаганын жасаганга көндү да, калды. Жумада үч жолу сабакка барса барат, барбаса жок. Эжеси деле өзү менен өзү. Бар тапканын оокатка, кийим-кечеге жумшайт. “Иним элден кем болбой жүрсө экен” дегенде эки көзү төрт. Не сураса алып бергенге тырышат. Эжесинин жүрөгүн өйүгөнү – велосипедке акчасы жетпей жүргөнү. Велосипед айдаган балдардын артынан чуркап чаңында калган инисин көргөндө сай сөөгү сыздаганын айтпа. Ак ичип туралы деп кармаган жалгыз ую болбосо, сатып ийчү нерсеси деле жок эле. Шаамир жокчулуктан мукурап жүргөнү менен эч кимге өнөгүн алдырбас өжөрлүгү башкача болчу. Анда жетиге жаңы эле көчкөн. Мектептеги спорттук мелдеште классташы башкарманын баласы оюнга коштурбай, бөлүп койгонуна арданган Шаамир аны эсинен танганча сабап койгон. Дагы жакшы чоң балдар келип араң бошоткон. Болбосо жини менен биротоло тургус кылып коер беле. Ал эми башкарма деген башкарма да. Айылда эл үмүт артып келген кудайдан кийинки эле киши ушу эмес беле. Бир чакса кагаз топтоп Шаамирдин ишин сотко ашырып жиберген ошондо. Эжеси байкуш жалгыз уюн сатып, бар болгон белегин көтөрүнүп айыл аксакалдарын ортого салып алдынан өтсө да көнбөй койгон. Бутуна жыгылып сыздаган эжесин адам катары көргөн эмес, башкарма. Бир жолу каарданган башкарма Шаамирди камаган камерага барып:
— Сен ким элең?! Ушу сен адамсыңбы?! Селсаяк! Энеңди үчкоргондон көрөсүң эми! – деп колун кезеп чыгып кеткен.
Ошентип, Шаамирди өспүрүмдөр колониясына кесип жиберишти. Боюн уруп боздогон эжесинин караанына кылчак-кылчак карап кете берген.
***
Өтүкчүнүн алтыны
Жылдар сабалап учкан куш тура. Тез эле бир жыл өтүп кетти. Шаамир түрмөдө жакшы жүргөндүктөн жыл айланып бошонуп чыкты. Абакта жатканда эжесинин маанайын көтөргөн каттарды байма-бай жазып, “Жакшы адам боломун” дегенин эстеди. Чыны айылына барууну туура көргөн жок. Жаңыдан эле турмушка чыккан эжесинин кайын журтуна көрүнгүсү келбеди. Андан калса айылга барса ар кыл сөз жүрөрү айдан ачык. Шаардан эптеп бир иш таап, өз алдынча өмүр кечирүүнү чечти. Жумуш издеп көп деле убара болгон жок. Шаардын четиндеги троллейбус токтоочу жайдагы дүкөнгө жүк түшүргүч керек дегенинен ошерге, ишке кирип алды. Эң башкысы бул жерде курсагы ач калбайт. Айлыгынын аздыгына кайыл. Убактылуу иштеп турууга ыңгайлуу жер эле. Шаамир эч кандай куулук-шумдугу жок, дүкөндүн башчысынын айтканын так аткарып жүрдү. Ошол аралыктан кайдан жайдан аскерге чакыруу кагазы келип, солдаттык милдетти аркалоого жөнөп кетти. Армияда диверсанттарды даярдаган десанттык войскада кызмат өтөп, шамдагайлыкка, каныгып, турмуштун түйшүгүнө туруштук берүүгө такшалды. Ал армиядан келгенден кийин түз эле өзү иштеген дүкөнгө келген. Анын томолой жетим экенин уккандар, кайра ага боор тарта ысык мамилесин аяшпады. Ошентип, дүкөндө жүк түшүрүп иштеп жүрдү. Колу бошой калганда дүкөндүн бурчунда жайгашкан өтүкчү менен кобурашып калар эле. Өтүкчү еврей болгону менен кыргызча так сүйлөгөндүгүнөн көпчүлүктүн сүймөнчүгү болчу. Ал ара чолодо Шаамирге өтүк ултарганды, тиккенди үйрөтө баштады. Баласындай бапестеген бу чалдын байбичеси түшкү тамагын үзбөй алып келип, ичип бүткөнчө көзү менен тең айланганычы. Шаамирдин үй шартын уккандан кийин ага да кошо тамак жасап келип жүрдү. Еврей экөө ата баладай ынак болуп кетишти. Өтүкчү Шаамирди эки жакка жумшап буту узарып калганына курсант. Шаамир да колу бошосо эле чалды көздөй шашат. Өтүкчүнүн үйүнө барып кечки тамакты ичип батирине кетүү адатка айланып баратты. Кемпири да ак көңүл, меймандос. Кээде өзүнчө калып чалды эстегенде, “Эмне булардын бала-чакасы жокпу?” деген суроого көп такалар эле. Бирок батынып сурай алчу эмес. Бир күнү экөө сүйлөшүп олтуруп, өтүкчү Шаамирге кайрылып:
— Эми балам, сен деле мендей тигип калдың… Буйруса, ушерди жакында сага таштап кетемин. Эптеп өлбөстүн күнүн өткөргөнгө жарайт, сага… – деп уурдана жылмайган. Чалдын “өлбөстүн күнү…” деген акыркы сөзү Шаамирди басынткансып териге түштү. Эптеп күн өткөрүп жүргөндүн бириндей көргөнүн жактырбады. Ал анын сөзүнүн төркүнүнө таң калгандай:
— Кайда кетесиз? – деди.
— Кемпирим экөөбүздүн документибиз даяр болуп калды. Жакында Израилге көчүп кетебиз. Балдар чакырып атат. Бардык мал-мүлктү саттык. Эми үйдү сатсак болду. Кетебиз, балам…
— Эмне бул жак жакпай калдыбы?
— Жо, кантип жакпай калсын?.. Өмүрдүн дээрлик бардыгы ушул жерде өттү. Иштерин иштедик. Топторун топтодук. Эми кетели. Ар бир адамдын ата журту болот тура, — деди өтүкчү оор дем ала. “Топторун топтодук, эми кетели” дегени Шамилге кызыктай угулду. Пайдасын көрүп, карабай кеткендей ойду кылт эттирди анын туюму. Ал унчукпай башын ийкеп олтурду.
Өтүкчүнүн “бир жумадан кийин кетебиз” деген сөзүн уккандан бери Шаамирди ой басты. Жөн эле кое бергиси келбестен ички бүдөмүк аракет жай алдырбады. Уйкусу качып, убайымы артты. Ал эртеси күнү өтүкчүнүн үйүнө кечки тамакка барганда, туалетке кирип, чөнтөгүнө сала барган пластилинге еврейдин үйүнүн ачкычынын үлгүсүн түшүрүп, билмексен боло үйүнө кайткан. Маалкатып жүргөндөн не пайда. Өзү колго түшүп турса. Шаамир планын ишке ашыруу керек экенин тана албады. Өтүкчү өзүнүн ден-соолугун кылдат карап, таптап тамак ичкендиги менен айрымаланчу. Байбичеси да абышкасынын айтканын жасап, дары-дармегин белендеп турар эле. Эгер тигүү үчүн материал, же өзүнө дары-дармек керек болуп калганда чал көбүнчө Шаамирди базарга жиберчү. Ошондуктан, бүгүн жумушка келгени анын көзүнө көрүнбөөгө аракет кылды. Мындай шартта абышка базарга аргасыз өзү жөнөр эле. Базар деген базар да. Анын кумары башкача. Бир саатта эле барып келе койчу жай эмес. Аны Шаамир жакшы билчү. Ал өтүкчүнү терезеден акмалап, күтүп олтурду. Чал улам дүкөндүн короосуна баш багып, Шаамирдин иштеп жатканын көрүп, жолтоо болбоюн деген таризде жолго чыкты. Көз кырын сала аңдыган баланы кайдан байкасын.
Шаамир дүкөндүн башчысына кирип:
— Эже, башка батирге көчүп аттым эле. Эки күнгө жооп бересизби? – деди зарыл иши бардай. Айтканын эки кылбаган балага башчысы жок демек беле. Ал дүкөндөн чыгып, түз эле өтүкчүнүн үйүнө жөнөдү. Алдынан тосуп чыккан өтүкчүнүн кемпирине:
— Аксакалдын жүрөгү кармап, тез жардам алып кетти. Сизди бачым келсин деди, — деп, айтар сөзүн таппай чебелектеген кемпирди шаштырып, бир эсе аны аягандай аяр эле. Кемпир сумкасын колтуктай, каалгасын ачкыч менен кулпулап, биринчи кабатка энтиге түшүп келатты. Мындай окуя биринчи жолу болбогондуктан абышкасын кайсыл бөлмөгө алып барышын жакшы билер эле. Шаамирди бар, жок экенин аңдабагандай, сыртка чыгып такси кармап, зуу койду.
Ал жасаткан ачкычы менен өтүкчүнүн үйүнө кирди. Мурда эле көзү түшүп жүргөн пилдин сөөгүнөн жасалган кутучадагы алтын, шуруларды кутусу менен сумкасына катты. Чалдын үйүнөн долларды өмүрүндө биринчи жолу көрүшү. Кат-кат болгон бели сына элек акчаларга апкаарый түштү. Шаамир үйдөгү кымбат баалуу эсептеген буюмдун батканын асынган сумкасына толтуруп, сервантта турган коньяктан эки стаканды удаа тартып жиберип, ачыркана үйдөн кетүүгө шашты…
Мындай көп акчаны, асыл заттарды өмүрүндө көрбөгөн Шаамир олжосун жайып олтуруп өзүнө өзү ишенбей турду. Кайда катат? Кантип түгөтөт? Айласын издеди. Азыр шаарда түп көтөрүлө издөө салып, дүрбөлөң түшкөнү бештен белгилүү эле. Ошондуктан, “куйругун жашырып” кулакка тынч жай деп, ушул капчыгайды пааналаган. Акчанын бир азыраак суммасын эжесине жөнөтмөк болду. Өзүнө жетерлик каражатты чөнтөгүнө катып, калган асыл затты, долларларды сумкасы менен кошо пакетке ороп, терең казып көмүп койду. Деги эле адамдан эсине кирбес жайга чоң ташты белги кылып, айдын жарыгында жолго чыкты…
Шаамир алыс кете алган жок. Шапар тээп, сайран кура албады. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тез эле кармалып, иши сотко ашып, үч жылга эркинен ажыратылды.
(уландысы бар)