Сооронбай Жээнбеков балдар кандай болуп чоңоюшу керектигин айтты

Сооронбай Жээнбеков балдар кандай болуп чоңоюшу керектигин айтты

01.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Бүгүн дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Президент балдар калктын аярлуу бөлүгү катары мамлекет тарабынан өзгөчө мамилеге муктаж экенин баса белгилеген.

Жээнбеков андан сырткары балдардын ар дайым асманы ачык, маанайы жарык болушуна тилектеш экенин билдирген.

«Акылдуу, чынчыл, адептүү, ата-энеңерге кайрымдуу, билимдүү жана мекенчил болуп чоңойгула!» — деди президент.

Кыргызстан 25 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюмунун баланын укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялаган.

Булак: sputnik.kg