Социалдык фонддун төрагасын кызматтан ким алды?
10.10.2021Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевдин кызматтан кеткендигин маалымат кызматы тастыктады. Буга чейин ЖМКлар Орозалиевди иштен саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алганын жазып чыгышкан болчу. Маалыматты тактоо үчүн министр менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Жаныбек Орозалиев Социалдык фонддун төрагалыгына 2021-жылдын май айында келген.
Булак: Bulut.kg