Соттолгон адамдан пара талап кылган деген шек менен ЖАМКнын кызматкери кармалды

Соттолгон адамдан пара талап кылган деген шек менен ЖАМКнын кызматкери кармалды

09.02.2022 Выкл. Автор bulut.kg

Бишкекте опузалап пара алуу фактысы боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү Жазаларды аткаруу кызматынын 47-ТМ улук ыкчам кызматкери, аскер бөлүгүнүн капитаны “О.И.К.” опузалап пара алууга шек саналып кармалган. Ал кызмат абалынан пайдаланып, 47-ТМ абагында жазасын өтөп жаткан соттолгон “А.А.Х.” аттуу жаранды коркутуп, акча талап кылганы аныкталган.

Белгиленгендей, шектүү 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгон адамды башка түзөтүү абагына котором, абактагылар өлтүрүп коюшу мүмкүн деп коркутуп, пара талап кылып турганы айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 343-беренесинин 1-бөлүгү «опузалап пара алуу» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.